Сейдуманов: руханий өнүгүү өтө маанилүү

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Сейдуманов Жанат: Руханий өнүгүүнүн жана билимдин деңгээли эч өзгөргөн жок. Бул абал дүйнөдөгү араздашууга жол ачууда.

Астана шаарындагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн алкагында, Алматы шаарында Биеннале же жазуучулардын жыйыны өтүүдө.

Иш чарага кыргызстандык жазычуулар Акбар Рыскулов менен Арслан Капай уулу катышууда.

Би-Би-Си Казакстандын Улуттук китепканасынын директору Сейдуманов Жанат мырзага кайрылып, жыйындын максаты тууралуу сурады.

Сейдуманов Жанат: Эл аралык адабий Биенналеде жазуучулардын коомдогу руханий таасири тууралуу сөз болуп, туруктуу өнүгүүгө салым кошмокчу. Жазуучулардын жыйынына 24 мамлекеттен атактуу акындар, жазуучулар жана маданий ишмерлер чогулду.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО жана ТҮРКСОЙ сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Биенналенин негизги максаты - коомдун экономикалык жана технологиялык өнүгүү учурунда руханий өнүгүүсү дагы маанилүү экенине көңүл буруу. Айтылган багытта теңсалмактуулук жоголгондуктан улам дүйнөдө араздашуулар көбөйүүдө.

Учурда технология жана өнөр жай революциясынын алдында турабыз деген сөздөр көп болууда. Бирок руханий өнүгүүнүн жана билимдин деңгээли эч өзгөргөн жок. Бул абал дүйнөдөгү араздашууга жол ачууда.

Бул маселени кантип жайгаруу керек жана көйгөйдү жайгарууда жазуучулардын ролу кандай?

Маданий ишмерлер, жазуучулар дүйнөлүк коомчулуктун лидерлери катары саналат. Коомдо расмий жана бейрасмий лидерлер бар. Коом жазуучулардын пикирин окуп, анын оюна көңүл бурушат.

Биенналеде дүйнөдөгү жазуучулар чогулуп, бир-биринин пикирин угуп, башка элдин каада-салты, маданияты тууралуу кабар алышат.

Бул жыйында адабий чыгармаларды которуу жаатында дагы сөз болду. Себеби окурмандарга башка элдин маданиятын жана пикирин адабиятты эне тилине которуп жеткирсе болот. Эки башка элдин бир-бирине болгон сый-урмат дагы жогорулайт.

Сүрөттүн автордук укугу Social Media
Image caption Сейдуманов Жанат: Эл аралык адабий Биенналеде жазуучулардын коомдогу руханий таасири тууралуу сөз болуп, туруктуу өнүгүүгө салым кошмокчу.

Би-Би-Си: Кыргыз адабий чыгармаларынын Казакстандагы орду кандай?

Сейдуманов Жанат: Эки мамлекеттин эли маданий жана руханий байлыктары менен байлануу. Албетте биздин окурмандарыбыздын көбү Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп өскөн.

Эл аралык Биеннале же жазуучулардын жыйыны идеясын Чынгыз Төрөкулович Ысык Көлдө түптөгөн. Бир учурда Чынгыз Айтматов Чолпон-Ата шаарына атактуу жазуучуларды чакырып, бул жыйында талкууланган көйгөлөргө алар дагы кайрылушкан.

Алматыдагы жыйынга Кыргызстандан кесиптештерибиз келип, Акбар Рыскулов өтө мыкты сөз сүйлөдү. Эки эл бир-биринин маданияты жана каада салты аркылуу гана жакындай алат.

Биздин китепканаларда, фонддордо кыргыз жазуучулардын көптөгөн чыгармалары сакталуу. Бул эки мамлекеттин мамилелери тыгыз экенинен кабар берет. Бир гана мамлекет башчылары эмес, карапайым калк дагы жылуу мамиледе.

Би-Би-Си: Бүгүнкү күнү кыргыз адабияты казак тилине, казак адабияты кыргыз тилине которулуп жатабы?

Сейдуманов Жанат: Бул маселе дагы талкууга алынды. Тилекке каршы бүгүнкү күнү котормочулук иштер азайды. Учурда профессиналдуу котормочулардын саны аз. Бул котормолор негизинен жазуучулардын бир-бири менен жеке, түздөн-түз байланышы бар болгондуктан ишке ашат. Ар бир элдин эне тили уникалдуу. Аны которуп, башка тилге жеткирүү үчүн чыгарманы деңгээли бийик болгон акын же жазуучу которушу керек.

Обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам эки элдин жазуучулары көп кезикпей калган. Ал себептен Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынан тышкары башка жазуучулардын эмгектери казак тилине которулбай келет. Ошол эле себептерден казак жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине которулбай келет. Учурда Казакстан улуттук программасына ылайык казак жазуучуларынын чыгармаларын чет тилдерге, биринчиден коңшу мамлекетердин тилине которуу иштерин баштаганы турабыз.

Тектеш темалар