Бекматов: БШК шайлоого бардык жагынан даяр
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Бекматов: БШК шайлоого бардык жагынан даяр

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү бүгүндөн баштап старт алды. Кечээ болсо Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү тууралуу токтом кабыл алган. Ал арада бүгүн президенттик шайлоону өткөрүү боюнча БШКнын календардык планы жарыяланды. Би-Би-Си аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовду маекке чакырып, алгач бүгүн жарыя болгон календардык план жана андагы маанилүү даталар тууралуу сурады.