Ыктыярчы: Берейин дейм, каным аз

Такталган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда миң муктаж адамга бир гана кан донору туура келет.
Image caption Такталган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда миң муктаж адамга бир гана кан донору туура келет.

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Кыргызстанда донорлордун саны өтө эле аз экендигин дарыгерлер Би-Би-Сиге билдиришти.

Буга адамдардын кан тапшыруу түшүнүгүнөн сырткары башка дагы кандай факторлор себеп болушу мүмкүн?

Image caption Мыйзамга ылайык ден соолугу талаптарга жооп берген, жашы 18 ден 60 жашка чейинки жарандар кан донору боло алат.

Уюшулган акцияларда донорлор кезек талашканы менен адатта кан тапшыруучулардын саны аз экенин дарыгерлер ырастоодо. Буга мисал катары теле, радио же интернет аркылуу шашылыш кан издеген учурларды да айтса болот. Кан тапшыруу коопсуз деген менен ага ишенбеген көз караштар дагы деле жок эмес дешет адистер.

Такталган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда миң муктаж адамга бир гана кан донору туура келет. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу кан донору жетишпейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча ар бир миң адамга 40-60 донордун болгону абзел.

Image caption Айына миң сомдон акча каражаты ардактуу кан донору болгондорго берилет

"Кан тапшырууга үгүттөө ишин башка мекемелер жүргүзүшү керек. Кан борбору өзү үгүттөп, өзү кан алганы туура эмес. Эл аралык "Кызыл чырым", "Кызыл жарым ай" коому сыяктуу уюмдар иш жүргүзгөнү ыйлайык. Дүйнөлүк практика да ушундай. Биздин мыйзамдарда бул так жазылган. Тилекке каршы башка мекемелер ойдогудай иш алып барбагандыктан кан борбору өзүбүз бул ишти аткарууга мажбур болуп жатабыз. Кыргызстанда донор болуу маданияты төмөн. Эң башкы көйгөй - ыктыярдуу, акысыз кан тапшыруучулардын санынын аздыгы. Коңшулаш мамлекеттерге салыштыра турган болсок бизден кийинки орунда Тажикстан гана турат",- дейт Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев.

Image caption Кыргызстанда азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар

Дарыгер коомдо ыктыярдуу кан тапшыруу түшүнүгүнүн төмөндүгү, өнөктөштөрдүн уюштуруу иштеринен аксаганы негизги себептердин бири дегени менен дагы башка да себептер аз эместей. Би-Би-Си жүргүзгөн сурамжылоого катышкан адамдардын көбү, кан тапшырууга каалоосу болгону менен жеке саламаттыгы туура келбей турганын айтышууда. Алардын басымдуусу кызыл кан клеткалары (гемоглобин) аздыгын, ар кандай оорулардан жабыр тартаарын жүйө келтиришкен.

Бирок ошол эле учурда өз ден-соолугунан сырткары башкалар үчүн да аянбай турган ыктыярчылар жок эмес.

"Сегиз жылдан бери донормун. Айрыкча төрөтканаларда өтө шашылыш кан керек деген учурлар болот. Өзүм да дарыгер катары аралашып жүрөм. Менин канымдын тобу аз адамдарда болгондуктан барып кан берип жүрчүмүн. Кийин жашым жогорулаганда кан басым туруксуздашат экен. Мен ага жакшы таасири болот дегенден дарыгерден кеңеш сурадым. Алар текшерилип, жыйынтыктары жакшы чыга турган болсо тапшыруунун эч кандай коркунучу жок деп айтышкандан бери такай тапшырып келе жатам",- дейт кан донору Аниса Осмонова.

Image caption Аниса Осмонова

Донор каны кимге куюлганын билбейт. Муктаждардын ыраазычылыгын укпаса да жакшы иш кылдым деп женилдеп калаарын айтат.

"Кан кимге куюлганын деле билбейм. Башксы жардамыбыз тийсе болду деп эсептейм. Сиздин каныңыз туура келет экен деп жардам сураса барганга даярмын. Ал тургай бир жолу түнкү үчтө чалып кан сурашкан, жолдошум да барбасаң болбойт экен дегенден барган учурлар болду. Мындан корко турган эч нерсе жок. Эс алып, туура тамактанса бир сутканын айланасында эле адам кайра калыбына толук келе алат. Пайдалуу жагы жаңы кан клеткалары өсүп жетилет",- дейт донор Аниса Осмонова.

Image caption Би-Би-Си жүргүзгөн сурамжылоого катышкан адамдардын көбү, кан тапшырууга каалоосу болгону менен жеке саламаттыгы туура келбей турганын айтышууда. Алардын басымдуусу кызыл кан клеткалары (гемоглобин) аздыгын, ар кандай оорулардан жабыр тартаарын жүйө келтиришкен

Мыйзамга ылайык ден соолугу талаптарга жооп берген, жашы 18 ден 60 жашка чейинки жарандар кан донору боло алат. Кан алуу процедурасынын так сакталышына кан алып жаткан мекеме жоопкер. Айына миң сомдон акча каражаты ардактуу кан донору болгондорго берилет. Андай көрсөткүчкө акысыз түрдө 30, акы алуу аркылуу 45 же андан көп жолу кан тапшыргандар жетише алат. Кыргызстанда азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. Адистер айына төлөнүүчү каражаттын эсеби көбөйө турган болсо кан тапшыргандар да көбөймөк деген пикирде.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар