Шайлоо эрежелери талаш жаратууда

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети уюштурган жыйындан
Image caption “Сөз эркиндигин коргоо” комитети уюштурган жыйындан

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" мыйзамга кирген өзгөртүүлөр добуш сатууга жол ачат, деди легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов. Айрым эксперттер талапкерлердин, көз-карандысыз байкоочулардын укуктары да чектелерин айтышууда. Мыйзам демилгечилери тескерисинче адилет шайлоого негиз түздүк дешет.

Өлкө башчы кол койгон “Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга кирген жаңы толуктоолор боюнча президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсү он эсе жогорулады. Мындай өзгөртүү демилгеленген учурдан тарта эле айрым президентикке талапкерлигин коём дегендер менен жарандык коомдун өкүлдөрү бул аракет капчыктуу талапкерлердин пайдасына жазылганын айтып чырылдап келатат. Бүгүнкү өткөн жыйында да көтөрүлгөн негизги маселе ушул болуп, жаңы өзгөртүү жарандардын Конституцияда бекитилген укуктарын чектеп жатат деген кескин сындарга кабылды.

“Конституциянын 62-беренесинин экинчи бөлүмүндө президенттикке талапкерлер чектелбейт, кайсы гана жаран болбосун отуз миң кол топтосо ошол талапкер болуп каттала алат деп так жызылып турат. Анын эч кандай башка түшүнүгү жок. Күрөө боюнча маселе да эч жерде жок. Демилгечилер айткандай, жаңы кирген күрөө маселеси талапкерлердин санын чектейли деген мааниде кирип жатат. Демек бул түздөн-түз Конституциянын талабына каршы келип жатат”, - деди БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев.

Image caption Президентти шайлоо күнү 15-октябрга белгиленген.

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети уюштурган жыйынга мыйзамды демилгелеген депутаттар келген жок. Жыйынга катышкан жалгыз депутат, “Өнүгүү Прогресс” партиясынан президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев жаңы мыйзам тууралуу мындайча оюн билдирди:

“Шайлоодо “киллер” кандидаттар деген чыгат. Бирок азырынча так айта албайм чыгар-чыкпасы мүмкүн деп айтып жатам. Мындай жолдорго бөгөт коюу үчүн жана ким чыкса да миллион сомду реалдуу өзү төлөсүн деген ойдо мен унчуккан жокмун. Фонд боюнча мен 50 миллион сомдон ашык болбосун деп комитетте айткам. Тилекке каршы башка депутаттар менен көпчүлүк коалиция сүйлөшүү жолу аркылуу өткөрүп алышты”.

Деген менен Бакыт Төрөбаев шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүгө макул деп добуш берген депутаттардын катарында.

Байкоочулардын укуктары өзгөрдү

Эми жаңы күчүнө кирип жаткан мыйзамдагы дагы бир негизги өзгөртүү тууралуу айтсак, байкоочуларды аккредитациялоо шарттары алмашты. Ага ылайык, көз карандысыз байкоочулар шайлоо процессине эркин көз сала албайт. Ага кошумча, эгерде шайлоодо кандайдыр бир мыйзам бузуу байкашса сотко да кайрыла алышпайт. Мындай өзгөртүү шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого жол ачат деп тынсызданууда жарандык коом өкүлдөрү.

Image caption Рита Карасартова: Жаңы мыйзам шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого жол ачышы мүмкүн

“Көз карандысыз байкоочулар атайын окутулуп, шайлоодо болгон мүчүлүштүктөрдү байкап туруп, дыкат протокол түзүп, анан сотко беришчү. Партиялар же талапкерлер өздөрүнүн байкоочусун алса, алар анчалык профессионалдуу боло алышпайт. Себеби алар бир топ мыйзам бузууларды жакшы карай албайт, көп жерде өз кызыкчылыктары үчүн көз жумуп коюшу мүмкүн. Мисалы, жыйынтыктарын бурмалап же мыйзамдык бузууларды пайдаланып кетиши мүмкүн. Анткени алар добуштун аркасынан жүрүшөт”, - деди Би-Би-Сиге укук коргоочу Рита Карасартова.

Деген менен БШК мүчөсү Кайрат Осмонвалиев “Президентти жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга кирген жаңы толуктоолор акыйкат шайлоого жана реалдуу атаандаштыкка жол ачты деп ишендирүүдө:

“Күрөөнүн миллионго көтөрүлүшүнө эч кандай дүрбөлөң болбош керек. Реалдуу көрүп жатабыз, бизге ажону тандаганда өзгөчө талаптар болот: бул саясатка аралашкан, күчү болушу керек. Андан сырткары партиядан чыкса ошол партия деле күрөөнү төлөп койсо маселе чыкпайт. Биздин укукту бузуп жатат деп жөн эле айта беришет. Башка өлкөлөрдө деле ошондой. Ал эми эл аралык байкоочулардын негизги статусу өзгөргөн жок. Менин оюмча, бул өзгөртүүлөр биздин шайлоого позитивдүү таасир этет”.

Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо босогосу да 7% дан 9% көтөрүлдү. 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо босого чек 5%. Ал эми соңку 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо 7% болгон.

Президентти шайлоо күнү 15-октябрга белгиленген.