Балдар кайда? Базар, лагерь, жайлоодо

Кыргызстанда 2200 дөн ашуун мектепте 1 млн. 200 миңдей окуучу бар
Image caption Кыргызстанда 2200 дөн ашуун мектепте 1 млн. 200 миңдей окуучу бар

Жайкы эс алуунун башталышы менен окуучулардын бош убактысын бөлүштүрүү ата-энеге жүктөлөт. Кыргызстанда 2200 дөн ашуун мектепте 1 млн. 200 миңдей окуучу бар.

Окуучулардын токсон күн убактысын ден соолугуна жана билим алуусуна пайдалуу өткөрүүгө канчалык көңүл бурулат?

Би-Би-Си жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын басымдуусу, балдары физикалык жактан эс алганы эле жетиштүү деген пикирди кармангандай. Адистердин айтымында, ата-эне балдардын жай мезгилинде кенен ойноп же чарба ишине көмөкчү бойдон калтырышы туура эмес. Биринчи кезекте саламаттыгына көңүл буруп, анан жыл ичиндеги көрсөткүчү начар сабактары боюнча кемчиликтерин жоюуусу зарыл.

Image caption Экинчиден, акча кармап, акча табуунун кынуусун таап алган балдар, лагерге бар десең да барбайт",- дейт "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева

"Акча тапкан, конокко барып же тосуп жүргөн эле ата-энелер канчалык деңгээлде балдарынын жайкы эс алуусуна көңүл буруп жатат? Балдарын боло берет, жардамдашат, аны-муну сатат деп жумушчу күчү катары пайдалангандар толтура. Экинчиден, акча кармап, акча табуунун кынуусун таап алган балдар, лагерге бар десең да барбайт. Ошентип бир топ балдардын балалыгын базар уурдап жатат. Өкүнүчтүү жагы балдар жайкы тыныгууга чыккан учурда башка эс алуучу маданий жайдын баары кошо тыныгууга кетет. Мунун бир жолун табуу керек",- дейт "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева.

Лагерде эс алууга такыр мүмкүнчүлүгү жок делген окуучуларга программалар барбы?

"Андай балдар боюнча өзүнчө рейддер жүргүзүлүп, бул маселе каралат .Алардын болжолдуу саны аныкталган. Мен аны тактап билдирем",- дейт Билим берүү министри Гулмира Кудайбердиева.

Image caption Акча тапкан, конокко барып же тосуп жүргөн эле ата-энелер канчалык деңгээлде балдарынын жайкы эс алуусуна көңүл буруп жатат?

Министр быйылкы окуу жылы жалпысынан ийгилктүү аяктап, билим берүү тармагына жакшы жаңылык болгонун айтууда.

"Өкмөт тарабынан мугалимдердин ден-соолугун чыңдоо үчүн "Асыл" пансионатын министирликтин карамагына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Премьер-министр аталаган панисионаттын аймагына пансионаттын жаңы имараттын куруу боюнча тапшырмасын берди. Атайын эс алуу жайынын келечеги абдан кенен жана көлөмү жагынан да бир топ эле чоң",- дейт Билим берүү министри Гулмира Кудайбердиева.

Окуучуларды жеткиликтүү баада атайын программалары бар лагерлер менен камсыз кылуу көп маселенин алдын алаары такай айтылганы менен ал толук кандуу ишке ашпагандай.

Image caption Баардык эле ата энелерди жайкы эс алуу учурунда балдардын кооопсуздугу, өзгөчө жолдо сак жүрүшү ойлондурбай койбойт

"Эс алууга шарты жок деген окуучулар үчүн 5 млн. Сом салттуу түрдө каражаттын бөлүнүп жатканы абдан жакшы. Бирок статистика боюнча бир миллион 200 миңдин айланасында окуучулар бар болсо, эс алган окуучулардын саны жалпы сандын бир эле тамчысы болуп калып атпайбы. Кемчиликтерди да дароо белгилеп коюшубуз керек учурунда канчалаган лагерлер менчикке өтүп кеткен. Алардын баары мамлекеттин карамагында болгондо маселе бир топ жеңилдейт эле. Мүмкүн болушунча менчикке өтүп кеткен лагерлер маселесин чечүү керек. Атайын программа менен иш алып барган лагерлерде балдарды окутуу көп жакшы иштерге толук өбөлгө болуп бермек. Бул абдан олуттуу маселе", - дейт Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева.

Баардык эле ата энелерди жайкы эс алуу учурунда балдардын кооопсуздугу, өзгөчө жолдо сак жүрүшү ойлондурбай койбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Anna cook
Image caption 635 мектептин ичинде күндүзгү лагерлер да ачылган

"Республика боюнча ден-соолукту чыңдоо үчүн кырк бир лагер ачылган. Жалпысынан бир убакта эс алууга 7814 орун бар. Жай мезгилинде бул лагерлерде 4-5 этап менен окуучулар кабыл алынат. Күнү-түнү менен көзөмөл кылууга атайын милиция кызматркелери бөлүнгөн. 635 мектептин ичинде күндүзгү лагерлер да ачылган. Үч маал тамагы, шарты менен уюштурулган. Жол коопсуздугу да унунтта калган жок",- дейт Ички иштер министирлигинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов.

Жай мезгилинде ар бир ата-эне балдарынын дене тарбиясына көңүл бурганы да маанилүү экенин адистер айтышат. Алар жылдын төрттөн бир бөлүгү текке кетип калбасы үчүн эң жөнөкөй ыкма - балдар үчүн атайын жадыбал түзүп алуу абдан натыйжалуу болоорун сунуш кылышат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар