БУУнун баш катчысы Бишкекке келди

Антониу Гутерриш Сүрөттүн автордук укугу official

Бириккен улуттар уюмунун баш катчы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрүнө жсаган иш сапарынын алкагында бүгүн Бишкек шаарына келди.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Андан кийин Бишкекте "Таза коом" программасы боюнча жыйынга катышууда. Түштөн кийин Ош шаарына келери күтүлүп жатат. Ушул күндөрдө Ош аймагында 2010-жылдагы июнь коогалаңын эскерүү иш чаралары өтүүдө.

8-июнь күнү БУУнун баш катчысы Астанага келип, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынына катышкан.

«ШКУ Евразиянын чоң бөлүгүнүн өз ара түшүнүшүү, диалог, стабилдүүлүк жана өнүгүүсүндө чоң роль ойнойт. Силер биргелешкен күч-аракетти көптөгөн дүйнөдөгү коопсуздукка таасирин тийгизген азыркы коркунучтарга, анын ичинде терроризм, экстремизм, жана баңги кылмышы, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө жумшап жатасыңар. Бул татаал көйгөйлөр коллективдүү чараларды талап кылат»,-деген Антониу Гутерриш.

10-июнь ишемби күнү БУУнун баш катчысы Өзбекстандын Самарканд шаарында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

12-июнда БУУнун баш катчысы Тажикстанга барып, 13-июнда иш сапарын Түркмөнстанда улантат. Дүйшөмбү шаарында Антониу Гутерриш туруктуу өнүгүү боюнча конференцияда сөз сүйлөйт. Ал эми Ашхабадда Борбор Азиядагы терроризмге каршы күрөшүү стратегиясын ишке ашырууга арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышмакчы. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтына жарыяланды. (AbA)

Тектеш темалар