Максим Бакиевдин айыптоо ишиндеги негизги күбө кармалды

2016-жылы Лондондо болгон сот Максим Бакиевге коюлган күнөөнүн жетиштүү далили жок деп чечкен.
Image caption 2016-жылы Лондондо болгон сот Максим Бакиевге коюлган күнөөнүн жетиштүү далили жок деп чечкен.

Максим Бакиевди британдык ишкер Шон Дейлиге кол салуу боюнча айыптоо ишиндеги негизги күбө болгон израилдик жаран Берти Синбетти кармалганын Бишкектеги "Гранд-Профи" компаниясы Би-Би-Сиге ырастады.

Компаниянын берген маалыматына караганда, Израилдин жараны Берти Синбетти 9-июнда Улуу Британиянын аймагында Англиянын Жогорку Сотунун буйругу менен кармалды. Аны 2016-жылы болгон сотко келип, көрсөтмө бербей, сотко урмат көрсөтпөй койду деп айыпташууда.

Берти Синбетти британдык ишкер Шон Дейлиге кол салуу боюнча Максим Бакиев айыпталып жаткан иште негизги күбө каралып жаткан. Бирок ал иш сотто каралып жатканда келип көрсөтмө бербей койгон.

Компаниянын юристтеринин айтымында, Синбетти Максим Бакиев эгер ага каршы көрсөтмө берсе, анда соо калбайсың деп коркутканын айтууда. Эгер Синбеттинин сөздөрү далилдүү болуп чыкса, жергиликтүү мыйзам боюнча Максим Бакиев өмүр бою камалып кетиши мүмкүн. Азыр бул иш боюнча сотто териштирүү болуп жатат.

"Ал өткөн жылы коркутуп үркүтүүлөр болуп жатканын айтып, Лондондогу сотко келбей койгон. Эми бир жылдан кийин келип, кармалганда ал ага коркунуч болгонун айтып көрсөтмө берип жатат. Ал аны сотто далилдеп жатат. Бул абдан маанилүү. Ал кол салуу кандай болгонун уккан, билет. Ошон үчүн аны Максим Бакиевдин кишилери кысымга алган болушу мүмкүн. Менин оюмча бул Англиянын соту үчүн, Кыргызстан үчүн өтө маанилүү деп эсептейм",-деди Би-Би-Сиге "Гранд-Профи"компаниясынын өкүлү Нурлан Жээналиев.

Image caption Шон Дейли өзүнүн өмүрүнө кол салууну уюштурган деп жаткан Максим Бакиевге Лондондо Кингстон районунда анын үйүнөн 60 чакырым жерде жашоого уруксат берилгенине күйбөгөн жери күл болуп жатканын билдирген.

Синбеттини сот 30-июнда кайрадан суракка ала турганы белгилүү болду. Ал ортодо Шон Дейлинин адвокаттары Максим Бакиевге каршы ишти кайра жандандыруу аракетин көрүп жатышат.

2006-жылы Бишкекте британдык "Оксус" компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге үйүнүн жанынан кол салуу болуп, ал ок тийип, жаракат алып, бирок дарыгерлердин күчү менен аман калып, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Шон Дейлиге таандык "Оксус" компаниясы 2005-жылы Таластагы "Жерүй" алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Бирок 2006-жылы Максим Бакиев анын лицензиясын башка компанияга сатууга мажбурлаган. Шон Дейли ошондуктан өзүнө болгон кол салууну Максим Бакиевден көрүп келатат.

2015-жылы Дейли Максим Бакиевди кол салуу боюнча күнөөлөп Лондондун сотуна арыз берген. 2016-жылы Лондондун соту далилдер жетиштүү эмес деген негизде Дейлинин арызын четке каккан.

Бир жыл мурда болгон сотко Берти Синбеттиден башка дагы маанилүү күбө болгон Кыргызстандын парламентинин депутаттары Эльвира Сурабалдиева жана Замир Бекбоев дагы келбей коюшкан. Адвокаттардын айтымында, алардын дагы көрсөтмөсү Бакиевдин ишинде абдан маанилүү болчу жана сот чечимине таасирин бермек.

Ушул эле иш Бишкектин Биринчи Май сотунда каралып, Максим Бакиев күнөөлүү деп табылып, аны сот өмүр бою эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискация кылуу жөнүндө сыртынан өкүм чыгарган. Сот чечими менен ошондой эле Курманбек Бакиев 25 жылга, агасы Марат Бакиев 20 жылга эркинен ажыратылган. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар