"Таза коом": Жаңы улуттук идея кантип ишке ашат?

"Таза коом" боюнча эл аралык форум
Image caption "Таза коом" боюнча эл аралык форум

“Таза коом” долбоору боюнча эл аралык форумдун декларациясында “колдойбуз”, “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына салым кошоруна ишенебиз”, “долбоор боюнча диалогду улантууга чакырабыз” деген сөздөр камтылды.

Эл аралык форум БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштин Борбор Азияга сапарына туш келди.

"Таза коомдун" келечеги кандай?

Эл аралык уюмдар дипломатиялык тил менен кубатташууда

Андан сырткары жыйынга Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Вернер Грубер, Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын регионалдык директору Лилия Бурунчук, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Бруно Балванера, Азия өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы өкүлү Кэндис МакДэйган жана башка башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев “Таза коом” долбоорунун планы менен тааныштырды:

“Планыбыз санариптик тейлөөлөрдү камсыздоо, маалыматтарды ачык кылуу, заманбап инфраструктура куруу, адам потенциалын өнүктүрүү. “Таза коомдун” көп планы менен максаты Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарына дал келет. Мисалы, тогузунчу глобалдык максат – маалымат технологияларына жетүүнү жана универсал интернетти камсыздоо”.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азияга сапары алкагында Кыргызстанга келди

БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары болуп турганда да Кыргызстанга келип кеткен Антониу Гутерриш Кыргызстандын чөлкөмдөгү демократияны камсыздап жатканына токтолду.

“Сиздер Борбор Азияда демократияны куруу боюнча алдыңкы сапта турасыздар, эми “Таза коом” менен санариптик экономиканы түзүүдөн тышкары, санариптик демократияны курууда чөлкөмдөгү туңгуч мамлекетке айланууну көздөп турасыздар”, - деди Гуттериш форумдун ачылышында.

“Таза коом” долбоорунун ишке ашарынан шек санагандар пикир билдирип келет. Андыктан президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков форумдагы сөзүн мындай талаштарга карабай, бул ишти аягына чыгарабыз деп баштады.

Каржысы канча, ким берет?

Сапар Исаков билдиргендей, “Таза коомдун” жалпы каражатын үч жыл муурун “China Telecom” компаниясы 360 миллион доллар деп баалаган. Исаков эми андан арзанга бүтүшү мүмкүн деди Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып:

“Телекоммуникациялык компаниялар жана башка мекемелер интернет жеткирип, “Таза коомдун” алкагындагы иштерди бутүрүп жатышат. Ошондуктан бул долбоордун баасы бир топ эле арзан болот деп ойлойбуз”.

Image caption Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекеттик тейлөөлөр жакында санариптешет дейт

Өкмөт жыл аягына чейин 220 миллион сом бөлүп жатат. Бул мамлекеттик порталды түзүүгө жана мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүүгө сарпталат.

Исаковдон иш жүзүндө каражат бөлүүгө даяр донор барбы деп сурадык.

“Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион кредит бергени жатат. Анын көбүнө Кыргызстандын ар бир айылына тез иштеген интернет жеткирилет. Бул долбоордун эң негизги бөлүгү”, - деди Исаков.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк 50 миллион доллардын 45 пайызын грант катары, калганын 0,7% менен берүүдө.

Бирок бул сумма Дүйнөлүк банктын региондогу Digital CASA долбооруна бөлүп жаткан акчасы. Эл аралык институт Digital CASA аркылуу аймакта коммуникациялык хаб түзүүнү, мамлекеттер арасындагы интернетти курууну көздөп келаткан. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан кирет.

Ишке ашабы?

“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов долбоордун башталганын кубаттайт, бирок ким ишке ашырат деген суроону коюуда:

“Чынын айтканда бул өкмөткө тиешелүү. Мени өкүнткөнү эмне себептен өкмөт бул программаны алып чыккан жок, эмнеге президенттин администрациясы алып чыгып атат? Долбоордун иш аракеттери өкмөткө тиешелүү. Эгер аткаруучу өкмөт болсо, тез арада бүтмөк деп ойлойм”.

Айрым эксперттер “Таза коомдун” ишке ашуусуна ишенбейт. Анткени бүт өлкөнү жана бардык тармакты камтыган ири долбоор. Мисалы, саясий ишмер Эдил Байсалов бийлик адегенде Бишкекте бир ай ысык сууну токтотпоо жолун тапса деген. Айрымдары таза суу чыгарып, жолдорду оңдосо дешет.

Мисалы, “Таза коомдун” бир бөлүгү “Коопсуз шаар”. Бир канча жыл мурда башталып ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаардын” бир учурда айтылган суммасы 60 миллион доллардан ашыгыраак эле. Эми андан беш-алты эсе көп акча талап кылган “Таза коом” бүтүрүлбөйт дешет ишенбегендер.

Image caption “Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов "Таза коом" өкмөттүн иши болчу дейт

Сынга алган эскперттер “Таза коомдун” акчасы бычылбай туруп акча изделип жатканы да одоно алешемдик дешет.

Ал эми мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров башка себептен улам “Таза коомду” колдобойт.

“Кагаз түрүндөгү бардык бюрократияны жойбосо, электрондоштурганда кайра эле ошол башаламандык кала берет. Адегенде азыркы иштерди ушу турушунда ирээттеп алыш керек. Мисалы, азыр мамлекеттик сатып алуулар интернет аркылуу жүрөт. Бирок коррупция жоюлган жок, мисалы, “молоко” деген сөздүн “о” тамгасын англисче кылып коёт, аны коррупционер чөйрө билет, башкалар интернеттен таппайт”, - дейт Аттокуров.

Ал ошондой эле бийликти эмес, коомду таза болууга чакырган аталышын жактырган жок.

Долбоордун артында кандай максат турат?

“Таза коом” долбоорун президент Алмазбек Атамбаевдин элди жаңы улуттук идеянын айланасында бириктирүү иш аракети деп баалашууда.

Айрым саясатчылардын баамында, бул шайлоо алдындагы үгүт болсо, башкалары президенттин кетээр алдында көзгө алынаарлык ишти калтыруу аракети.

Image caption Санариптик мамлекетте медицина, билим берүү жаан башка бардык тармакта тейлөө электродукка өтөт

Ошол эле маалда форумга келген эл аралык коноктор белгилегендей, мамлекетти санариптештирүү сөз жок жакшы максат.

Айрыкча саламаттык сактоо, билим берүү жана ар кандай справкаларды берчү мекемелерде тейлөөнү санариптештирүү зарылдыгы эбак келген.

Анткени жарандардын кезек күтүү, бир кагаз үчүн айылдан шаарга баруу же дарыгердин бейтапты тейлегенге караганда кагаз толтурууга көп убакыт коротушунан көңүлү калып келет.

Ушундан улам санариптик мамлекет болуунун өзүн баары эле жактырат.

Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев ишке ашыруу жагынан сынды түшүнсө болот, бирок санарип доорунда бул жараян эртеби кечпи башталыш керек эле дейт.

“Бул биздин экономиканын абалына түздөн түз тиешелүү. Ал эми 21-кылымда логистиканын артыкчылыгы санариптештирүү. Ага биздин инфраструктура даяр эмес. Эртедир кечтир, кайсы бийлик жасабасын бул башталыш керек болчу”, - деди Жаанбаев Би-Би-Сиге.

“Таза коом” 2040-жылга чейинки Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү. Андыктан ишке ашырып жаткан топ кийинки бийликтер де аткарат деп ишенет.