Пономарев: “Коргос” “Дордойдун” атаандашы эмес

Акыркы жылдары "Дордойдогу" соода солгундап, жүздөгөн соодагерлерди убайымга салды Сүрөттүн автордук укугу Fahri Tarkan
Image caption Акыркы жылдары "Дордойдогу" соода солгундап, жүздөгөн соодагерлерди убайымга салды

“Дордой” базарынын онлайн соода аянтчасы ачылууда. “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев базар Евразия экономикалык биримдигине кирүү учурундагы кризисти артта калтырды дейт. Анын эсебинде, “Коргос” “Дордойго” атаандаш эмес.

Би-Би-Си казак-кытай чек арасындагы “Коргос – Чыгыш дарбазасы” кургактагы портто орун алган ири “Коргос” базарына байланыштуу Пономарев менен “Дордойдун” келечегин сүйлөштү. Акыркы жылдары базардын профсоюзу соода айланууну 80-90 пайызга түштү деген. Вице-президенттен адегенде базардын азыркы абалын сурадык.

"Дордойдогу" соңку кризистин себептери

Сергей Пономарев: Кесиптештер “Дордойдогу” товар айлануунун көлөмү төмөндөп кетти дегенде акыркы 5-7 жылдыкын айтышкан. Бажы биримдигинин де-юрасы пайда болгон 2010-жылдан тарта, Крыгызстан ага катыша электе биримдикке кирген өлкөлөргө товар өткөрүү кыйынчылыктарына туш болдук. Анткени “Дордойдун” 85-90 пайыз товары Казакстан менен Орусияга сатылары белгилүү. Ошондуктан бажы жана административдик кыйынчылыктар болду. Мен 2013-жылы эле биримдикке киргенде базарда соода кыймылы бир жылга чейин басаңдайт деп божомолдогом. Анткени кагазда жазылган регламент башка, аны иш жүзүндө сынап көрүү башка. Ал калыпка түшүүгө божомолдонгондой эле убакыт кетти.

Image caption "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев бул базар келечекте да иштейт деди

Андан сырткары биз биримдикке 2015-жылы 12-августта кирсек, 20-августта Казакстан тенгени эркин коё берди. Анын куну эки эсе түштү, бул биздин негизги аудиториябыз. Ушул сырткы факторлор сооданы басаңдатты.

Эми ички факторлор, макроэкономика соодада иштегендер эмгекке жарамдуу калктын он пайызынан ашпаш керек дейт. Андан ашса, ички кризис башталат. Кыргызстанда юридикалык, физикалык жактар биригип 460 миң киши соода менен алектенет. Бул жыйырма пайыздан да кыйла көп. Демек бул тармакка инвестиция салуу банкротко алып келет. Көп массанын соодага кириши бул кризис.

Борбор Азиядагы ири базар модернизацияланат

Би-Би-Си: Сиз “Дордойдо” абал азыр жакшырды дегиңиз келип жатат. Товар айлануу көлөмү боюнча акыркы көрсөткүчтөр кандай?

Сергей Пономарев: Кризис токтоду. “Дордой” базарында ээси ижарага контейнер бергенин табып көрүңүз, жок. Мен 2008-жылдагы деңгээлге жеттик деп айта албайм. Бул базардын туу чокусу болгон. Төмөндөө токтогону – бул, факт. Бирок “Дордой” ассоциациясы өнүктүрүү аракетин көрүүдө. Биз 2031-жылга чейин базарды узак мөөнөттө өнүктүрүү программасын бекиттик. 2021-жылы акыркы беш жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Беш жылда беш кабаттуу унаа токтотуу жайын курабыз.

Би-Би-Си: Базардын өзү кандай жаңыланат?

Image caption "Коргос" базары түшкөн "Коргос-Чыгыш дарбазасы" жаңы Жибек жолундагы ири унаа түйүнү болууну көздөйт

Сергей Пономарев: Андан ары, жакында вай-фай мейкиндигин түзөбүз. Чет жерден келген биздин коноктор байланышта болуш керек. 7-июлда ири электрондук соода аянты “Дордой онлайнды” киргизебиз. Мобилдик тиркеме жасайбыз, ал аркылуу кайсы жерде эмне бар экенин, базардын картасын көрүүгө болот. Эскиче кармап көргүсү келген кардарлар үчүн Казакстанда, Орусияда кампаларыбыз ачылат. Бул беш жылдагы иштер. Негизи алдыда базар mall болот.

"Коргос" "Дордойго" эмне үчүн атаандаш эмес?

Би-Би-Си: Сиз “Коргос” “Дордойго” атаандаш эмес дейсиз, бирок “Дордойдун” айрым сатуучулары Кытайдан ташыганга караганда арзан түшкөндүктөн товарды “Коргостон” алып келгенин айтышууда.

Сергей Пономарев: Бул утопия. Кырдаалды карап көрөлү. “Коргостон”, эркин экономикалык аймактан товар Кыргызстандагыдай эле бажы тарифи менен чыгат. Ал жактан 100 кг товар алып чыкканда канча төлөсөңүз, бул жерде да ошончо төлөйсүз. Бажы тарифисиз “Коргостон” 1500 доллардан ашык соода кыла албайсыз.

Андан сырткары биздикилер товарды Кытайдан, Түркиядан товардык кредит менен алышат жана өздөрүнүн дүң соода кылган кардарларына насыяга берет. Насыя менен иштеп көнүп калгандар “Коргоско” барып нак акчага сатып албайт.

Мындан сырткары “Коргоско” барганыбызда төрт жүз машина турат. Ар биринде төрттөн киши болгондо да 1600 киши. Бизге күнүнө 100 миң кардар келет. Андыктан “Коргос” атаандаш болбойт. “Коргос” дагы өнүксө, 3-5 жылдан кийин аудиториянын бир бөлүгүн алып кетет. Бирок биз дагы кол куушуруп отурган жерибиз жок.

Эки жыл мурда соодасы кескин түшкөн базардын азыркы абалы

Би-Би-Си: Базардагы соода боюнча акыркы көрсөткүчтөрдү айтасызбы?

Image caption Жергиликтүү текстиль тармагы өзүн ордун табууда дешет адистер

Сергей Пономарев: Мындай көрсөткүч эч кимде жок. Кимдир бирөө “Дордойдун” соода алмашуусунун көлөмүн билем десе ишенбеңиз. Аны айтуу мүмкүн эмес.

Абал мындай, эки жыл мурда контейнерди ижарага алуу оңой болсо, азыр андай эмес. Болгондо да ал учурда ижарачы күзөт менен жердин ижарасын гана берип, контейнердин ээсине ижара төлөчү эмес. Жакшы соода болгон катарларда ижарага контейнер азыр такыр жок.

Би-Би-Си: Контейнерлер акысыз берилип, аны темир-тезекке сатуу бул ушак дейсизби?

Сергей Пономарев: Эки жыл мурда акысыз берүү болгон, бирок чекене саткан катарларда гана. Биринчиден, соодагерлерибиз кийим дүкөндөрүн ачып, “Дордойдо” дагы барбыз деп дарегин жазып коюшкан. Баалары бирдей. Бул стратегиялык ката. Анткени шаарда имарат ижарасы абдан кымбат, “Дордойдо” арзан, эң кымбат ижара он бир миң сом. Ал эми эки миң, үч миң доллар деген бул контейнер ээсинин ижарачыга берген баасы, бул базардын ижарасы эмес. Чекене соодадагы стратегиялык ката анын басаңдатты. Биз эми ар жерлерде акция кылып турабыз, арзандатуу түнүн, сезондук сатып түгөтүүлөрдү уюштурабыз.

Би-Би-Си: “Дордойдун”салык боюнча акыркы статистикалык маалыматтары кандай?

Image caption "Дордойду" модернизациялоо программасы 2031-жылга чейин жүрөт

Сергей Пономарев: “Дордойдон” каражат үч жол менен түшөт. Биринчи, ар кандай бажы төлөмдөрү, бул Евразия экономикалык биримдиктин жалпы казынасына барып, кайра кайтат. Биз ага кире электе 4 млрд сом алчубуз. Азыр бул жогору, анткени бажы төлөмдөрү жогорулады жана биримдиктен кайткан сумма, мисалы, Арменияга салыштырмалуу көбүрөөк.

Экинчи жолу салыктар. Ал экиге бөлүнөт, юридикалык жактар жана патент алгандар. Бизде жылына 700 миллион сом салык чогулат, базар 6 миллиард сомдой бажыга берет.

Үчүнчү жол аркылуу 150-200 миллион сом юридикалык жана жеке тараптан чогулган социалдык фондго келет.

Жалпы 7 миллиард сомдун тегереги, бул Кумтөрдөн түшкөн каражаттан көбүрөөк.

Бирок мен “Дордойду” бюджетти толтуруп, ири салык төлөөсүнө эмес, элди жумуш менен камсыз кылуусуна маани берем. Бул “Дордойдун” чоң жетишкендиги. Тигүүчүлөрдү, жергиликтүү жана Орусиядагы, Казакстандагы ортомчуларды кошкондо ал 600 миң адамдын тегерегиндеги армия.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар