Шайлоо эрежелери катаалданат

Президенттик шайлоо күнү 15-октябрга белгиленди Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO / Stringer
Image caption Президенттик шайлоо күнү 15-октябрга белгиленди

“Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр үчүнчү окууда парламентте колдоо тапты. Эми ага 15 күн ичинде президент кол койсо күчүнө кирет. Жарандык коом өкүлдөрү жана президенттикке айрым талапкерлер шайлоо тууралуу жаңы мыйзам ашкере катаалданганын белгилешип, аны кайра кайтаруу талаптарын коюушууда.

Талапкерлер бай-кедейге бөлүнүүдө

Жаңы толуктоолор боюнча президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулатылды. Президенттикке талапкерлердин бири, Кыргызстан демократиялык кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бул чара жарандардын Конституцияда бекитилген укуктарын чектейт деген пикирде:

“Конституцияда ар бир кыргыз жараны президенттикке шайлоого жана шайланууга акысы бар деп турат. 100 миң сом же 5 миллион сом күрөөгө төлөйсүн деген бул укукту чектейт. Мисалы, менде 1 миллион сом же 14 миң долларды таап, күрөөгө койгонго мүмкүнчүлүгүм жок”,- деди талапкер.

Сүрөттүн автордук укугу theopenasia.net
Image caption Турсунбек Акун президенттикке талапкерлердин бири

Турсунбек Акундун пикиринде бул демилге артында президенттикке дагы бир талапкер “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов турат.

“Бабанов өзүнүн депутаты Мирлан Жээнчороев аркылуу демилге көтөрүп атат, мыйзам долбоорунун автору ошол киши. Ал жигитке да мен эскерткем ошол боюнча, мындай ишке барганга болбойт деп. Ал жигит Кыргызстандагы бай адамдардын бири. Миллионду төлөп коюш ал үчүн кеп эмес. Бирок ал башка адамдардын да материалдык жагдайын карашы керек эле”,- деп кошумчалады Турсунбек Акун.

Президенттик шайлоо - саясий беделди баалоочу курал эмес

БШК төрага орун басары Абдыжапар Бекматов жаңы мыйзамга ичи толгондордун бири. Ал буга чейинки президенттик шайлоого талапкерлер оголе көп болуп, арасында шакаба ирээт талапкерлигин койгон куудулдар да болгонун эскертти.

“86-87 адам президентикке талапкерлигин койсо деле мандат бирөө. Потенциалдуу талапкерлер саны 10 чакты эле болот, калгандары жөн эле саясий беделимди байкап көрөйүн деп эле койгондор болушу мүмкүн. А бирок БШК, мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге бирдей шарт түзүү боюнча бир топ иш-чаралар каралган. Мисалы, шайлоо алдындагы үгут иштеринде бекер эфирдик убакыттар, мамлекеттик басылмалардан бекер орундар берилет. Ошонун баары каражат. Салык төлөөчүлөрдүн каражаты. Саясий кадырын баалап көргүсү келсе өз каражатынан болсун деп түшүнөм”,- деди Абдыжапар Бекматов.

"Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамы 31-майда парламентте үчүнчү окууда добуш берүүгө коюлуп, жыйындагы 115 депутаттын 109у аны колдоду.

Байкоочулар сотко даттана албай калат

Бул мыйзамга айрым талапкерлер эле эмес, жарандык коом өкүлдөрү да нааразы болушууда. Себеби жаңы эрежелерге ылайык көз карандысыз байкоочулар эми шайлоо комиссияларынын чечимдери үстүнөн сотко даттануу укугунан ажыраганы турат.

Байкоочуларды аккредитациялоо шарттары өзгөрүп, байкоолор жүргүзүү үчүн шайлоо комиссиясынын уруксааты керек болуп калды. Буга кошумча байкоочулар шайлоо участкасында алар үчүн берилген орундардан жылбай, эркин жүрүүсүнө чектөөлөр кирүүдө.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жаңы мыйзамга караманча каршы, эмнеге экени тууралуу буларга токтолду :

Image caption Төлөйкан Исмаилова шайлоо тууралуу мыйзамдагы байкоочулар тууралуу өзгөртүүлөргө каршы

“Жалпак тил менен айтканда, койлордун кулактарынан белгилеп, статист кылып коюп баланча кой жайлоого кетти, кайра короого кирди деген маселе болуп атат да. Баланча бейөкмөт уюмдардан келиптир деп көп деле киргизишип коюшу мүмкүн, бирок алар статисттер болот да. Жөн эле карап отуруп анан эчтекесиз кетип калган. Биз эми маңкурт эмеспиз да”,- деди укук коргоочу.

Президент шайлоо тууралуу өзгөртүүлөргө кол койсо парламенттик шайлоо босогосу да 7%дан 9% көтөрүлөт.

Эске салсак 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо босого чек 5%, ал эми соңку 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо 7% болгон.

Жаңы мыйзамга ылайык президентти шайлоо күнү 15-октябрга белгиленди.