Президенттердин жолугушуусунда чек ара маселеси дагы талкууланды

Атамбаев менен Мирзиёев Сүрөттүн автордук укугу official

Казакстандын баш калаасы Астанада өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пикир алышуулар болгон.

"Сиздин Самарканга жасаган сапарыңыздан кийин мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугушуп турушубуз жакшы салтка айланды. Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз",- деген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбек лидери кыргызстандык кесиптешин "расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө" чакырган.

"Арадан өткөн жарым жыл алдыга жылыш үчүн жакшы негиздер бар экендигин көрсөттү. Эгерде биз ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш", - деп белгилеген Шавкат Мирзиёев.

"Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бардык олуттуу тармактарда кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоо боюнча биргелешкен активдүү иштерге даярдыгын билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боордош эки элдин жыргалчылыгындагы достуктун жана тынчтыктын чек арасы болууга тийиш экендигин баса белгиледи",-деп жазды президенттин расмий сайты.

Өзбек тарап тараткан маалыматта сүйлөшүүлөрдө эки өлкө ортосундагы чек араны аныктап, тактоо боюнча келишимдин долбоорун даярдоо маселеси талкууланганы айтылат.

"Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилди",-деп айтылат расмий жарыяланган маалыматта.

Өтөн апрель айынын орто ченинде Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов журналисттер менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы кызматташтык жолго коюлуп жатканын билдиргени бар.

«Биз Кыргызстан менен көп багыттар боюнча кызматташууга жетиштик. Тагыраагы, татаал жана аярлуу маселе болгон биздин чек аралардагы демаркация жана делимитация маселелери боюнча да. Бүгүнкү күндө биз дээрлик миң чакырым чек араны тактап бүттүк жана тарыхта эки тараптын тең макулдугу менен түбөлүк чек ара катары таанылып кала турган келишимдин долбоорун даярдап жатабыз",-деген эле Өзбекстандын Тышкы иштер министри.

Кыргыз-өзбек чек арасында тактала элек талаштуу делген 60 чукул участок бар деп айтылып жүрөт. 1378 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 324 чакырымы такталып бүтө элек.

Буга чейин чек ара тактоодо Өзбекстан тарап 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылып, эки тарап орток пикир таба алган эмес. (AbA)

Тектеш темалар