Британия менен Кыргызстан ортосунда кош салык жоюлду

Британия менен Кыргызстан ортосунда кош салык жоюулду Сүрөттүн автордук укугу Matt Cardy / Stringer
Image caption Британия менен Кыргызстан ортосунда кош салык жоюулду

Британия менен Кыргызстан кош салыкты жоюуну макулдашты. “Кош салык алуудан качуу жөнүндө" макулдашууга бүгүн Экономика министри Арзыбек Кожошев менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит кол коюшту.

Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, документ эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана банк, тоо-кен, эл аралык жүк ташуу, киноиндустрия, спорт тармактарындагы кыргыз-британ компанияларына жакшы шарт түзөт.

''Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы кош салыкты жоюу боюнча келишимге кол коюлганына кубанып турам. Бул келишим эки жылга созулган маанилүү иш-чаралардын алкагында жетишүүлүүдө. Бул эки тараптын кызыкчылыгы камтылган келишим жана ага дипломатиялык алакалардын 25 жылдык мааракесинде кол коюлуп жатканына кубанычтамын'',- деди Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит документке кол кою аземинде.

Элчи келишим ратификациядан өтүп, күчүнө киргенден кийин британ жана кыргыз компанияларына жакшы мумкүнчүлүк түзүлүп, эки мамлекет ортосундагы соода-алакалары күчөрүнө үмүтүн билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Британия менен Кыргызстан кош салыкты жоюуну макулдашты

Бажы жана салык саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кубан Айдаралиев кош салыкты жою деген эмне экенин деп чечмелеп берди:

''Мисалга алалы, Улуу Британиянын жараны Кыргызстанга келип иштеп киреше тапса биз андан кирешеге салык деп кармап калабыз. Бирок ошол эле убакта ал киреше декларациясын өз өлкөсүндө да тапшырып жатпайбы. Ошондо биз андан кирешесинин 10%ын кармап калсак, тигил жактан алар өз эрежелерине ылайык 25% төлөтөт, ошону менен тапкан акчалай кирешесинин көбүн эле салыктарга төлөп калат да'', - деди Экономика министрлигини өкүлү Кубан Айдаралиев.

Ошол эле маалда Кыргызстан жараны Британияга барып иш баштай турган болсо, ал дагы кош салыктан бошотулуп, өзүнө ыңгайлуу өлкө салыгын тандай алат.

JIA бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров соңку кезде кыргыз өкмөтү өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча көп багыттуу иш алып барып жатканын айтты. Ал буга Кыргызстан соңку эки жылда Европанын ВСП+ системасына кирип, ЕАЭБге мүчө болгонун мисалга алды.

''Жаш ишкерлер ассоциациясынын Англияга барып ишкерлик кылган мүчөлөрү бар. Алар кыймылсыз мүлк тармагында иш алып барышат. Ошол эле учурда ал жактан Кыргызстанга келип айыл-чарба тармагында иш жүргузүп жаткан инвесторлорду билебиз. Бул жаңы келишим Кыргызстандын экономикасы үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп айтсак болот'',- деди Пакыров.

Бишкекте Британ элчилиги 2011-жылы ачылган. Ага чейин Улуу Британиянын Кыргызстанда Өнүгүү департаментинин өкүлчүлүгү гана бар эле. Эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына быйыл 25 жыл толду.

Улуу Британия 125 ашуун мамлекеттер менен кош салыкты жоюу боюнча келишимге кол койгон.

Тектеш темалар