ЕАЭБ: Кыргыз лабораториялары кайсы этапка келди?

Кыргыз лабороториялары кайсы этапка келди?
Image caption Кыргыз лабороториялары кайсы этапка келди?

Бүгүн Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Владимир Булавиндин Кыргызcтанга сапарынын алгачкы күнү. Ал өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, лабораториялардын абалы менен таанышууда. Евробиримдик өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өндүргөн товарларын бажы төлөмүсүз Европанын базарына киргизүүгө уруксат берип, бирок жогорку талаптар калтырылган. Кыргыз тарап товарларды европалык стандартка туура келтирүүгө тийиш эле. Бул аракеттен майнап чыктыбы? Курулушу күтүлүп жаткан бир топ кыргыз лабораториялары кайсы этапка келди?

Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Владимир Булавиндин Кыргызстанга сапарынын биринчи күнү кыргыз өкмөтү менен жолугушуудан башталды.

“Сүйлөшүү учурунда негизинен биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өткөрмө пункттарын жабдуу, биздин өлкөдөгү ветеренардык жана фитосанитардык лабораторияларды жаңыртуу же куруу тууралуу пикир алышуу болду. Баарыбыз билгендей, кыргыз ишкерлери өз товарын чет жакка чыгарууда сертификация деген маселеге дуушар болуп келет. Бул багытта өкмөт иш алып барып жатат жана бүгүн да пикир алышты. Анан баштап жетишилген келишимдердин аткарылыш зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр айтылды", - деди Би-Би-Сиге Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева.

Кыргызстан бажы биримдигинин курамына кирип жаткандагы келишимдер боюнча, өлкө жаңы экономикалык чөйрөдө туруктуу өсүшкө жетишип, өнөктөштөрү менен экономикалык байланыштарды чыңдаганга чейин Казакстан жана Орусия атайын жеңилдиктерди карап, колдоо көрсөтөөрү айтылган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Казакстан так эмес себептерден улам лабораториялардын курулушуна убада кылган 1 млн. доллардан ашык каражатты кечиктирип жатат. Ал эми Орусия убада кылган каржылык колдоону грант түрүндө бөлүп берүүдө, алардын кайсы бир бөлүгү Орусиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Владимир Булавиндин бүгүн Кыргызстанга иш сапарын утурлай келмек.

Image caption Кыргыз ишкерлери чөң өлчөмдө сүт, кургак сүт, айран, сыр, быштак экспорттоону да мерчемдеп келет.

“Орусиядан техникалык жактан колдоо иретинде 200 млн. доллар каралбады беле, аны улам бөлүп берип жатышат. Акыркы маалыматтарга караганда, 58 миң долларга эсептелген, ичинде лабораториялык жабдыктар орнотулган эки унаа Кыргызстанга келатат. Бул дагы ишибизди бир топ жеңилдетет деп турабыз. Негизи биздин мамлекетте карантиндик зыянкечтерге каршы экспертиза жүргүзүүчү эки гана лаборатория болгон. Учурда Орусиядан каралган акчага Бишкектеги лабораторияны капиталдык ремонттон өткөрүп, заманбап жабдыктарды алып келүүгө жумшалууда. Ошол эле учурда Ошко 400 чарчы метрлик лаборатория да курулат", - дейт Айыл чарба министрлигинин астындагы өсүмдүктөрдүн карантиндик департаментинин жетекчиси Амангелди Исаков.

Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болууда эң чоң жеңиши катары соода-сатык, айыл чарба өндүрүштөрүн экспорттоо аракеттеринин жеңилдешин көрүп келет. Ал үчүн алгач ветеринардык, фитосанитардык түйүндөр, лабораториялар эл аралык стандартка жооп бериши керек эле. Кыргызстанда учурда ар кандай багыттагы 28 текшерүү лабораториясы болсо, экөөсү гана эл аралык аккредитациядан өткөн. Андыктан кыргыз тарап өз каражытынын эсебинен ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу ишин баштап, 26 млн.сомго эң маанилүү делген Талас жана Ысык-Көл облустарына лаборатория ачуу аракетин көргөн.

Деген менен байкоочулар кыргызстандагы ветеренардык жана фитосанитардык лабораториялар дале болсо чабал бойдон турат деп баа берүүдө. Евробиримдик өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өндүргөн товарларын бажы төлөмүсүз Европанын базарына киргизүүгө уруксат бергени менен алардын талаптарына бир катар кыргыз товарлары жооп бере албай, бир багытуу лабораториялар болуп кетти дейт экономист Искендер Шаршеев:

Image caption Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болууда эң чоң жеңиши катары соода-сатык, айыл-чарба өндүрүштөрүн экспорттоо аракеттеринин жеңилдешин көрүп келет

“Лабораториялар ачылып аккредитациясын алып жатканы менен алар толук кандуу лаборатория эмес. Ар бири өз багыты менен гана иштей алат. Андыктан баары даяр деп айтууга аябай эле эрте. Эртеңки күнү катуу бир кымгууттук боло тургандай”.

Ошентип учурда бийлик лабораторияларды ремонтоо же жаңы салуу аракетин көрүп жаткан учурда өлкөдөгү бир катара ири ишканалар Евробиримдик стандарттарына жооп берүү үчүн өз алдынча аккредитациядан өтүп, соода жолун нукка салуу менен убара.