Шайлоодо социалдык желелер ролу кандай болот?

Фейсбукту 440 миң кыргызстандык колдонот Сүрөттүн автордук укугу Chris Jackson
Image caption Фейсбукту 440 миң кыргызстандык колдонот

Кыргызстанда интернетти үзгүлтүксүз такай колдонгон жарандар саны 2 миллион 600 миң адамды түзөт. Канчалык таң калыштуу болбосун бирок кыргызстандыктар эң көп катталган социалдык желе бул - ВКонтакте. Андан кийин колдонуучулар саны боюнча Одноклассники жана Фейсбук турат.

Артыкчылык орусиялык социалдык медиалардабы?

SMM боюнча адис Светлана Марголис Кыргызстанда кайсы социалдык желе популярдуу дегенде офисте иштегендер "ал Фейсбук болуш керек" деп ойлошу мүмкүн дейт. Бирок айтымында, чындап келгенде кыргызстандыктар эң көп катталган желе бүгүнкү күнү бул - ВКонтакте.

"ВКонтакте желесинде 1 миллион 300 миң кыргызстандык колдоонучу бар деп эсептелет. Бирок ал колдонуучулардын рекламага реакциясы абдан чабал. Экинчи орунда Одноклассники социалдык түйүнү турат, кыргызстандык колдоонуучулар саны ал жакта 730 миңге жетет. Биз биринчи деп ойлогон Фейсбук үчүнчү гана орунда турат, аны 440 миң кыргызстандык колдонот. Инстаграм социалдык желе катары каралбайт, бирок ошентсе да ал мобилдик тиркемеде жарым миллион кыргызстандыктар отурат",- деди Светлана Марголис.

Ал өлкөдө интернеттин жайылышы боюнча статистика чаржайыт экенин айтып, бул сандарды сырткы ченемдерге таянып келтирип жаткандыгын билдирди.

Социалдык медиа салттуу ММК ордун басууда

Кыргызстанда 15-октябрга президенттик шайлоо белгиленди. Талапкерлер күн алдын эле үгүт, шайлоо кампанияларын баштап, азырынча электорат көңүлүн социалдык желе аркылуу алуу аракетинде.

Саясат тануучу Денис Бердаков социалдык медиа барган сайын саясатчылар үчүн салттуу массалык маалымат каражаттарынын ордун басууда дейт. Өзгөчө жеке медиа ресурсу жок саясатчыларга бул табылга болду.

Сүрөттүн автордук укугу Denis Berdakov
Image caption Денис Бердаков социалдык медиа барган сайын саясатчылар үчүн салттуу массалык маалымат каражаттарынын ордун басууда дейт.

"Учурда социалдык медианы активдүү колдонгон талапкерлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов болууда. Бабановдун ММКлары бар экенин билебиз, ошентсе деле ал социалдык медиада активдүү. Сариев болсо шайлоо кампаниясын социалдык медиага басым жасап жүргүзүүдө. Бул жерде ал социалдык медианы жакшы көргөндөн эмес, ал аркылуу алда канча арзан жана натыйжалуу болгондуктан ага артыкчылык берип атат десек болот",- дейт саясат талдоочу.

Бирок айтымында айрым саясатчылар жана президентикке талапкерлер социалдык медиа ролун азырынча анча аңдай электей.

"Түштүкчүл саясатчыларды: Келдибеков, Мадумаров жана Ташиевди социалдык медиадан көрө албай жатабыз. Социалдык медиадагы аккуанттарын алар бир аз чабалыраак алып барып, бир аз эски формациядагы саясатчылар болуп жатышат. Бирок шайлоочулардын көбү Кыргызстандын түштүгүндө экенин эске алганда жана алардын баары массалык түрдө социалдык медиага келе турган болсо, бизде башкача доор башталат",- Денис Бердаков

Шайлоо реалдуулууктары өзгөрдү

Жогорку Кеңеш депутаты Аида Касымалиева социалдык технологиялар өнүккөнү шайлоо процесстери да өзгөрүүлөргө дуушар болду дейт. Электорат жашарып, аларга карата мамиле да өзгөрүүгө муктаж.

"Кадимки шайлоочуларга, айылдагы дейли, мамилени ошол эле Фейсбукта жасаса болбойт. Өзүнчө отуруп аларды изилдеп чыгыш керек. Алар кандай талапкерди каалайт, эмнеге кызыгат? Анан ошол изилдөөлөр негизинде башкача бир пиар кампанияларды ойлоп табыш керек",- деди депутат.

Бааамында шайлоодо учурда эки реалдуулук пайда болду: кадимки элеттеги интернетке катышы жок шайлоочулар жана интернет колдонуучулары.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жогорку Кеңеш депутаты Аида Касымалиева социалдык технологиялар өнүккөнү шайлоо процесстери да өзгөрүүлөргө дуушар болду дейт.

"Бизде азыр шайлоодо эки реалдуулук бар. Бул жанагы айылдагы шайлоочулар. Алар биздин бала, биздин уруудан чыккан, биздин жерден деген принциптерге таянып же ал биздин маселелерди чечет деген ойдон барып шайлашат. Аларды реалдуу шайлоочулар дейли, бирок дагы бир чоң интернет деген реалдуулук бар. Көбү интернетте жүргүзүлгөн пиар кампаниялар, лайктар эчтекеге жарабайт, шайлоого келгенде алардын ролу чоң эмес деп буга чейин айтып келишкен. Бирок анын ролу абдан чоң. Ошол эле Фейсбуктагы посттор, социалдык түйүндөрдө жайылган маалыматтар имиджди түзөт. Журналисттер ошол жактан маалымат алышат жана ал айылдагы шайлоочуларга таасирин берет",- деди депутат.

Күздө өтө турган президенттик шайлоого баруу ниетин азырынча 10 чакты талапкер билдирди.