Добуш соодалоо ооздукталабы же оожалабы?

шайлоо

Кыргызстанда шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Айрым эксперттер шайлоо фонддорунун көбөйтүлүшүн, ансыз да добуш сатып алуу көйгөйү курч болуп жатканда аны андан бетер оожалтпайбы деп кооптонуп жатышат.

Көптөгөн өзгөртүүлөрдүн ичинде «шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү президенттик кызмат орунга талапкерлер үчүн 100 000 сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн». Андан сырткары президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусунун өлчөмү дагы көбөйтүлдү.

«Эсептик көрсөткүчтөн 15000 эсе ашпай турган талапкердин өздүк каражаттары 150 000 эсеге чейин көбөйтүлдү. Саясий партия талапкерге бере турган жана эсептик көрсөткүчтөн 50000 эсе ашпай турган каражаттар 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт. Ар бири эсептик көрсөткүчтөн 50 эсе ашпай турган жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт. Ар бири эсептик көрсөткүчтөн 5000 эсе ашпай турган юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрү 500 000 эсеге чейин көбөйтүлөт. Ошол эле учурда шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен талапкердин сарптоолорунун эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эсе ашпай турган чектик суммасы алып салынды»,-деп айтылат атайын жарыяланган маалыматта.

Аталган оңдоолор 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет деп көрсөтүлдү. Айрым эксперттер шайлоо фонддорунун көбөйтүлүшүн, ансыз да добуш сатып алуу көйгөйү курч болуп жатканда аны андан бетер оожалтпайбы деп кооптонуп жатышат.

Ишеним ыдырагандагы амал

Өткөн парламенттик шайлоолор көрсөткөндөй шайлоочулар арасында добуштарын саткан көрүнүштөр кеңири жүргөн. Ал тургай кайсыл саясый күчтөр канча акча берери дагы базардагыдай эле соодага түшкөнү бар. Эксперттер Кыргызстан шайлоолорду жаңы технология менен өткөрүп баштаганы, добуш бурмалоо, кайталап добуш бердирүү сыяктуу бир топ мыйзам бузууларга бөгөт коюлуп, ал болсо добуш сатып алууну жаратты деп айтышкан.

«Бул өзүнчө жараян. Мен добушумду сатам деп чечимге келүү өтө терс фактор. Добуш сатып алганда ага бир канча каражат сарпталып жатат. Ошол сарпталган акчаны саясый партия болобу же президенттикке аттанган талапкер болобу кайра кайтарып алуу аракетин көрөт. Айталы, кийин бийликке келип калса бизге түшүнүктүү болуп калган коррупциялык схемаларды иштетиши мүмкүн. Ѳзүнүн капчыгын баланска келтирип алгандан кийин гана мамлекет жана коомдук кызыкчылыктар тууралуу ойлонушу мүмкүн. Бирок ага чейин эле мөөнөтү бүтүп, ушундай айлампадан чыга албай калышыбыз да турган кеп. Ошондуктан эл дагы муну түшүнүп, баа берип добушун сатпашы керек»,-дейт саясат таануучу Чынара Эсенгул.

Маселени шайлоочулар менен шайлануучулар ортосундагы ишенимдин ыдыраганынан көргөндөр да арбын. Саясый күчтөрдүн дараметине ишенбеген айрым карпайым шайлоочулар утурумдук кызыкчылыктары үчүн добушун сатууга даяр дейт журналист Жылдыз Бекбаева. Ал өткөн шайлоолордун алдында "Добушуңду сатпа" деген акцияларды өткөргөн.

"Бүгүн бергенин ала берели, эртең буларды кайдан тапмак элек деген түшүнүк менен добушун саткандар көбөйдү. Кандай партия болсо деле алардын ураанына ишенбеген көз караштар үстөмдүк кылат",-дейт Бекбаева.

"Шайлоочуларда күнөө жок"

Президенттик, парламенттик шайлоолор беш-алты жыл алдыдагы өлкөнүн негизги багыттарын аныктан өтө маанилүү өнөктүк. Демек, бул жерде идеялардын, демилге, платформалардын жарышы жүрөт. Бирок иш жүзүндө андайга али жете албай жатабыз-деди жарандык активист, "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылынын аткаруучу директору Рита Карасартова.

"Эл деле болбой калды, сатылат экен деп жаман көрүшөт. Келгиле, суроону өзүбүздөн баштайлы. Эмнеге эл чын жүрөгүнөн ишенген добушун эмес, бир кап ун болсо деле алып калайын деп акчага баалап жатат? Анткени, "мына бул партия бул пландын артынан иштеп жатыптыр, булар болсо бул демилгени ишке ашырат экен" деген пикир жок. Эгер ушунун үстүнөн жакшы иштесек, элдин пикири да бурулат. "Булар бул демилгени ишке ашырат экен, ушуларга добуш берейин" деген элде ишеним пайда болот. Эгерде коомдо кандайдыр бир туура эмес нерселер болуп жатса, ага биринчи кезекте коомдук ишмерлер, саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер күнөлүү болот",-деди Карасартова.

"Биз али дагы узак жолду жүрүшүбүз керек болуп жатат. Добуш берген шайлоочулардын дагы, добуш сатып алып жаткан партиялардын, лидерлердин, баарыбыздын саясый маданиятыбыз төмөнүрөөк болуп жатат. Добуш сатып алуу эки тарапка тең пайдалуу болуп калгандай таасир калтырат. Бирок түбүнөн карап келгенде, мындай көрүнүш өнүгүүгө чоң тоскоолдук жараткан жараян. Алалы, шайлоо учурунда жолду оңдоп салуу, мектепке жардам берүү, айылга көмөк көрсөтүү деген бул кыска ойлонуп, белгилүү бир чакан аймакка гана пайдасы тийе турган эле долбоор болуп калууда. Жалпы улуттук форматта карап келсек, шайлоолор бүт мамлекетке, коомго тиешелүү. Аны ушундай кыска түшүнүктөр менен кабыл алуу таптакыр туура эмес. Муну эл дагы, лидерлер дагы али аңдап түшүнө элек",-дейт саясат таануучу Чынара Эсенгул.

Эксперттер, саясый партиялардын же лидерлердин шайлоо программаларына караганда капчыгына ыктап добуш бергендер көп деген пикирде. Программалардын баары окшош жана негизинен партия тизмесиндеги талапкерлердин жеке кадыры менен добуш алууга умтулуу күч. Идеологиялык жактан партиялардын карманган кызыкчылыктары көп деле айырмаланбайт. Ошондуктан бул жерде шайлоочулар астейдил талдоого алып, айырмалай турган деле партиялардын сунуш, демилгелерин табуу кыйын.

Каржыга байланган шайлоолор

Барган сайын шайлоо өнөктүктөрү чоң каржы маселесине байланып баратат,-дейт саясат таануучу Расул Авазбек уулу. Айталы, добуш сатып алгандарды жана саткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Демек бул жерде сөзсүз кызыкчылык бар деди серепчи.

«Өткөн жылы шайлоочулардын добушун саткандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деген демилге менен чыгышкан. Аны дагы ачык эле колдобой коюшту. Айрыкча шайлоолордун алдында бул колдоо тапкан жок. Демек кызыкчылык кайсыл тарапта экенин болжоого болот. Бул деген учурдагы саясатчылардын дагы аң-сезиминин трансформацияланып кеткенин түшүндүрөт. Каржы менен бардыгын чечебиз дегенди түшүнсө болот. Бүгүн акча менен бийликке жетип, эртең аң-сезимди, системаны оңдойбуз дегени чоң жаңылыштык болор эле", -деди Расул Авазбек уулу.

Бул жолу президенттик жарышка кимдер баарары болжолдуу түрдө белгилүү деле болуп калды. Албетте, капчыгы жукалар талапкер боло албасы, болсо дагы курч атаандаштык жарата албашы турган кеп. Ошондуктан, мындай чоң улуттук өнөктүктөрдүн каржыга байланган чынжырын үзүү керек деген чакырыктар эртелей айтылып баштаганы да бекеринен эмес.

Улам шайлоо жакындаган сайын добуш сатып алуудан жана сатуудан баш тартууга үндөгөн чакырыктар катуу-катуу айтыла бермекчи. Анын таасири канчалык болгонун күздөгү күрөштүн жыйынтыгы көрсөтөт. (AbA)

Тектеш темалар