Нарындагы нааразылык жарашуу менен аяктады

Белгилүү болгондой ушул жылдын 27-май күнү аталган университеттин спорт аянтчасында спорттук мелдештер өтүп жергиликтүү жаштар менен университетте окуган студенттер менен келишпестиктер орун алган.
Image caption Белгилүү болгондой ушул жылдын 27-май күнү аталган университеттин спорт аянтчасында спорттук мелдештер өтүп жергиликтүү жаштар менен университетте окуган студенттер менен келишпестиктер орун алган.

Бүгүн Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетин стунденттери менен жергиликтүү жаштардын тобунун тиреши болуп, студенттер кечирим сурагандан кийин тарашты. Мындан саналуу күн мурун спорттук оюндан чыккан чыр буга себеп болгону айтылууда. Араздашуу күчөй баштаган учурда облус жетекчилиги жана бир нече милиция кызматкери да келген.

Маалым болгондой аталган университеттин шаардын ичиндеги имаратына 100дөн ашуун жергиликтүү жаштар чет өлкөлүк студенттердин чөгөлөп кечирим сурашын талап кылууда. Студенттердин бири тизелеп туруудан баш тарткан соң, кайым айтышуу абдан күчөгөн.

Image caption 2008-жылы башталган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл ала баштаган.

Белгилүү болгондой ушул жылдын 27-май күнү аталган университеттин спорт аянтчасында спорттук мелдештер өтүп жергиликтүү жаштар менен университетте окуган студенттер менен келишпестиктер орун алган. Окуу жай жетекчилиги бул тайпалар ортосундагы майда келишпестик болгонун айтууда. Алардын маалыматына караганда бүгүн университеттин чет өлкөлүк студенттери шаар аралап чыккан учурда аларды таанып калган жергиликтүүлөр алардын өткөн окуя боюнча жооп беришин талап кылышкан.

Социалдык тармакта окуяны түз алып көрсөтүүдө 100 чамалуу жергиликтүү жаштар университеттин имаратына келишкенин, талаш күчөп барып анан басылганын көрүүгө болот. Пикир келишпестик күчөй баштаганда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, орун басары Жаркын Ибраева жана бир нече милиция кызматкерлери келишти.

"Буга чейин баскетбол оюну учурунда бир топ сөздөр айтылып, жергиликтүү балдарды ыза кылып коюшкан экен. Балдар ар кандай талаптарды коюп, чөгөлөгүлө деп да жатышты. Жыйынтыктап айтканда орозо айында кечиримдүү бололу дешип, баары бир пикирде тарашты",- дейт өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов.

2008-жылы башталган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл ала баштаган. Ага Хан эл аралык студенттер шаарчасы миңден ашык студентке ылайыкталган. Учурда ал жерде 70 студент билим алууда. Бүгүнкү окуяда нарындык жаштар шаарга окууга келгендер жергиликтүү элдин жүрүм-турум, каада салтын сыйлоо сыяктуу бир нече талаптарды да айтышкан. Облус башчысы менен окуу жайдын басма сөз кызматы бүгүнкү аразадашуу кечиришүү менен аяктаган.