Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин каттата алабы?

Айыпталуучу тарап соттук ишти саясий куугунтук деп эсептейт
Image caption Айыпталуучу тарап соттук ишти саясий куугунтук деп эсептейт

Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотко жетти. Бирок соттук иштин маңызын кароо баштала элек. Ал арада бул соттук жыйындардын ыргагын президенттик шайлоого байланыштырышууда. Андай болгон күндө Текебаев президенттикке талапкерлигин кантип коёт?

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр жана элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту өтмөк. Чотоновдун жактоочулары баш коргоо чарасын кароо боюнча Жогорку Сотко арыздангандыктан отурум болгон жок

Бишкек шаардык соту 12-июндагы жыйында Чотоновду камакта калтыруу чечимин чыгарган. Жактоочулар сот жогорку инстанцияга “арызданып жетишсеңер жетишкиле, болбосо уланта берем” деп бүгүнкүгө койду дешет. Алардын жүйөсүндө, арызданууга он күнү бар эле.

“Бир гана максат - президенттик шайлоого Текебаевди катыштырбай коюу болуп жатат”, - деди “Ата Мекен” партиясынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова.

Шаардык сот 12-июндагы отурумда Чотоновдун баш коргоо чарасы менен кошо Текебаевдин баш коргоо чарасын алдын ала карап, экөөнү тең камакта калтырган. Адвокаттары Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызданбаганына карабай, бул маселе прокуратуранын сунушу менен чечилди.

Жактоочулардын айтымында, сот менен прокурор одоно мыйзам бузду.

“Бул эмне деген аныктама, мындай качан болду эле?! Прокуратура жаңы мыйзам чыгардыбы, жаңы өнөкөттү баштап жатабы? Бул абдан күлкүлүү, эгер бүгүн сот прокурордун бул сунушун канааттандырса, мага күлкүлүү болот. ”, - деген Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов сот залында судьялар коллегиясы чечим чыгарар алдында.

Image caption Иштин маңызы азырынча Биринчи май райондук сотто

Сот прокурордун сунушун канааттандырды. Айыптоочулар жазык процессуалдык кодекстин чегинде иш алып барып жатканын айтты.

Сот ишинин түйүнү президенттик шайлообу?

Жактоочулар Текебаевди шайлоого каттатпаш үчүн бийлик сотту бат өткөрүүдө дешүүдө. Ал эми прокурорлор Текебаев тарап шайлоого катталып калыш үчүн сотту создуктуруу аракетинде экенин айтышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого 75 күн калганга чейин талапкерди жылдыруу жүрөт, ал эми 35 күн калганга чейин каттоо өтөт деп түшүндүрдү:

“Шайлоого 75 күн калганда талапкерди жылдыруу токтойт. 45 күн калганга чейин керектүү документтерди БШКга тапшырышат. 45 күн калганда документ кабыл алуу токтойт. Шайлоого 35 күн калганга чейин, он күн ичинде каттоо процесси жүрөт. Шайлоого 35 күн калганда каттоо токтойт”.

Шайлоо мыйзамына ылайык, кылмыш иши козголуп, сот өкүмү чыга элек киши талапкерлигин каттата алат.

Ал катталып, сот иши уланып жаткан болсо убактылуу кармоочу жайдан үгүт жана башка иштери үчүн чыгарылабы жокпу шайлоо мыйзамында жок, сот чечет.

Ошондо Өмүрбек Текебаев шайлоого 45 күн калганда, августтун башынан тарта каттала алат. Бирок БШК шайлоого 35 күн калганда же сентябрдын ондоруна чейин акыркы жообун берүүгө укуктуу.

Жогорку Сотко иштин бир бөлүгү өттү

Жогорку Сотко азыр Текебаевдин сот ишинин баш коргоо чарасы боюнча бир аныктамасы жетти. Иштин негизги маңызын райондук сот карайт, ал али баштала элек.

Image caption Өмүрбек Текебаевдин соттук иши каршылык акциялары менен коштолуп келатат

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мындан улам Текебаев каттоого жетишиши мүмкүн деген ойдо:

“Анткени иштин маңызын райондук сот териштирет, даттанганда экинчи инстанция ошол эле эрежелер менен ишти баштан аяк кайра карап чыгат. Иш канча мөөнөткө созулуп кетишин айта албайбыз. Эгер сот өкүмү чыкканга чейин катталып калса, үгүт иштерине чыгарбайт, бирок сынактарга алып барыштары керек”.

Сооронкулованын айтымында, талапкер катталгандан кийин шайлоого чейин соттун айыптоочу өкүмү чыгып калса, талапкерлиги алынат.

Байкоочулар ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы талаптарга жараша жүйөсүн келтирип, талапкерди каттабай коюу укугун эске алганда Текебаевдин алдында дагы бир тоскоолдук турганын белгилешүүдө.

Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев камалганга чейин президенттикке талапкерлигин коюу ниетин билдирген эмес. Ал камакка алынгандан кийин көрсөтүлдү.

Ал партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен үч айдан бери убактылуу камакта. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Текебаев 2010-жылы “Мегаком” компаниясынын башкаруусуна кошуу үчүн орус жаранынан ири суммада пара алган деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Чотонов ушул боюнча кийинирээк камакка алынган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар