Туризмдин кирешесин эмне тосот?

Туристтердин санын арттыруунун бирден бир жолу - коопсуздук менен катар эле жеткиликтүү баада шарттарды түзүү болуп саналат.
Image caption Туристтердин санын арттыруунун бирден бир жолу - коопсуздук менен катар эле жеткиликтүү баада шарттарды түзүү болуп саналат.

Дүйнөдө миллиондогон адамдар күнүнө жер кезип саякаттап жүрүшөт. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 3 млн 850 миңге жеткен. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 147 миңге аз дегенди билдирет.

Туристтердин санын арттыруунун бирден бир жолу - коопсуздук менен катар эле жеткиликтүү баада шарттарды түзүү болуп саналат. Кыргызстан шарт түзүү үчүн инвесторлордун келишине абдан кызыкдар.

Туризм департаменти бул тармакка тартылган инвестиция табиятка зыянын тийгизбей, тек гана кызмат көрсөтүү менен киреше табууга мүмкүндүгүн түшүнүү керек дейт.

Кыргызстанда туризм десе негизинен Ысык-Көл эске түшөт. Бирок ишкерлер башка аймактардын да туристтик мүмкүнчүлүктөрү колдонулбай калып жаткандыгын көп айтып келишет. Туризм департаменти бул боюнча аркеттер көрүлүп жаткандыгын айтууда. Алар түшүндүргөндөй, башка облустардагы туристтерди кызыктарган жайларды да пайдаланып, өнүктүрүү үчүн инфраструктура маселелелери толук чечилиши зарыл. Департамент мындай маселени чечүүнүн бирден бир жолу - инвесторлор менен кызматташуу экенин айтып келет.

Image caption 2010-жылдан кийин туризм тармагына тартылган инвестиция абдан төмөндөп, акыркы бир жыл ичинде кайрадан жанданган.

Бирок учурда сырткы эле эмес ички инвесторлор да бир топ түшүнбөстүктөргөкабылган мисалдар жок эмес. Ал тургай буга байланышкан сот иштери да кездешет. Мисалы, Бишкек четиндеги Зил лыжа базасы соңку жылдары талаштан башы чыкпай келе жатат. Жергиликтүүлөрдүн кысымына кабылдым деген инвестор иши жүрүшпөй жаткандыгын айтып чыкканы бар.

"Аталган базаны мисал кылсак, сырткы эмес кыргызстандык эле инвестор иштеп жатканына карабай айылдын 5-6 уюшкан баласы келип эле будуң-чаң чыгарганды адат кылып алышкан. Алар келип ал жактагыларга талабын коюшат, тигилер да пикирин айтып бир бүтүмгө келгендей болушат. Бирок кийинки жылы алардан башка дагы 5-6 бала пайда болот. Мындай аракеттер улана берсе ишке кедергиси тийбей койбойт. Себеби келе турган инвесторлор бул окуянын аягы кантип бүтөт экен деп байкоого алып турушат. Ошондуктан бул жылы колдон келген аракетти жумшап ал базаны иштетүү керек. Болбосо көп инвестордон кол жууйбуз", - дейт Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Image caption Буга чейин Кыргызстандын туризм тармагына келип түшкөн инвестициялык сунуштардын ичинде Кытай, Корея өлкөлөрүнөн сырткары Австрия, Германия, Канада сыяктуу кышкы туризми абдан өнүккөн өлкөлөрдөгү тоо лыжа базаларына ээлик кылгандардан да кайрылгандар болгон.

2010-жылдан кийин туризм тармагына тартылган инвестиция абдан төмөндөп, акыркы бир жыл ичинде кайрадан жанданган. Мисалы, өткөн жылы 2015-жылга салыштырмалуу 5 млн. доллар көбүрөөк инвестиция келгендигин Би-Би-Сиге туризм департментинен билдиришти. Каражат сарптагысы келген инвесторлордун эң көбү негизинен көлдөгү эс алуу аймагына кызыгышат.

"Келип жаткан сунуштардын көбү көл жээгиндеги эс алууга багытталган. Буюрса азыркы учурда көл жээгине беш жылдыздуу эки мейманкана, өзүнчө чоң бир аквапарк да курулганы жатат. 30 млн. долларга чейин инвестиция алып келе алабыз дегендер бар. Андан тышкары кышкы эс алуу жайларына кызыккандар бар. Корея, Кытай, Араб өлкөлөрүнөн сунуштар келет. Бирок ылайыктуу жер жок болуп жатат. Ошондой эле биздин мыйзамдардын кээ бир беренелери аларга толук кандуу ыңгайлуулук түзүп бере албагандыктан кыйынчылыктар жаралууда", - дейт Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Image caption Каражат сарптагысы келген инвесторлордун эң көбү негизинен көлдөгү эс алуу аймагына кызыгышат.

Мыйзам демекчи, мыйзамдын чийки жактарын карап инвестордун кооптонуусуна негиз бар дегендер да жок эмес.

"Кабыл алынган жалпы мыйзамдар инвестиция тармагына жакшы өбөлгө түзбөй жатат. Ошолорду өзгөртүп, ийкемдүү иштегенди үйрөнүү керек. Мисалы үчүн биздин Баш мыйзамда улуттук укук эл аралык укук жана келишимдерге үстөмдүк кылаары жазылган. Ошого таянып Кыргызстан инвесторлор менен мамилени оңой эле буза алат дегенди түшүндүрөт. Жергиликтүү мыйзамдар менен эл аралык эрежелердин ортосундагы айырма инвесторлорду Кыргызстандан оолактатып коёт. Экинчи жагынан бизде бюрократия абдан өнүккөн. Сырттан бир жумага деп инвестор чакырта турган болсоң да бир нече документ топтоп чуркаганга туура келет",- дейт экономист Искендер Шаршеев.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбай аталаган шаарга келген инвестор менен болгон окуяны Би-Би-Сиге айтып берди.

Ал учурда инвесторго ортомчу болгон чет өлкөлүк да жергиликтүү да адамдар көбөйгөнүн айтат. Демек кайсы бир долбоордун ишке ашышы ортомчулардын аракетинен да көз карандыдай.

"Бизге мурдагы облус жетекчилеринин биринин жардамчысы менен француз архитектору келди. Алар Каракол шаарынын борбордук бөлүгүндөгү сейил бакты 10-15 жылга ижарасыз берсеңер дешти. Алардын айтканына карганда алар ал жердин 10 сотых жерине кафе куруп, калганы бөлүгүнө фонтан жана башкаларды курмак. Биз макул болуп жалпы канча каражат жумшайсыңар, каржы булагыңар кайдан болот деп сурадык. Алар бизге жердин уруксатын бере бергиле биз жакында алып келебиз деп жооп берди. Биз ушуларды эске алып макул болгон жокпуз", - дейт Каракол шаардык кеңешинин депутат Азамат Айтбай.

Буга чейин Кыргызстандын туризм тармагына келип түшкөн инвестициялык сунуштардын ичинде Кытай, Корея өлкөлөрүнөн сырткары Австрия, Германия, Канада сыяктуу кышкы туризми абдан өнүккөн өлкөлөрдөгү тоо лыжа базаларына ээлик кылгандардан да кайрылгандар болгон.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар