Оппозициялык саясатчылардын кош соттору

16-июнда оппозициялык саясатчылардын кош соттору өттү Сүрөттүн автордук укугу Eleonora Sagyndyk kyzy
Image caption 16-июнда оппозициялык саясатчылардын кош соттору өттү

Бүгүн парламенттеги 'Ата Мекен' оппозициялык фракциясынын эки мүчөсү үстүнөн сот жараяны уланды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу иш Жогорку сотто каралды. Экөөнүн партиялашы, мурунку прокурор Аида Салянованын соту да Ленин райондук сотунда өтүп, отурум 19-июнда уланмай болду. Ал арада парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаровдун Биринчи Май райондук сотундагы процесси кыскартылды.

Жогорку соттун бүдөмүк чечими

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча көзөмөл өндүрүш кыскарды. Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Жогорку сот бүгүн экөөнүн баш коргоо чарасы каралды деген маалыматты четке какты.

''Айрым ММКлар алардын биринчи жана кийинки иснтанциялардагы баш коргоо чаралары тууралуу чечимдерди күчүндө калтырды деп жазып атышат. Бул чындыкка дал келбейт. Себеби соттук коллегия бүгүн көзөмөл өндүрүштү кыскартты. Мыйзамга ылайык ал кыскартууга жатат экен'',- деди ал.

Айыпталуучулардын жактоочулары чыгарылган чечим боюнча азырынча пикир айтууга эртелик кылат дешүүдө. Себеби соттук акт азырынча алардын колуна тие элек.

Текебаев менен Чотоновдун соту бүгүн жабык өттү.

Шаардык сот буга чейин 12-июндагы отурумда Чотоновдун баш коргоо чарасы менен кошо Текебаевдин баш коргоо чарасын алдын ала карап, экөөнү тең камакта калтырган.

Үч айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда. Анын ишине байланыштуу мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов да кармалган.

Салянова сотко ишеним көрсөткөн жок

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын дагы бир депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын соту кийинки аптада уланат. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда ушундай чечим кабыл алынды.

Image caption Салянованын адвокаты ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөө  өтүнүчүн берди.

Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан судья Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн берди. Адвокат судья калыстыкты сактабай жатканын жүйөө келтирди.

Бирок сот айыпталуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган.

Садыр Жапаровдун үй камагына чыгары белгисиз

Ал арада Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кароо токтотулду.

Себиби, Жапаровдун жактоочулары Бишкек шаардык сотко кайрылып, буга чейинки биринчи инстанциядагы соттун айыпталуучуну абакта калтыруу чечимине каршы доо арыз беришкен.

Садыр Жапаров быйыл 25-мартта кармалган, ага бейбаштык жана кишини барымтага алуу айыптары коюулууда.

Image caption Садыр Жапаров  быйыл 25-мартта кармалган, ага бейбаштык жана кишини барымтага алуу айыптары коюулууда.

Бүгүн ошондой эле былтыр "мамлекеттик бийликти басып алгысы келген" деген айып менен кармалган "Элдик парламенттин" төрт мүчөсү үстүнөн да сот иши уланды. Бирок ал жабык өтүп, жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.