Чоң-Алайда кайрадан жер титирөө катталды

турак-жай
Image caption Бул чөлкөмдө 3-майдан тарта үч күн боюу тынбай жер титирөө катталган эле. Жер титирөөдөн Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагындагы үч айылда cегиз турак-жай кыйрап, 529 үй авариялык абалга келип, жашоого болбойт деп табылган.

Оштун Чоң-Алай районунда кайрадан жер титирөө катталды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө үч ирет катары менен болуп, очогунда 3 баллга чейин жеткенинин кабарлады.

4-июнь күнү саат 21:41 де, 5-июнда саат 00:35те болуп, кайра эле он минутадан кийин дагы жер титиреген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө очогу коңшулаш Тажикстанда катталып, чек арадагы айылдарга 2-3 баллага чейин сезилгенин айтты. Кыйроолор болгон эмес.

Бул чөлкөмдө 3-майдан тарта үч күн боюу тынбай жер титирөө катталган эле. Жер титирөөдөн Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагындагы үч айылда ураган турак-жайлар көп болду. Сегиз турак-жай кыйрап, 529 үй авариялык абалга келип, жашоого болбойт деп табылган.

Image caption Зилзалага кабылган аймакта турак-үйлөрдүн дээрлик 90 пайыздан ашууну камсыздандырылган эмес.

Андан сырткары мектеп жана оорукана имараттары колдонууга жараксыз болуп калган. Аймакка барган өкмөт өкүлдөрү керектүү жардамдарды убадалаганы менен жаңы мыйзамга ылайык үй салуу үчүн мамлекет тарабынан берилчү ссуда турак-үйүн камсыздандырган жарандарга гана бериле турганын эскерткени бар. Бирок өкмөт тынымсыз жардамдарды алып барып, аларга жардам көрсөтүү үчүн атайын банк эсебин дагы ачкан.

Зилзалага кабылган аймакта турак-үйлөрдүн дээрлик 90 пайыздан ашууну камсыздандырылган эмес. Кышкы сегиз айга созулган, шарты катаал аймактын тургундары өкмөттүк жардамдарсыз үйлөрдү кайра тикелөө кыйын болорун айтып, жардам сурашкан.

Окумуштуулар бул аймак сейсмикалык активдүүлүк жогору аймактардын бири экенин белгилеп жүрөт. Анткени Памир жана Тянь-Шань тоо кыркаларында ар ар дайым тектоникалык чыңалуу болот. (AbA)

Тектеш темалар