Алты жашар кызга 66 жаштагы карыя кол салганбы?

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 66 жаштагы А.Ж. аттуу жаранды алты жашар кызга сексуалдык зордук көрсөттү деп тапты
Image caption Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 66 жаштагы А.Ж. аттуу жаранды алты жашар кызга сексуалдык зордук көрсөттү деп тапты

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 66 жаштагы А.Ж. аттуу жаранды алты жашар кызга сексуалдык зордук көрсөттү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Бул өкүм менен 11 айга созулган тергөө сот процесси жыйынтыкталды. Бирок алдыда жогорку инстанциядагы соттук териштирүүлөр күтүүлүүдө.

Жаңы конушта болгон зомбулук

Биринчи инстанциядагы соттун 16-майдагы чечими менен айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына кошумча 200 миң сом моралдык зыян үчүн өндүрүлдү.

Төбө чачты тик тургузган бул окуя 2016-жылы 4-июнда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде орун алган. Үч баласын жалгыз тарбиялап келген эне жумушка кетип үйдө калган алты жашар кызы кошунасы тарабынан сексуалдык зомбукка кабылганы айтылууда. Мектеп жашындагы кыздын агасы арачылыкка түшүп, мас адамдан карындашын сактап калганга аракетин кылган. Үйүнө келери менен окуяны аңдаган апа тийиштүү кызматтарга кабар жолдогон.

“Дароо эле тез жардамды чакырдык. Участкалык милицияны да чакырдык. Милиция ал кишини үйгө ээрчитип келип балама кайрылып “силерди урган ушул кишиби” деп сурады. Кызым бетин жабып “ооба, ооба, ушул киши болчу” деди. Анан ал киши милиция ошол жерден эле алып кетти, а биз болсо ооруканага жөнөдүк”, - деп эскерди атын атагысы келбеген эне.

Айтымында бул окуядан кийин кызы №3 ооруканада даарыланганга туура келди.

Жабырлануучу тарапка болгон басымдар

Image caption Кубатбек Кожоналиев: Кылмыш ишин козготуу көп убакытты алды

Жалгыз бой энеге бул окуя жаап-жаашыруу боюнча карыянын балдарынан басымдар да болгон.

“Ал кишинин баласы келип “кошуна турабыз каршы арыз жазып берип кой, сага үй берели, жашап аткан үйүмдү бошотуп берейин же агамдын береги көчөдөгү үйүн ал” деп көп варианттарды сунуштап жатышты. Акчанын да үйдүн да кереги жок экендигин, сот кандай чечсе ошол жазасын алсын дедим”,- деди ал.

Жабырлануучу тараптын таламын талашкан жактоочу Кубатбек Кожоналиев дээрлик бир жылга созулган соттук териштирүүлөрдө жеңишке жетишиш оңойго тургабаганын белгиледи. Башында шектүү адамга такыр эле башка айыптар коюлган.

“Шектелген адамды негедир ал жасады деген кылмыш үчүн эмес, арак ичип койгон деп камап коюшкан. Анан мен изилдеп, баарын иликтей баштадым. №3 ооруканадан справкасын да оңой менне беришпейт. Иш козголбогон үчүн Башпрокуратурага кайрылганга туура келди. Анан оошол прокуратура текшергиле дегенден кийин биздин административдик дөңгөлөк акырындан кыймылдай баштады”,- деди Кубатбек Кожоналиев.

Балдарга карата зомбулук элетте көп катталат

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын белгилешинче, зордук-зомбулукка өлкөдө көбүнчө айыл жеринде жаш балдар тартылат.

Сүрөттүн автордук укугу vbkg
Image caption Назгүл Турдубекова: Балдарга карата зордуктоо фактылары элетте көп катталат

“Биздин уюмга бир айда эки-үч жаш балдардын ата-энелери же туугандары кайрылышат. Мындай окуялар өзгөчө айыл жерлеринде көп катталат. Аларды анализдеп келгенде ата-энеси мигрант болуп башка мамлекеттерге кеткендердин балдарында болот. Алардын көбү балдарын туугандарыныкына, кошуналарыныкына таштап балдар ушундай окуяларга учурайт”, - деди Назгүл Турдубекова.

Башпрокуратуранын билдирүүсүндө Кыргызстанда 2016-жылы балдарды зордуктоо фактысы боюнча 40тан ашуун кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу аз экенин, бирок кылмыштын саны зордуктоолор азайганынан эмес, тараптар өз ара келишип алып жатканына байланыштуу кыскарганын белгилейт.