К. Узакбев: Жаш балдарга дары-дармек туура эмес берилип жатат

К. Узакбаев: Өзгөчө балдар дарыгерлеринин жетишсиздиги өтө орчундуу.
Image caption К. Узакбаев: Өзгөчө балдар дарыгерлеринин жетишсиздиги өтө орчундуу.

Кыргызстанда балдарды коргоо күнүндө президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунда жаткан балдарды көргөнү барып, балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Өлкөдө балдар дарыгерлеринин жетишсиздиги олуттуу көйгөй экенин адистер да ырастайт. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтканына караганда, өлкө боюнча 200 чамалуу педиатр жетишсиз. Би-Би-Си аталган борбордун директорунан өзгөчө кайсы багыттагы дарыгерлер өтө зарыл болуп жатканын сурады.

К. Узакбаев: Өзгөчө балдар доктурларынын жетишсиздиги өтө орчундуу. Балдар ревматологдору, неонатологдору, жалпы эле балдар доктурлары кээ бир региондордо абдан жетишсиз. Чынында кыздарыбыз келечекте болочок энелер да. Алардын кээ бир көйгөйлүү маселелерин чечип берип, текшергенге балдар гинекологу керек. Бүгүнкү күндө ар бир эле оорукананын штатында мындай штат да, адис да жок. Ошону даярдоо маселеси дагы абдан курч көйгөйдүн бири.

Би-Би-Си: Бүгүнкү күндө бул багытта жылына канча студент окууну аяктап, алардын канчасы ишин улантып жатат?

К. Узакбаев: Биздин эсеп боюнча учурда Кыргызстанда эки жүздөй педиатр жетишсиз. Бир убакта ошол учурдагы жетекчи реформа кылам дегенинен балдарды дарылоочу педиатриялык факультеттер кеминде төрт-беш жылга жабылып калган. Кийин кайра ачылып, азыр жетимишке чейин бүтүрүүчүлөрдү даярдап жатат. Былтыр алтымышка жакын студент окуп бүттү. Бул абдан эле аз. Союз учурунда үч жүз элүү болчу. Азыр калктын санын андан бир топ эле өскөнүн эске алып таразаласак түшүнүктүү болот.

Бирок, тилекке каршы жаш адистердин социалдык маселелери чечилбей алардын көбү региондорго баргандан баш тартышып, айлык төмөндүгүнөн башка кесипке өтүп кеткендери, чет жерге кетип калгандары бар. Европада врач деген диплом алгандан кийин, балдар дарыгери болуш үчүн дагы төрт жыл кошумча окуш керек. Аларда ушундай эреже. Бул дүйнөдөгү эӊ жакшы система деп белгиленип келет. Бирок бизде кадрлар жетишсиз учурда мындай система өзүн актабайт. Балдар бүгүн балдар дарыгерине муктаж.

Image caption Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев

Би-Би-Си: Соңку бир жылда тажрыйба алмашуу үчүн кайсы мамлекеттерден, канча адисти окутуп алып келгенге мүмкүнчүлүк таптыӊыздар?

К. Узакбаев: Балдарга болгон медициналык жардамды жакшыртуу үчүн, балдарды дарылап жаткан врачтардын илимий деӊгээлин көтөрүү керек. Бул жагынан мамлекеттик деӊгээлде эч кандай гранттык каражат бөлүнбөйт. Биз өзүбүздүн аракет менен Германия, Турцияга жиберебиз. Ушул айдын бештеринде Түштүк Кореядан врачтар келгени жатышат. Ошолор менен келишим түзүп алардын врачтары бизге мастер-класстарды өткөрүп, чогуу операцияларды жасайбыз. Өткөн айда эле Кувейттен чоӊ бригада келген. Бир жума иштешти. Биз алардын көп жакшы жактарын үйрөнүп калдык. Бир жылдын ичинде биздин борбордон алып көрсөк ондон ашык врачтар кыска убакытка барып окуп келишет. Ал да ошол мамлекеттердин гранттары менен ишке ашат.

Би-Би-Си: Бишкекте калктын саны улам көбөйүп жатат. Орто эсеп менен алсак, бир дарыгерге канча бала туура келип жатат?

К. Узакбаев: Үй-бүлөлүк дарыгерлерге, бир группада үч миӊдин тегерегиндеги жаран каралышы керек. Жалпы эле элибиздин структурасын карап көрсөк, 33 пайызы балдар болуп эсептелет. Ошондо кайрыла турган 3000 адамды алсак, анын миңге жакыны балдар болгондуктан бир педиатр болушу керек. Бирок бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк дарыгерлер өзүнчө, баласын дагы, атасын дагы, чоӊ апасын дагы, бир тууганын дагы карап иштешет. Жыйынтыктап айтканда Бишкек боюнча нормативдерге карасак, бир педиатрга үч эсе көп балдар туура келип жатат. Көп болгондон кийин жетишүү кыйын, анан кызмат көрсөтүүнүн да сапаты начарлайт.

Сүрөттүн автордук укугу Rianovosti
Image caption К. Узакбаев: Кээ бир учурларда айрым дарылардын дозасын таблетканы төрткө бөлүп, төрттөн бирин бер, үчтөн бирин бер деп айтышат. Бул тура эмес.

Би-Би-Си: Балдарга берилүүчү дары-дармектин сапаты дагы кээде маселелер жаратып жатканы байкалат. Мындай учурлар сиздерге да тааныш болсо керек?

К. Узакбаев: Чынында маселе абдан орчундуу. Дары-дармек мекемеси буга өзгөчө көӊүл бурушу керек. Кыргызстанга келген дарыларды балдар иче тургандай дозасы менен алынып келишин көзөмөлгө алыш керек. Кээ бир учурларда айрым дарылардын дозасын таблетканы төрткө бөлүп, төрттөн бирин бер, үчтөн бирин бер деп айтышат. Бул туура эмес. Бөлүнгөн дарынын кайсы жагында активдүү заты көп болот, бул белгисиз. Бул баланын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Мисалы Орусияны эле алалы, дарылардын балдарга деген дозасы сөзсүз чыгарылат. Аны биздегидей өз алдынча болжоп бөлбөйт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар