Таш бараң же ур токмок чакырыгы кайдан чыкты?

Бүгүн эле жүздөгөн адамдар бөлүшүп, кызуу талкуулап жаткан видеодогу окуя ушул жылдын үчүнчү апрелинде Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринде болгон.
Image caption Бүгүн эле жүздөгөн адамдар бөлүшүп, кызуу талкуулап жаткан видеодогу окуя ушул жылдын үчүнчү апрелинде Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринде болгон.

Соңку үч күндөн бери интернетке эки видеотасма жарыяланып, кызуу талкууларды жаратууда. Эки тасмада тең педофил деп шектелген адамды жергиликтүү тургундар өздөрү жазалоо чакырыктары айтылган.

Коомчулукту дүрбөткөн мындай окуяларда сотсуз жазалоонун маал-маалы менен айтылып калышына эмне себеп?

Тасмада көрсөтүлгөндөй жергиликтүү тургундар талоонго алып жаткан адам колдору артына байланып, көпчүлүктүн ортосунда олтурат.

Ал кичинекей кызды коркутуп, зордуктоого аракет кылганын айткан тургундар, бул окуяга чейин да мындай ишке шектелип кармалган адамды милиция кайра коё берип жибергенине нааразы экенин көрүүгө болот.

Image caption Мындай жазалоолор башка өлкөлөрдө да кездешет. Ушул сыяктуу иштер тишелүү органдарга өтө олуттуу коңгуроо болушу керек. Бизде болсо көп нерселер айтылганы менен иш жүзүндө андай болбой жатпайбы",- дейт Кыргызстандын мурдагы Баш прокурору Кубатбек Байболов.

Бүгүн эле жүздөгөн адамдар бөлүшүп, кызуу талкуулап жаткан видеодогу окуя ушул жылдын үчүнчү апрелинде Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринде болгон. Муну Чүй облусттук милициясы да Би-Би-Сиге ырастады.

"Сокулуктагы милиция бөлүмүнө ушундай кабар түшкөндөн кийин ал жерге милиция кызматкерлери барышкан. Анда жергиликтүү эл шектүү адамды колун байлап коюшкан экен. Ал адамдын жанында бычагы да бар экенин айтышкан. Кармалган отуз үч жаштагы адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары соңуна чыкты. 2-июнда бул иш сотко өттү. Ал киши кылгандарын өзү тастыктаган. Ал ошол учурда алкогол ичкендиги да аныкталган",- дейт аталган милиция бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Нурбек Токтосунов.

Видеодо кыжырданаган адамдардын шектүүнү өз алдынча жазалоо чакырыктары интернеттеги талкууну ого бетер күчөтүп жатканын да байкоого болот.

Учурда бул видеону байма-бай бөлүшүп, ар кандай пикирлерди жазып жатышат. Алардын бири бул көрүнүш Кавказ өлкөлөрүндө болсо шектүү элдин колунан соо калбайт болчу десе, экинчиси, мындайларды бычып салуу жарашат дейт. Дагы бири мындайларга мыйзам чараларын күчөтүп, таш бараң же башка аракеттерден оолак болуу керек деп жатышат.

Айрымдар укук коргоо органдарына ишеним артпастан көпчүлүк өзү жазаласын дегенди кубаттаап, атайын кызматтар бул боюнча шалаакылык кылып жатат деп айыпташууда.

Ошол эле учурда бул аргасыздыктан келип чыккан көрүнүш дегендер да жок эмес.

"Эгерде мамлекетте көз көрүнө жасалып жаткан кылмыш, кыянатчылыкка мамлекттик органдар чара колдонбой койсо, аргасыздан эл арасында соту жок жазалоо деген феномен пайда болот. Маселен менин жетекчилигим астында иштелип чыккан Кылмыш кодексинде өлүм жазасы үч эле беренеде калтырылган. Кийин өлүм жазасы алынгандан кийин мына ушундай жазасыз, чарасыз калган иштерден кийин соту жок жазалоо деген талаптар пайда болуп жатпайбы. Мындан бир нече эле жыл мурун зордуктоо үчүн зөөкүр делген кишини Таласта таш бараңга алып өлтүргөндөрү элдин эсинде. Мындай жазалоолор башка өлкөлөрдө да кездешет. Ушул сыяктуу иштер тишелүү органдарга өтө олуттуу коңгуроо болушу керек. Бизде болсо көп нерселер айтылганы менен иш жүзүндө андай болбой жатпайбы",- дейт Кыргызстандын мурдагы Баш прокурору Кубатбек Байболов.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча адамдарды өз алдынча соттого жана өлүм жазасына жол берилбейт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар