Кыргызстанда балдардын саламаттыгы кандай?

Кыргызстанда балдардын саламаттыгы кандай?
Image caption Кыргызстанда балдардын саламаттыгы кандай?

Балдарды коргоонун эл аралык күнү быйыл дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда 67-ирет белгиленүүдө. Кыргызстанда балдар арасында оорулар жана ымыркайлардын өлүмү жогору болуп жатканына карабастан, бул тармакка адистер жетишпей, жакшы көңүл бурулбай жатат деп нааразы болгондор көп.

Кыргызстанда бүгүн көптөгөн балдар майрам шаңы менен турганда, Сымбат 9 жаштагы сиңдиси экөө эртеден бери оорукана бөлмөлөрүн каккылап, доктурлар кабыл алып калса экен деп зарыгып жүргөнүн айтат:

"Сиңдимдин кулагы ооруйт, тарсылдагы жарылып калганбы билбейбиз, бирөөсү такыр укпайт. Алгач өзүбүз жашаган айылдагы ФАПка бардык, алар жардам бере албагандан кийин шаарга келүүгө аргасыз болдук. Бул жакта да кезек көп, эртеден бери ары-бери чуркап жүрөбүз".

9 жаштагы Нускайымдын жанында башка дагы жакындарын ээрчип кезек күтүп турган балдардын катары калың. Алар ооруканага түрдүү дарттар менен келет.

Image caption Байытылган ун балдар арасындагы көп дарттын алдын алат

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда балдар арасындагы оорулардын эң жогорку тепкичинде аз кандуулук, андан кийин психикалык-неврологиялык оорулар турат. Жыл сайын балдардын тубаса кемтик дарттары да өсүп жатат. Маселен, жылына 158 минден ашык бала жарык дүйнөгө келсе, анын үч миңден ашыгы тубаса кемтик менен төрөлүүдө. Баланын тубаса кемтигинин кесепетинин эң коркунучтуусу өлүм болсо, экинчиси майып балдардын көбөйүшү, анан албетте ата-энеге түшкөн түйшүк, мамлекетке келген экономикалык чыгым өңдүү жыйынтыктары турат дейт Эне жана баланы коргоо борборунун невролог дарыгери Жазгүл Абдраимова:

"Балдарга байланашытуу оорулардын дээрлик басымдуусу эненин кош бойлуу учурунда пайда болот. Көпчүлүк апалар түйүлдүктү көтөрүп жүргөндө өзү билип-билбей начар жүрүп, ооруканага текшерилбейт. Анан албетте бала түздөн-түз көз каранды болуп, бир жери кем же ашыкча болуп төрөлөт. Тез баспай, кеч сүйлөп же убагында отурбай калып келгендердин саны аябай көп, баары ушунан башталат. Же энелерин уруша албайсың, айла жок колдон келген жардамды кылабыз".

Байкоочулардын айтымында, соңку 10-20 жыл ичинде балдарга байланышкан өтө көп көйгөйлөр келип чыкты. Атап айтканда, азыр Кыргызстанда балдар үчүн мамлекеттик санаторий же эс алуу лагерлери калган жок. Мектептерде балдар дарыгерлери толук кандуу иштебейт, айылдарда болсо доктурлар жетишсиз. Өз адистиги болбосо дагы бардык ооруларга жооп бергендер көп. Андыктан айрыкча аймактарда балдардын саламаттыгы терең изилденбей калды деп кошумчалоодо Абдраимова:

"Мен өзүм Нарында эки жыл иштеп келдим, көйгөйдү ичинен билем десем болот. Доктурлар жетишсиз. Бул алардын айылга барууну каалабагандыгынан эмес, ал жакта шарттын жоктугунан көз каранды. Техникалык жабдыктар дээрлик аз, эски. Айла жоктон шаарга жибересиң. Биздин группада окуган студенттердин көбү таң кала беришет, же аябай патриотсуң же башка жактан кирешең көп деп. Алар өз адистиги менен иштебей калды, иштесе да чет өлкөдө".

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда 100ге жакын балдар дарыгери өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында жетишпейт. Медициналык академиядан жылына 100дүн тегерегинде гана педиатр даярдалууда. Алардын көпчүлүгү бүтсө дагы бул тармакта иштебей калган учурлары арбын. Андыктан балдардын саламаттыгына маани берилип, балдар дарыгерлерин даярдоо жана бул адистикке бюджеттик билим берүүдөн көп орун бөлүү маселеси курч бойдон турат.