Сүйүнчү акчаны көбөйтүү керекпи же майып балдардын жөлөк пулунбу?

ыргызстанда бүгүнкү күнү 29 миң 500дөн ашык бала майыптыгы менен каттоодо турат. Сүрөттүн автордук укугу NDRANIL MUKHERJEE
Image caption ыргызстанда бүгүнкү күнү 29 миң 500дөн ашык бала майыптыгы менен каттоодо турат.

Кыргызстанда майып балдардын ата-энелери президентке кайрылып, бала төрөлгөндөгү сүйүнчү акчаны караган мыйзам долбооруна чек коюуну суранышты. Бул үчүн бюджеттен каралып жаткан сегиз миллиард сомду майып балдары бар энелерди колдоого жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарт түзүү үчүн жумшоо талап кылынды.

Талаштуу мыйзамга ылайык ар бир жаңы туулган наристеге төрт миң сом жөлөк пул, андан тышкары үч жашка чейин 700 сом, үч баладан ашса 500 сом жөлөк пул берилет.

“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамга сунушталып жактан мындай өзгөртүүлөр 12-июнда профилдик комитетте талкууланып, жактырылды. Эми ал пленардык жыйынга алынып чыгылат.

Майып балдардын энелери колдоого муктаж

“Биз майыптыгы бар ата-энелер 20 жылдан бери ушундай балдарды баккандыгыбыз үчүн айлык акы төлөп берүүнү мамлекеттен талап кылып келгенбиз. Бул талап бүгүнкү күнгө чейин иш-жүзүнө ашкан жок. Эмнеге дегенде акча каражаты табылбай келген. Биздин үнүбүз жетпей, бирок эми бул жөлөк пул тууралуу мыйзам тез арада чечилип калганы бизге аябай таң калыштуу болууда”,- деди Майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин “Арди”коомдук уюмунун төрайымы Тамара Жумабекова.

Ал мыйзамдык демилгени тездик менен кабыл алынышын келе жаткан президенттик шайлоо менен байланыштырышууда.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күнү 29 миң 500дөн ашык бала майыптыгы менен каттоодо турат.

“Бул 18 жашка чейинки эле балдар. Алар майыптыгы тастыкталып, жөлөк пул алгандар. Майып балдар расмий көрсөткүчтөн 30% дагы көбүрөөк болуш керек деп ойлойбуз”,- деди Тамара Жумабекова.

Сүрөттүн автордук укугу Тахмина Маналиева
Image caption Кыргызстанда майып балдардын ата-энелери президентке кайрылып, бала төрөлгөндөгү сүйүнчү акыны караган мыйзам долбооруна чек коюуну суранышты.

Баласы майып аялдар жумушка толук кандуу чыга албай, балдарына камкор көрүп үйдө отурууга муктаж. Бул себептүү алар үчүн материалдык колдоо абдан маанилүү.

“Арди”коомдук уюмунун төрайымы Тамара Жумабекованын айтымында ал балдардын баарынын эле билим алуу укугу жолго коюла элек. Майып балдарды ар тараптуу колдоо өлкөдө жокко эсе.

Майып балдар бир эмес эки жөлөк пул алып калышат

Эмгек жана социалдык өнүгүу министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рыспекованын айтымында буга чейин деле Кыргызстанда 2 миң 700 сом эсебинде сүйүнчү акы берилип келген. Бирок бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн гана каралса, эми жаңы мыйзам боюнча 4 миң сом сүйүнчү акы кирешесине, социалдык макамына карабай бардык үй-булөлөргө берилет. Жөлөк пулдар тууралуу жаңы мыйзамдан майып балдардын да ата-энелери утушка ээ болот.

“Бизде майыптуулугу аныкталган балдар өкмөттөн жөлөк пул алып келишет. Бирок алар ошондой эле башка балдардай эле үч жашка чейин жаңы мыйзам боюнча дагы бир жөлөк пул, ошентип эки жөлөк пулдан алып калышат ”,- деди Жыпара Рыспекова.

2015-жылы парламенттик шайлоого аттанган айрым партиялар ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом сүйүнчү берилээрин убада кылышканы бар. Бирок демилгеге казынада акча жок деген өкмөттүн жообу менен чекит коюлган.

Аз камсыздалган үй-бүлө балдарынын жөлөк пулу азаят

Жаңы мыйзам демилгечилеринин бири Жогорку Кеңеште социал-демократтар фракциясынан депутат Аида Касымалиева мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сом керек болот дейт. Буга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар үчүн бюджеттен жылына 6 миллиард сомдон каралып келген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Аида Касымалиева мыйзам кабыл алынса, жөлөк пул үчүн бюджеттен кошумча 1,8 млрд. сом керек болот дейт

“2015-жылы парламенттик шайлоо алдында ар бир үй-бүлө, ар бир эне жолугушууларда ушул суроону көтөрүп, бул социалдык көйгөйгө айланып кеткен. Азыр дагы жөлөк пул боюнча мыйзамды түшүндүргөндө абдан жакшы кабыл алып жатышат. Суроолор көп болуп жатат. Биз чын эле ала алабызбы, мугалимдер да алып калабы деген каттар да келип жатат. Калктын жүрөгүндөгү, ар бир үй-бүлөгө тиешелүү маселе болууда”,- деди депутат.

Кыргызстанда бүгүнкү күнү 279 миң бала аз камсыздалган үй-бүлөдөн деп, айына 840 сомдун тегерегинде жөлөк пул алып келсе, жаңы толуктоолорго ылайык 500сомдон алып калышат.