Кыргызстанда эки аял алуу темасы кайрадан талкууда

Кыргызстанда кайрадан эки же андан ашык аял алуу темасы талкууда Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Кыргызстанда кайрадан эки же андан ашык аял алуу темасы талкууда

Кыргызстанда эки же андан ашык аял алуу темасы кайрадан талкууда. Бул ирээт көп аял алуу демилгесин айым көтөрүп жатканы кызык болууда. Ошентсе да ал сунуш демейдегидей эле коомчулук сынына кабылып жатат.

Кыргызстанда көп аял алууга карата Кылмыш кодексинде эки жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Бирок ал жазага азырынча эч ким кабыла элек.

Экинчи аялдын укугу чектелүү болот

Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүп жаткан Назира Бегимдин айтымында коомдо ансыз деле нике кыйып алып, көмүскө эки-үч үй-бүлө күткөн эркектер көп. Бирок көбүнесе андай үй-бүлөлөрдө кийинки аял болгондордун укугу корголбой калууда.

“Бүгүнкү күнү экинчи аял болгон айымдардын укугу корголбой келет. Ал алардын чет мамлекетке, ажылыкка баруусунда байкалып атат. Алар жада калса балдарына фамилия ала алышпай жүрүшөт. Бул чоң маселе болуп жаткандыктан көтөрүп чыгып атам. Аягына чейин чыгам”, -деди Назира Бегим.

Эске салсак, Кыргызстанда буга чейин деле көп аял алуууну мыйзамдаштыруу аракеттери болгон.

Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин мурунку юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп, коомчулуктун каршылыгына кабылган болчу.

Ал демилге артында Курманбек Бакиевдин турганы тууралуу да сөздөр чыккан эле. Мурунку өлкө башчысынын экинчи аялы, ал тургай андан эки баласы бар экени тууралуу ал Кыргызстандан качып чыккандан кийин белгилүү болгон.

Көп аял алуу - кылмыш

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында көп аял алууга каршы Кылмыш жана жаза кодексинде 153-берене каралган, ага ылайык көп аял алуу үчүн эки жылга дейре эркинен ажыратуу каралган.

“Бул берене баягы советтик кодекстен бери келе жатат. Бирок совет мезгилинде бул уруучулук калдыктардын негизиндеги кылмыштар деп каралып, ага калың, кыз ала качуу кирген. Ал эми азыр ал Кылмыш жана жаза кодексинин Үй-бүлөлүк баалулуктарга каршы деген бөлүмүндө жүрөт. Бирок советтер убагында дагы, андан кийин деле ушул берене менен эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес”, - деди Клара Сооронкулова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Клара Сооронкулова: Көп аял алууга каршы Кылмыш жана жаза кодексинде 153-берене каралган

Клара Сооронкулованын айтымында коомдо көп аял алуу фактылары айдан ачык экенине карабастан бул берене иштебейт.

Материалдык көзкарандуулук аялдарга акарат айттырбайт

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова күйөөсү үстүнөн аял алып, ага жардам сурап кайрылган аялдар көп эле болорун айтты. Ал аялдарга борбордо психологиялык жардам, юридикалык кеп-кеңештер берилип, күйөөлөрүнүн жоругун ачыкка чыгаруу сунушталат. Бирок аялдардын экономикалык жактан күйөөлөрүнөн көз карандуулугу аларды чектейт.

“Сунуштайбыз, ал тургай бир прецендент жасайлы, жардам беребиз дейбиз. Макул болушат. Анан кийин ары ойлонуп, бери ойлонуп, анан дагы материалдык жактан дагы күйөөлөрүнөн көз каранды болушкандан кийин артка кайтышат. Күйөөлөрүнө да маалымат жетет да, алар “таптакыр талаада каласың, бир жериңди кысып оокатыңды жасай бер” дешет, анан кала беришет”, -деди Бүбүсара Рыскулова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бүбүсара Рыскулова: Күйөөсү үстүнөн аял алып, жардам сурап кайрылган аялдар көп

Көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесин айрым диний аалымдар колдоп, идеяны күчтүү сүрөөнчүлүккө алышууда. Кыргызстан диний мусулман башкармалыгы азырынча бул маселеде позициясын билдире элек.