Ысык-Көлдүн суусу отуз түрлүү текшерүүдөн өтүп жатат

Ысык-Көлдүн суусу отуз түрлүү текшерүүдөн өтүп жатат
Image caption Ысык-Көлдүн суусу отуз түрлүү текшерүүдөн өтүп жатат

Ысык-Көлдүн суусунун тазалыгын, сапатын аныктоочу изилдөө жүргүзүлдү. Адистердин айтымына караганда, алгачкы жыйынтыктар көлдө суунун таза экендигин көрсөттү. Бирок көл кылаасындагы айылдар турсун эң ири делген үч шаарда суу тазалоочу жай жараксыз болуп, суу булганып жатканы парламентте да бир нече жолу айтылган.

Мындай шартта жаңы технология суунун тазалыгына салым кошо алабы?

28-майдан 4-июнга чейин көл суусунун сапатын, тазалыгын текшерүү үчүн изилдөө жүргөн. Изилдөөнү Кыргызгидромет агенттиги менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Фин долбоорунун алкагында ишке ашырууда.

Изилдөө программасы суунун булганышына адам факторунун таасирин да камтыган. Мында көлдүн чар тарабынан, үстүнөн жана тереңинен да керектүү өлчөмдө 39 жолу суу алынган. Бул суулар 30 көрсөткүч боюнча лабороториядан өткөрүлөт.

Image caption Атайын жабдылган кемедеги изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары суу таза деп көрсөттү

"Атайын жабдылган кемедеги изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары суу таза деп көрсөттү. Негизги себептердин бири көл табигый түрдө өзүн тазалап жаткандыгы. Эми изилдөөлөр аталган эки мекеменин атайын лабораторияларында улантылат. Бул изилдөө үчүнчү жолу жүргүзүлдү. 2016-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыктары жээкке жакын аймактар мунай заттары менен булгангандыгын көрсөткөн. Бул ченемден ашыгыраак болгондугун түшүндүрөт",- дейт гидромет борборунун адиси Мээрим Асанбай кызы.

Адистер алгачкы көрсөткүчтөр боюнча суу таза дегени менен андан күмөн санагандар да жок эмес. Моторлуу кайыктардан мурун суу саркындылары көл суусун булгап жаткандыгы парламент трибунасында да маал-маалы менен көтөрүлүп келе жатат.

Image caption Имараттар жээкке жакын жайгашканынан сырткары, алардын саркынды сууларын тазалап же зыянсыздандырууда мыйзамдын да бир топ өксүктөрү болгонун айткандар бар

"Көл суусунун тазалыгы боюнча азыр зарыл иштер аткарылбаса көл сазга айланып калышы ыктымал. Дүйнөлүк практикада мындай мисалдар да бар. Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында суу тазалоочу жайлардын жоктугун какшап айтып келе жатабыз. Өкмөт эми каражат табылды, эми ишке ашырабыз деп келе жатышат. Ошондой суу тазалоочу жайдын жогунан Чолпон-Ата, Бостери тараптарда суудан таштандылар, суунун курамынан башка заттар да табылып жатат. Мындай маалыматтар лабороториялардан айтылганына карабай жээкке жакын курулуштар жүргүзүлгөн. Анын саркындылары көлгө кошулуп жатышы бул өтө олуттуу маселе",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров.

Имараттар жээкке жакын жайгашканынан сырткары, алардын саркынды сууларын тазалап же зыянсыздандырууда мыйзамдын да бир топ өксүктөрү болгонун айткандар бар.

"Саналуу жыл мурун биз жаңы технология менен суу тазалоочу жабдууларды орнотууга киришкенде бир топ маселелер чыкты. Мисалы 70-80-жылдардагы курулуш эрежелерине ылайык суу тазалай турган жабдуу ошол имараттан бери дегенде 300 метр алыс жайгагышы керек. Курулуш өзү жээкке 300 мерт жакындап барса, анда жабдууга кайдан орун табылат? А мындан да ыңгайсыз жагы - көл жээгиндеги жер тилкелери үч же төрт сотыхтын гана айланасында. Эгер ошол 300 метр деген эрежени кармана турган болсок, анда ал такыр эле башка кишинин аймагына туура келип калат. Өз аймагында башка бирөөнүн эле жабдуусунун орнотулушун ким макул болот? Биз алып келген технология чех өндүрүшүнөн чыгат. Адистер баарын тактап, имараттан беш метр аралыкта жайгаштырууга мүмкүн деп атайын бүтүм да чыгарышкан. Биздеги 300 метр аралык деген бул азыркыга жараксыз эски эреже. Биз муну далилдеп атып, аралыкты араң он беш метр аралыкка түшүрдүк. Орноткондон кийин жыт чыкпай турганын, зыянсыз экенин бир жылдан кийин көрсөтүп атып ушуга жетиштик. Бул ыкма суунун тазалыгынан сырткары анын коромжу болушун да жоёт. Себеби ошол эле суу көп керекке жарайт",- дейт суу тазалоочу жаңы технологиялар менен иш алып барган жеке ишкер Кайрат Жаанбаев.

Саркынды суулардан сырткары да сууну булгап жаткан башка себептерди да айтууга болот. Облус жетекчилиги жана активисттер маал-маалы менен көл жээгин таштанды жана желим калдыктардан тазалоо иштерин да уюштуруп келишет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар