Канада соту кыргыз өкмөтү менен эки чет өлкөлүк компаниянын соттошуусуна чекит койду

Чет өлкөлүк төрт компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүү бир нече жылдан бери уланып келет. Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Чет өлкөлүк төрт компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүү бир нече жылдан бери уланып келет.

Канаданын Жогорку Соту түркиялык "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" компанияларынын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү талабы боюнча апелляциялык доо арызын канааттандырбай, Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы бүгүн маалымат таратты. Би-Би-Си аталган ишкананын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Амангелди Муралиевге кайрылып, Канаданын Жогорку Сотунун чечимине кыргыз тараптын реакциясын сурады:

“Негизинен бул сот бир нече жылдан бери созулуп келет. "Систем Мүхендислик" менен "Энтес" компаниялары биздин Центеррадагы 33% акцияны талашканына акыры чекит коюлду. Бул эки компания Кыргыз Өкмөтү менен соттошуп жатат. Бирок “Кыргызалтын” деген өзүнчө ишкана да, эсеп-кысабы бар акционердик коом. Божомол жанынан Канаданын Жогорку Сотунун чечими туура болду”.

Чет өлкөлүк төрт компания менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүү бир нече жылдан бери уланып келет. Мунун башы 90-жылдарга барып такалат. Ал учурда Түркия Кыргызстанга 49 миллион доллар насыя берип, анын бештен бири “Ак-Кемени” курууга жумшалып, процессти “Систем Мүхендислик” ишке ашырган. Бир нече убактан кийин эки тараптан келишпестик жаралып, мейманкананы түрк компаниясы иштете баштайт.

Деген менен 2005-жылдагы соттун чечими менен Ак-Кеме кыргыз тарапка берилет. Муну компания басып алуу деп айтып, эл аралык сотко кайрылып жүрүп, 2009-жылы утуп алган.

2012-жылы болсо акчаны төлөтүү үчүн кыргыз өкмөтүнө доо коюп, Париждеги инвестициялык талаштарды жөнгө салуу борборуна кайрылган. Анын чечими менен Кыргызстандын “Центеррадагы” акциялары камалган.

Мындан көп узабай кыргыз тарап түрк компаниясынын үстүнөн сотко кайрылган.

Ошентип эки-үч эмес, он жылдан ашык убактан бери соттон башы чыкпай келаткан бул ишке Канаданын Жогорку Соту чекит койду. Соттун соңку кабыл алган чечимине байланыштуу мындан ары аталган компаниялар доо арыз менен сотко кайрыла албайт.