Борбор Азиядагы “жихаддын” тамыры кайда?

"Ислам мамлекетинин" чакырыгына азгырылып барып кошулган борборазиялык жарандардын так саны белгисиз, бирок алар жүздөп саналары белгилү Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Ислам мамлекетинин" чакырыгына азгырылып барып кошулган борборазиялык жарандардын так саны белгисиз, бирок алар жүздөп саналары белгилү

15-июнда Брюсселде Европадагы Демократия фонду семинар жыйын өткөрүп, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү диний радикалдашуунун кесепеттери менен себептерин талкуулаган жатат.

Европа апрель айында Санкт-Петербург жана Стокгольм шаарларында болгон теракт окуяларды баштан өткөрдү. Террордук кол салууларды этникалык өзбек мигранттары жасаган деп жатышат, алардын бирөө Кыргызстандан, экинчиси Өзбекстандан барган мигрант экени белгилүү.

Жаңы жылдын алдында Стамбулдагы түнкү клубга болгон кол салууда өзбекстандык согушкер 39 адамды өлтүрүп, 70 адамды жарадар кылган. Борбордук Азия өлкөлөрүнөн "Ислам мамлекетине" же аны менен байланыштагы "Аль-Каидага" барып кошулган жарандардын так саны белгисиз. Бирок алардын саны канча болбосун, баары бир бул жерде көп суроо жаратпай койбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Стамбулдагы терактты жасаган деп шектелип кармалган Абдулкадир Машариповдун полицияга кармалгандан кийинки сүрөтү.

Бул жердеги негизги себептерди Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан массалык миграцияга алып келген жакырчылык жана жумушсуздук менен бир байланышта карагандар болууда. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жумушсуздуктан кыйналып, социалдык көйгөйлөргө жаны ачып турган жаштарын азгырып кетүүнүн ыңгайлуу учурлары көп болууда.

Экстремисттик күчтөрдүн азгырыгына алар өзүнүн мекенинен илинип жатабы же башка жакка барып мигрант кейпин кийип жүргөндө көп кабылуудабы деген суроо да чечмелөөнү талап кылууда.

Жакында эле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 9-май Жеңиш күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Россиядагы улутчулдарды коргогон орус саясатчыларын сынга алып, бул жактагы мигранттарды кылмыштуу жолго улутчулдардын кысымдуу мамилеси да түртүп жаткан болушу ыктымалдыгын айта кеткен эле.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бийликтери адам укуктарын басмырлаган репрессивдүү саясаты менен элди ушундай радикал жолго түртүп жатышкан жокпу? Совет доорунда басылып келип, азыр дүркүрөп жайылып жаткан ислам бул жерде кандай роль ойноп жатат?

Бул семинарда Жорж Вашингтон атындагы университеттин БА программасынн изилдөөчүсү Ноа Токер Борбордук Азиядан чыккан согушкерлер жөнүндө изилдөөлөрү жана Кыргызстандын туштүгүндө жүргүзүлгөн изилдөө долбоорунун жыйынтыктарын талкууга коймокчу. Ал Борбордук Азиядагы жихадизмдин тарых-таржымалына токтолуп, Сирия менен азыркы учурдагы байланыштарын айтып берген жатат.

Бул талкуунун жүрушүндө Евробиримдик өзүнүн Борбордук Азиядагы стратегиясы менен кандай роль ойной ала тургандыгына да тийиштүү пикирлер айтылышы мүмкүн.

Бул семинар жыйын Европа жана Борбор Азиядагы мониторинг программасы (CESS), Европалык коопсуздук боюнча изилдөө борбору (EUCAM) жана Жорж Вашингтон атындагы университеттин БА программасы(CAP), Европадагы демократия фондусу (EED) тарабынан уюштурулуп жатат. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар