Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскер базаларын күчтөндүрөбү?

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу
Image caption Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу

Орусиянын Кыргызстан жана Тажикстандагы аскер базалары жаңы куралдар менен жаңыланат.

«Мындай кадамга Ооганстандагы террордук чыңалуунун Борбор Азия чөлкөмүнө ооп жатышы себеп болууда»,- деп Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу айткандарын РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

Аталган агенттик Шойгу мындай пикирин Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин жыйынында айтканын белгиледи.

Орусия коргоо министри ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрүнө жардам берүү, алардын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн артыруу аракети болуп жатканын айткан.

Соңку айларда Ооганстанда террордук чабуулдар күчөп кетти. Ооганстандагы бир катар калктуу конуштарды көзөмөлүнө алган "Талибан" экстремисттик кыймылы чоң шаарларды алууга умтулуп келүүдө. Ошондой эле өлкөдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун аракети да активдүү экени белгиленип жүрөт. Айталы, өткөн жылы талибдер басып алып бир нече күнгө кармап турушкан Кундуз шаары Тажикстан менен чек арадан 60 чакырым аралыкта жайгашкан.