«Астана EXPO-2017» башталуу алдында

«Астана EXPO-2017» жарманкеси 10-июнда башталып, 10-сентябрга чейин уланат. Сүрөттүн автордук укугу STANISLAV FILIPPOV/AFP/Getty Images
Image caption «Астана EXPO-2017» жарманкеси 10-июнда башталып, 10-сентябрга чейин уланат.

Саналуу күндөрдөн кийин Казакстан борбору Астанада дүйнөнүн 115 өлкөсүнүн катышуусундагы «Астана EXPO-2017» жарманкеси башталат. Ага кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери да катышары күтүлүүдө.

"Өлкө башчы 8-10-июнда Астанада болот. Иш сапар учурунда президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Андан соң өлкө башчылары менен бирге «Астана EXPO-2017» жарманкесинин ачылуу аземинде болот", - деди Би-Би-Сиге Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов.

Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан «Астана EXPO-2017» жарманкеси көп багыттуу болору күтүлүүдө. Алардын сап башында "Келечектеги энергия" деген аталыштагы программа бар. Атап айтканда, дүйнөнүн 115 өлкөсү өздөрү ойлоп тапкан альтернативдүү энергия булагын көрсөтөт. Көргөзмө андан ары экономикалык, маданий форумдар менен уланат.

Бул жарманкеге Кыргызстандын атынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын командасынын да катышары күтүлүүдө. Башкача айтканда, Япония, Кытай, Өзбекстан, Корея сыяктуу өлкөлөргө катарлаш көргөзмөдө кыргыз этношаарчасы дагы болуп, улуттук салттар, спорттук оюндар көрсөтүлөт. Өнөрпоздордон сырткары кыргыз тараптан ондогон ишкерлер да жөнөп жатат.

"Ишкерлер өздөрү сыймыктанган, жакшы өндүргөн продукцияларын өлкөсүнүн атынан тааныштырып, башкалардан дагы жаңы багыттагы маалыматтарды ала алат. 100 өлкө менен түз байланышканга, тажрыйба алмашканга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Кыргызстандын атынан энерго сектору жана туризм секторунан тааныштыруу болот. Биздин ассоциация орто жана чакан бизнес ишкерлерин алып барганы жатат. Алар дүйнөлүк өзгөрүүлөрдөн, техникадан кабардар болуусу үчүн бул жарманке жакшы аянтча болуп берет", - деди ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров.

10-июнда башталып, 10-сентябрга чейин уланган «Астана EXPO-2017» жарманкесине казак тарап дээрлик 2 миллион чет өлкөлүк конок келет деп мерчемдеп жатат.