Текебаевдин соту башталганы турат

Өмүрбек Текебаев ага козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Өмүрбек Текебаев ага козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептейт

Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаевдин соту башталууда. Буга чейин анын жактоочулары тергөө материалдары менен таанышып бүтө элекпиз деп Башкы прокуратурага кайрылган менен сот жыйыны дүйшөмбүгө коюлду.

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин соту дүйшөмбү болот.

Шектүү тарап тергөө материалы менен тааныша элегин айтууда

Жактоочусу Чынара Жакупбекованын айтымында, Текебаев жети томдон турган тергөө материалы менен таанышып бүтө элек. Тергөө 25-апрелде бүтүп, 13-майга чейин таанышуу убактысы берилген.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко арызданышкан.

Тергөө аяктаганда материал менен таанышууга берилген17 күн жетишсиз экенин жүйө келтирип, адвокаты Башкы прокуратурага кайрылган.

“Ага жооп болгон жок, жооп бербей эле ишти сотко өткөрүп салды. Өмүрбек Чиркешович өзү дагы убакыт сурайт го. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча да арыз менен кайрылабыз”, - деди Би-Би-Сиге Жакупбекова.

Тергөө шектүү тарап сотту атайын жылдырууда дейт

Сүрөттүн автордук укугу Carsten Koall/Getty Images)
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мурда жасаган иштери калкып чыгат деди ири иш чараларда

Ал эми ишти тергеген Улуттук коопсуздукту коргоо комитети шектүү тарап убакытты атайын созуу аракетин көрүп жатканын айтып, сотко өткөргөнүн билдирген.

Партиялаштары Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин аны президенттикке талапкер деп жарыялаган.

Бийликчил басылмалар сотту эптеп 15-июндан кийинкиге калтырып, Текебаевди президенттикке талапкер катары расмий каттатып алууну көздөшкөнүн жазууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Абдыжапар Бекматов соттун айыптоочу өкүмү болбосо шектүү каттала аларын айтты:

“Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде гана жарандардын активдүү жана пассивдүү шайлоого болгон укуктары чектелет. Калган убакта мыйзамда каралган эмес”.

Текебаевди камакка алуунун мотиви

Өткөн жылдын августунан тарта президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин бирин бирин айыптоолорунан кийин Текебаевдин камалуу себеби ар кандай жоромолдонуп жатты.

Азыр эсперттердин дээрлик баары анын саясий мотиви бар дегенге келишти. Муну Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов да Би-Би-Сиге билдирген.

Image caption Изилдөөчү Шаирбек Жураев сот иштерин божомолдоо жеңил эмес дейт

“Атамбаев башында турган режим бардык оппоненттерине өлкөдөгү кырдаалды толугу менен көзөмөлдөп тургандыгын көрсөтүү жана оппозициячы катары чыгып жаткан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жок кылуу аракетинде. Жети жыл мурда болгон кылмыш окуянын эми ачылганы түкшүмөл ой жаратат. Текебаевдин Путин келер алдында камалышы Атамбаев өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп жатканын жана ал колдогон президенттикке талапкердин колдоо алуу шансы жогору экенин, Орусия да ошону колдосо деген каалоосу бар экени тууралуу ойго түртөт”, - деген эле Би-Би-Сиге Аркадий Дубнов Текебаев камалгандан кийин.

Жылдын эң орчундуу саясий окуясы президенттик шайлоо болгондуктан Текебаевдин камалышын буга байланыштырбай коюу мүмкүн эмес деген аналитиктердин бири, Лондондо эл аралык мамилелерди окуган Шаирбек Жураев.

Ал президент Текебаевдин шайлоодо көп добуш алышынан корккон жок дейт. Ушундай эле пикирди Дубнов жана жергиликтүү бир катар эскперттер да айтып келет.

“Текебаевдин ар кандай саясатчылар тууралуу маалыматы бар. Камалардан эк-үч ай мурда президенттин жана башка көп кишилердин чуулуу иштерин чыгара баштады. Жооп катары анын иштерин да чубашты. Демек бул киши маалыматы көп, сөзү өткүр. Саясий абалга, коомдук кырдаалга таасир эте алышы мүмкүн эле”, - деди Би-Би-Сиге Жураев.

Президент Алмазбек Атамбаев 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен берген маалымат жыйынында Текебаев саясий мотив менен эмес, чыныгы коррупция үчүн камалды деген.

“Бул анык эле көз боёмочулук жана коррупция. Орусиянын эки гана жараны айтса мейли эле, биринчиден алар дагы көбөйөт, анткени күбөлөр көп болгон. Экинчиден бул окуя боюнча үч жылдан бери ошол эле партиядан мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов айтып келатат. Андан сырткары ансыз да мунун баары калкып чыгат. Кийинки президенттин буга эрки жетеби билбейм, бирок менин тушумда бул аягына чыгарылат”., - деген сөзүндө Атамбаев президенттик мөөнөтүндө гана эмес, кийин да саясатта калам деп, аягына чейин көзөмөл кыларын кыйытты.

Кырдаал кайда баратат?

Аналитиктер алыскы келечекте кандай болорун божомолдой албаса да, президенттик шайлоого чейин Текебаев бошотулат же бошотулбайт деген суроого токтолушууда.

БУУнун Афганстандагы атайын саясий миссиясынын мурдагы директору, президенттикке ыктымал талапкер катары аты чыгып жаткан Таалатбек Масадыков чет жердик басылмалардын бирине берген комментарийинде Атамбаев менен Текебаев келишип, депутат шайлоо алдында камактан чыгышы мүмкүн экенин айткан.

Image caption Саясат таануучу Марс Сариев

Саясат таануучу Марс Сариев да Кыргызстандагы тажрыйбаларды эске алганда, Текебаев добуш топтоп берүү шарты менен коё берилиши мүмкүн эле, бирок акыркы мамилелерден караганда мунун ыктымалдыгы аз дейт.

“Текебаев боюнча парадокстуу бир сценарийди айтсак болот. Ал “Ак үй” менен тил табышып, балким протесттик добуштарды топтоп берер, бирок бул экзотикалык вариант. Бирок Текебаевдин абалы начар эле. Аны азыр чыгарса, каршы добуштарды алып кетет”, - деди Сариев.

Мисалы, Жураев депутаттын бошотулуп бошотулбашын айтыш кыйын дейт:

"Коюлган айып өтө чоң. Эгер ал айыбы жок деп табылып калса, башка чоң суроолорду туудурат. Башкы прокуратуранын курал экенин 25 жылдан бери көрүп жүрөбүз, бирок коррупцияга каршы күрөш, реформа деген сөздөрдөн кийин кайра эле эски кейпине түшкөнүн мойнуна алган болуп калат. Текебаевди камакка алуу, баш коргоо чарасы чоң маселе болуп калды. Айыбы жок болуп чыкса, биз башка суроолорго жооп табышыбыз керек болот”.

Өмүрбек Текебаевге көз боёмочулук жана коррупция беренелери менен иш козголуп, 26-февралда камакка алынган.

Улуттук коопсуздукту коргоо комитети орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча Текебаевди 2010-жылы бир миллион доллар пара алууга шектеген. Комитеттин билдиришинче, Текебаев пара алып, Маевскийге “Мегаком” компаниясынан үлүш алып берүүнү убада кылган.

Өмүрбек Текебаев жана анын тарапташтары бул ишти саясий куугунтук деп эсептешет.