Сот Чотоновду үй камагына чыгаруудан баш тартты

Сот ушу тапта Чотоновдун баш коргоо чарасы боюнча кеңешмеге кирди
Image caption Сот ушу тапта Чотоновдун баш коргоо чарасы боюнча кеңешмеге кирди

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМ мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту өттү. Чотоновдун адвокаты анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү өтүндү, бирок сот канааттандырган жок.

Экс-министр жана элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын кароо иши экинчи инстанцияга өттү. Жалпы ишти райондук сот уланта берет.

Соттук жыйындын түшкө чейинки бөлүгүндө Чотоновдун жактоочусу аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Сот аны канааттандырган жок. Мындан улам жактоочусу кассациялык арыз менен даттанды.

Сот арызданууга түштөн кийинки саат экиге чейин убакыт чектеди.

Image caption Соттун бул жолку жыйынында тартип сакчылары тараптар менен сот залындагыларды, журналисттерди алыс аралыкта кармашты

Жактоочу тарап он күн ичинде кайрылууга мыйзам жол берерин айтып, адвокаттардын укугу тебеленгенин билдиришти.

"Жактоочулардын кассациялык арыз менен кайрылууга он күн убактысы бар. Сот жазып кайрыла бергиле, кийин толуктап коёсуңар деди, андай болбойт да. Бишкек шаардык соту ишти карап баштамайынча, мот жыйыны болбош керек, бирок райондук сот уланта берем деди", - дейт "Ата Мекен" партиясынын адвокаты Канат Азиз Би-Би-Сиге.

Судья Айбек Эрнис уулу баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз жок деди:

"Келтирилген жагдайлар менен баш коргоо чарасын өзгөртүү керек деген туура эмес. Себеби тиешелүү берене бөгөт коюу чараларынын кайсы түрүн колдонуу зарылчылыгы жөнүндө маселеде эске алыныш керек. Ал эми бөгөт коюу чарасы иштин жагдайларына жараша жана анын зарылчылыгы болгон учурда чечилет."

Image caption Чотонов менен Текебаевдин тарапташтары сот алдында пикет уюштурду

Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты Бакыт Жумашев Чотонов мурда соттолбогонун, күбөлөрдүн баары суралып бүткөнүн эске алып, баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууга тоскоолдук жок деген.

Сотко Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жакындары, партиялаштары, байкоочулар катышууда. Ачык жыйында видеого тартууга тыюу салынган.

Ал тапта райондук соттун алдында айыпталуучулардын тарапташтары көздөрүн таңып, эч нерсе көрбөй жатабыз деп каршылык акциясын өткөрүштү.

Текебаев менен Чотонов коррупцияга айыпталууда.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы "Мегаком" компаниясынын башкаруучу акциясын алып берем деп орус жараны Леонид Маевскийден бир миллион доллар алууга шектелип, февраль соңунда камалган.

"Ата Мекен" партиясы бул кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептешет.