Жоголгондорду ким табат? Милиция, үй-бүлөсү же көзү ачыктарбы?

ИИМдин билдирүүсү боюнча ушу тапта дайынсыз жоголгон 39 бала издөөдө
Image caption ИИМдин билдирүүсү боюнча ушу тапта дайынсыз жоголгон 39 бала издөөдө

Бүгүн мындан эки күн мурун Чүй облусунда дайынсыз делген балдар Ош облусунун Өзгөн районунан табылган. Кыргызстанда чоң киши же өспүрүмдөр менен катар эле жаш балдарга да маал-маалы менен издөө жарыяланып турат. Изделип жаткан балдар кокусунан эле адашып кеткенден сырткары ар кандай жагдайлар менен да жоголот.

Аларды издөө иши кандай жүрүп, кандай натыйжалар бар?

Чүйдө эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы кыз жана 9-12 жаштагы бир туугандар Оштун Өзгөн районунан табылды. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан Назира Имангазиева билдирди. Анын айтканына караганда, эки бир тууган жана кошунасынын кызы кандай шартта, ким аркылуу ал жакка барып калганы азырынча тактала элек. Алынган маалыматтар боюнча балдардын ден соолугу жайында жана зомбулукка кабылган эмес.

Сөз болуп жаткан үч тестиер 5-июнда кечке маал үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Бул балдар таксиге олтуруп, таянесине бара турганын айтып из жашыргандыгы да айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу ANNA COOK
Image caption "2004-2005-жылдары жаш балдардын жоголушу аябай күч алган. Былтыртан бери да ошондой көрүнүш байкалып атат",- дейт Нуркамал Асканова.

Мындан сырткары коомчулук апрель айында Каракөл шаарында жоголгон 6 жашар баланын да окуясына кулак түрүп, турган чак. ИИМдин буга чейин маалымат каражаттарына жарыялаган билдирүүсү боюнча ушу тапта дайынсыз жоголгон 39 бала издөөдө. Алардын 12си кыз, 27си эркек бала. 2017-жылдын төрт айында ички иштер бөлүмдөрүнө 345 жашы жете элек бала жоголгондугу боюнча арыз түшкөн. Алардын ичинен 96 бала үч күн ичинде табылган. Жалпы издөөдө жүрүп табылгандардын 83 пайызын өспүрүмдөр түзөт.

Мындан жети жыл мурун уул-кызын жоготкон Бакыт Эгембердиев дайынсыз жоголгон балдарды издөө үчүн атайын уюм да түзгөн. Ал Кыргызстанда жоголгон адамды издөөдө мамлекет өтө чабалдык кылаарын айтат.

"Тилекке каршы дайынсыз жоголгон балдардын саны жылдан жылга өсүүдө. Биздин мамлектте жоголгон адамды издөө системасы жок. Жаш бала жоголсо биринчи кезекте аны издөөгө катардагы эле аймактык милиция кызматкери тартылат. Тилекке каршы катардагы эле кызматкердин кесипкөйлүк деңгээли андай олуттуу ишке жооп береби? Экинчиси, ошол эле милициянын тиешелүү жерге барып издеп-иликтеп келүү үчүн транспорту турсун ага куя турган майы да жок. Бала жоголгондо анын тагдырын чече турган учур - алгачкы сааттар. Атайын ыкмалар, үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен ыкчам чаралар зарыл болот. Анын бири да жок. Бул маселени чечүү үчүн биринчи кезекте мамлекет башчынын саясий эрки керек. Бизде бала десе эле баланын укугуна байланып калышкан. Ал тирүү баланын укугу болот. Өлгөн же жоголгон баланын укугугу эч качан болбойт. Ушул өңүттөн алганда баланын укугу эмес, баланын коопсуздугу дегенди биринчи орунга коё турган саясат жок бизде",- дейт Эгембердиев.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Бакыт Эгембердиев

Ал ошондой эле өз алдынча издөөдөгү тажырыйбасында көп кемчиликтерди байкаганын айтат.

"Азыркы учурда Кыргызстанда жоголгон балдар, адамдар боюнча маалыматтык база жок. ИИМдин атайын сайты бар. Ал сайттын жоголгон адамдар деген бөлүгүнө кирсеңер ал жерде жоголду деген үч эле адам көрсөтүлгөн. Алар Максим Бакиев, Данияр Үсөнов жана Сапарбек Балкыбеков болуш керек эле. Ошол үчөөнүн гана сүрөттөрү турат. Башка адам жоголгон эмеспи? Дайынсыз жоголду деген элүү жаш бала, үч миң адамдын бирөөнүн да сүрөтү, маалыматы жок",- дейт Эгембердиев.

Бирок аталган сайттан жоголгон жашы жете элек балдар бөлүмүндө кырк чамалуу бала тууралуу учкай маалымат табууга болот.

Сүрөттүн автордук укугу GEOFF ROBINS/AFP/Getty Images
Image caption "Биз жылына 700-800 баланы таап, ата-энесине кайтарып беребиз",- дейт ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын башчысы Азамат Абдархманов.

ИИМ жогоруда айтылгандай пикирлерге толугу менен макул эмес.

"Биз дароо эле жоголду деген маалымат түшкөндө жашы, бою, кийген кийиминен баштап дароо маалымат топтоодон баштайбыз. Тиешелүү аракеттер көрүлгөн соң чек ара кызматтарына, аймактагы жакынкы милиция бөлүмдөрүнө тезинен маалымат жиберебиз. Ал эми экинчи топ болсо дароо эле атайын иттерди, криминалисттерди алып ишти башташат. Биз жылына 700-800 баланы таап, ата-энесине кайтарып беребиз. Муну баары канча аракетти, изденүүнү талап кылат. Бирок ата-энелер, алардын тууган уруктары нааразы пикирин айткан учурлар бар",- дейт ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын башчысы Азамат Абдархманов.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption "Дароо эле атайын иттерди, криминалисттерди алып ишти башташат. Бирок ата-энелер, алардын тууган уруктары нааразы пикирин айткан учурлар бар",- дейт ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгын башчысы Азамат Абдархманов.

Адатта Кыргызстанда адам жоголгон учурда милицияга, көзү ачыктарга, Орусиянын биринчи каналындагы "Мени күт", Коомдук биринчи каналдагы "Издейм сени" телеберүүлөрүнө да кайрылышат.

"2004-2005-жылдары жаш балдардын жоголушу аябай күч алган. Былтыртан бери да ошондой көрүнүш байкалып атат. Мен жеке өзүм мындай жоголууларды адам уурдоого байланыштырат элем. Кыргызстанда деле кичинекей бөбөктөрдү бекер жумушчу күчү катары уурдап кеткен фактылар биздин көрсөтүүдө болгон. Так эле укук коргоо органдарында иштегендердин бири айыл жеринде жашаган туугандарына малай кылып алып барып берген. Ал баланы жашы жетсе да окутпай, кийин өзү бой тартканда гана эсинде калгандарын, кайдан келгенин кошуна, жакындарына айтып анан биз аркылуу өз туугандарын тапкан. Мындай факты биздин көрсөтүүдө болгон. Жоголгондорду издөөдө биздин эң чоң куралыбыз эфир",- дейт аталган көрсөтүүнүн редактору Нуркамал Асканова.

Image caption ИИМдин жарыялаган билдирүүсү боюнча ушу тапта дайынсыз жоголгон 39 бала издөөдө. Алардын 12си кыз, 27си эркек бала.

Балдарды бекер жумушчу күчү, керек болсо орган алмаштырууга да саткандар бар деп шек санагандар жок эмес. Дайынсыз кеткен балдардын арасында ата-энесине таарынып же алардын жемесинен атайылап качкандар да кездешет. Ал тургай алар атайлап узак жылдар бою ың-жыңсыз жок болгон учурлар да бар дешет байкоочулар.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар