Күйдүргү очоктору канчалык коопсуз?

Официалдуу маалыматтар боюнча өлкөдө 554 күйдүргү очогу бар.
Image caption Официалдуу маалыматтар боюнча өлкөдө 554 күйдүргү очогу бар.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абаддын Аксы районундагы дарыя алып кетиши мүмкүн делип жаткан күйдүргү очогун убактылуу бекемдеп бүткөнүн кабарлоодо.

“Министрликке тиешелүү оор техникалар тартылды жана айыл аймактан кошумча жардамдар болуп, жарандар менен биргеликте убактылуу коопсуздандырылды. Ал жерден оору таркап кетүү коркунучу азырынча жок. Дарыянын нугу башка жакка бурулуп, чоң таштар менен дамба орнотулду. Бул аймактагы күйдүргү очогу 1984-жылдын 27-июлунда көмүлгөн. Жалпы аянты 50 чарчы метр болгон жер бетондолгон”, - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов.

Өлкөдө 7-июнда болгон катуу жаан-чачындан улам Аксынын Бүркүт айлындагы Авлетим дарыясындагы суунун көлөмү жогорулап, ал күйдүргү бар делген кооптуу аймакка чейин жеткенин жергиликтүү тургандар айтып чыккан. Сел коркунучунан улам Аксыга эки күн өзгөчө кырдаал жарыяланып, анын ичинде күйдүргү бар делген жерлер коопсуздандырылганын расмийлер маалымат таратууда.

Бул окуя Кыргызстандагы күйдүргү очокторунун коопсуздугу тууралуу маселени кайрадан көтөрдү. Би-Би-Си дарыгер жана эпидемиолог Элмира Масымбаевага кайрылып, күйдүргү бар делген аймактар жана алардын учурдагы коопсуздугу тууралуу сурады.

“Официалдуу маалыматтар боюнча өлкөдө 554 күйдүргү очогу бар. Эң чоңдору: Жалал-Абад облусунда 188, Ошто 63 очок. Булардын дээрлик баары курчоого алынган. Атап айтканда, 507 жер тегерете курчалса, 534ү бетондолгон. Көп кооптогууга негиз жок. Биздин өлкөдө ушу күнгө чейин күйдүргү илдетинин тери формасы гана катталып келет. Бул эң жеңил түрү. Ошондой эле соңку жылдары бул илдеттен көз жумган жарандар каттала элек”.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, күйдүргү көмүлгөн жерлерди дезинфекциялоо иштери бир жылда эки жолу болуп турат. Такталган жерлерге атайын белги коюлган.

Күйдүргү көбүнчө мал-жандыктан адамга жугат деп аныкталган. Оорунун козгогучу жерде бир кылымдап жашайт. Кыргызстандын аймагында күйдүргүнүн бейрасмий түрдө 1200дөн ашуун очогу катталган. Анын 600гө жакын гана такталган.

Былтыр өлкө боюнча 12 жаран күйдүргүгө кабылып ооруканага түшкөн болсо, быйыл жыл башынан мындай факт каттала элек дешет дарыгерлер.

Тектеш темалар