Жаш балдарды оор жумушка тартуу көрүнүшү азайдыбы?

Бул күнү балдар эмгеги жана анын абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоо, кара жумушка тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө.
Image caption Бул күнү балдар эмгеги жана анын абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоо, кара жумушка тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө.

12-июнда Кыргызстанда балдар эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөштүн он күндүгү жыйынтыкталууда. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстандын Акыйкатчысы парламентте балдарга карата зомбулук жөнүндө баяндама жасады. Укук коргоочулар болсо эмгекке тартылган балдардын саны кыскарбай, бул көрүнүш дагы деле кайталанып жатканын айтышууда.

Бул күнү балдар эмгеги жана анын абалы жөнүндө коомчулукка маалымдоо, кара жумушка тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө.

Улуттук статкомдун 2014-жылкы изилдөөсү боюнча, 5 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 1,5 млнго жакын баланын 39% кара жумушка тартылат. Айыл жергесинде ар бир экинчи бала, шаарда ар бир бешинчи бала оор жумуш менен алектенет.

Ата-энесине каралашып, үй-бүлөдөгү муктаждык үчүн иштегендер Кыргызстанда миңдеп саналат. Балдар тамак-аштан тартып, кийим-кече, косметикага чейин сатышат. Жакшы жумуш таппай, аргасыздан керээли кечке араба түртүп, үй-бүлөсүн баккандар да бар. Бирок мындай балдардын саны азаюуда дейт “Балдардын укугун коргоо борборунун” өкүлү Кумар Эргешова:

“Элдин социалдык абалы мурдагы караганда бираз болсо да жакшырды. Анын үстүнө ата-энелердин аң-сезими өстү, баланы окутуш керек, билим берүү зарыл деп калышты. Ошондой эле эмгек миграциясында жүргөндөр акча которуп, үй-бүлөсүн багып жатат”.

Кыргызстандын Ош, Жалал абад сыяктуу аймактарында мектеп окуучуларын массалык түрдө пахта, тамеки жана жүгөрү иштерине тартуу советтик мезгилде кеңири тараган дешет. Бейөкмөт уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүндө жүз миңдеген жашы жете элек балдарды кара жумушка тартуу улантылып жатат деп келишет. Балдар көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн акча табуунун булагына айланган. Бирок бул аймакта жашы жете электерди жумушка чакыруунун башка дагы себептери бар, көптөр эмгекти балага тарбия берүүнүн бир жолу деп карашат.