Айтбаев: Орусиядагы мигранттар жаңы тоскоолдуктарга туш болууда

Орусияда мигранттардын көбүн борборазиялыктар түзөт Сүрөттүн автордук укугу REUTERS
Image caption Орусияда мигранттардын көбүн борборазиялыктар түзөт

Орусиянын Бажы кызматынын башчысы Владимир Булавин Кыргызстанга келди. Экономикалык артыкчылыктардан сырткары Евразия экономикалык биримдикке Кыргызстандын кирүү себептеринин бири мигранттарды коргоо болгон.

Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу менен бүтүрүүчүсү жакында Орусиядагы мигранттардын абалын изилдешкен. Алар сураган ондогон мигранттар иштөө шарты жеңилдеп, документтерге кеткен чыгымдар азайып калганын айтышкан.

Би-Би-Си “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаевден мигранттар кандай жеңилдиктерди сезгенин сурады.

Азамат Айтбаев: ЕАЭБде төрт кыймылдын эркиндиги каралган. Алардын бирден бири эмгек ресурсунун эркин кыймылы.

Албетте жеңилдиктер кирди. Мурдагыдай патент албай, келишимдин негизинде иштеп жатышат, каттоо мөөнөтү да узартылды.

Image caption Акыркы эсеп боюнча эмгек мигранттары Орусиядан Кыргызстанга көп акча которушкан

Ошол эле маалда биримдикке мүчө өлкөлөр өз базарын сактоо максатында башка өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Мисалы, Орусиянын төрт ири шаарында убактылуу каттоого туруу деген жаңы чектөө бардык мигранттарга тиешелүү болгон менен биздин эмгек мигранттарга чоң тоскоолдук жаратты.

Андан сырткары 1-июнда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Кыргызстандын айдоочу күбөлүгү менен Орусияда иштеген мекендештер иштей албай калышты. Аны Вена конвенциясын негиз кылып, Орусияга келген бардык мигранттар үчүн кабыл алышкан менен ЕАЭБдин мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алышкан жок. Мыйзам кабыл алганда Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан жарандары үчүн өзүнч жеңилдиктер каралыш керек болчу. ЕАЭБдин декларациясында мүчө өлкөлөрдө билим алганы тууралуу документтер кабыл алынары жазылган.

Би-Би-Си: Орусия чет жердин айдоочу күбөлүгүн жаратпоо максатын кандай түшүндүрдү?

Азамат Айтбаев: Бирден бир себептеринин бири ички коопсуздукту сактоо. Андан сырткары мигранттардын Орусия ичинде жол эрежесин бузуусу көбөйдү деген билдирүүгө байланыштуу. Бирок мыйзам жумуш берчү тарапка да багытталыш керек. Мисалы, жүк же адам ташыган компания шоопурду жолго чыгарып жаткандан кийин сынактан өтүү, квалификациясын алмаштыруу баскычтарында ага кепилдик алыш керек. Бул жерде жүктүн баары баягы эле байкуш мигранттарга жүктөлүүдө.

Би-Би-Си: Айрым сурамжылоолордо мигранттар жумушта жеңилдик сезилгенин, документтерге кеткен чыгым азайганын айтышкан. Сиздердин байкооңуздар буга карама-каршы келүүдө.

Image caption ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасындагы эмгек ресурсу эркин болот деген менен Москва улам жаңы эрежелерди кабыл алууда

Азамат Айтбаев: Ооба, мурункуга караганда чыгымдар аз болуп калган. Бирок кайра башка жаңы эрежелер чыкканда чыгым кошулуп калууда.

Айдоочу күбөлүктү алмаштыруу 50 миң рублдун тегерегин чапчыйт.

Би-Би-Си: Акыркы маалымат боюнча мигранттардын жиберген каражаты эң көп болду. Мунун негизги себептери кайсылар?

Азамат Айтбаев: Себептердин бири Орусия кризистен чыгып, экономикасы кичине кыймылдап калды. Анын негизинде акча кыймылы көбөйдү. Мигранттардын айлыгы бир аз өстү.

ЕАЭБ алкагында товар жүгүртүү жогорулады.

Би-Би-Си: Мындай абал кыргызстандык мигранттардын Орусияга агымына кандай таасир этет?

Азамат Айтбаев: Кыргызстан биримдикке толук мүчө болоор алдында катуу агым болот дегенде биз Орусияга кетүү тенденциясы өспөйт деген божомол жасаганбыз. Чынында көп өзгөрүү болгон жок. Азыр деле агым күчөйт дегенден алыспыз.

Бирок мурда болуп жүргөн барды-келди, сезондук агым сакталууда. Жазда кетип, кеч күздө келишет, Кыргызстанда кышташат. Ал жакта такай жашагандар бар.

ЕАЭБдин чоң тамгалар менен жазылган дагы бир багыты – мигранттарды уюшкан түрдө жумушка орнотуу болчу. Бул багытта да иш жүргүзсө жыйынтыгы болуш керек деп ойлойм. Анткени азыр баары эле таекесине, тууганына, кошунасына кошулуп кетишет. Мыйзам билбей, даярдыгы жок кеткендиктен документ боюнча кыйын учурларга түшүп калышууда.