Президенттикке негизги талапкерлер аныкталды

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Президентикке бийлик менен оппозициянын жана башка күчтөрдүн талапкерлери аныкталды. КСДП президенттикке кош талапкер болбойт деп, жалгыз өкмөт башчы Соооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолду. Тергөө абагында жаткан оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер катары БШКга документтерин тапшырды.

Боршайком “Ата Мекен”лидерин талапкер каттары каттайбы же жокпу он күн ичинде белгилүү болот. Ал арада Бишкекте бүгүн “Ак Шумкар” партиясы курултайга чогулуп, Темир Сариевдин талапкерлигин президентикке расмий көрсөттү.

Абактагы Текебаев президенттикке аттанды

18-июнда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү аны президенттикке талапкер катары каттоо тууралуу арызын жана тиешелүү документтерин Боршайкомго тапшырды. Эми мыйзамга ылайык, он күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевди каттоо же четке кагуу боюнча бир чечим чыгарууга тийиш. Эмне үчүн Текебаев “Ата Мекен” атынан эмес, өзүн өзү жылдыруу жолу менен президенттикке аттанды?

“Съезд өткөрбөстөн өзүн өзу жылдыруу процедурасы менен жылдырдык. Себеби, Текебаев элге өзүнун кайрылуусун жасаш керек. Экинчиси, шайлоо процессинде “Ата Мекен партиясынын мүчөлөрүн, тарапкерлеринин гана эмес жалпы кыргыз жарандарын шайлоого активдүү катыштыруу үчүн ушундай чечимге келдик”,- деди парламенттеги“Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул тууралуу маалымат жыйынында.

Шайлоо 2017: Тобокелчиликтер жана чакырыктар

Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин каттата алабы?

Бирок Текебаевдин президенттик жарышка өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышууну тандаганын башкача жоромолдогондор да бар. Айталы, эгер Текебаевди Боршайком талапкер катары каттабай, ага карата козголгон кылмыш иши уланып кете турган болсо, “Ата Мекенден” президенттикке мурунку Баш прокурор Аида Салянова көрсөтүлөбү деген божомолдор бар.

Image caption Абактагы Текебаев президенттикке аттанды

Бирок партия тарабынан бул тууралуу комментарий бериле элек.

“Өмүрбек Чиркешовичтин толук кандуу талапкер болушу үчүн ал киши камакта болбошу керек. Анын башка талапкерлердей эле шайлоого катышыш керек. Тилекке каршы, бүгүн андай мүмкүнчулүк жок. Бирок партия өз аракетин кылат”,- деди депутат Аида Салянова.

Эске салсак, Салянованын үстүнөн да кылмыш иши козголуп, ал Ленин райондук сотунда каралууда. Мурунку Башпрокурор 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда.

КСДПдан президенттикке кош талапкер чыкпайт

Президенттикке талапкер көрсөтүүдө КСДП ичинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен парламент спикери Чыныбай Турсунбеков талапкерлиги туруп, 17-майда биринчисине артыкчылык берилген.

Партиянын саясий кеңеши Жээнбековдун талапкерлигин бекиткенден кийин деле Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков кош талапкер катары чыгышы мүмкүн деген сөздөр айтылган. Турсунбеков өзү деле журналисттерге маек берип жатып бул маалыматтарды четке да какпай, тастыктаган да эмес.

Ошентсе да 3-июнда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген, президенттин мурунку кеңешчиси Фарид Ниязов социал-демократтардан бир гана талапкер болорун бышыктаган эле.

Талапкер боюнча КСДП саясий кеңешинин чечиминен бери бир ай өтсө деле партиянын курултайы өтпөй жатышы бул саясий уюм ичинде дагы деле талапкер жаатында бирдиктүү пикирге токтоло алышпай жатабы деген ойго түртөт.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бийликтеги КСДП атынан шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барат

Талапкер көрсөтүү боюнча Социал-демократтар курултайы июлдун башында өтөрүн шайлоо штабынан Би-Би-Сиге билдиришти. Бирок азырынча анын так датасы аныктала элек.

Талапкерлигин кайра-кайра көрсөткөн Темир Сариев

Ал арада бүгүн "Ак шумкар" партиясынын курултайы өтүп, саясий уюм атынан президенттик шайлоого талапкер Темир Сариев көрсөтүлдү. Партия лидери өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев күзүндө өтө турган президенттик шайлоону таза, ачык өткөрүп берерине ишеничин билдирди.

"Ак шумкар" саясий партиясы президенттикке лидери Темир Сариевди көрсөтөрү партиянын 4-февралдагы жыйынында эле белгилүү болгон. Бирок бүгүн ал дагы бир ирээт шайлоого барарын расмий билдирди.

''Ак шумкар саясий партиясынын жетинчи съездинин чечими: партиянын уставынын негизинде Темир Аргынбаевич Сариев Кыргызстан Республикасынын президенттигине талапкер болуп көрсөтүлсүн'',- делди саясий уюм курултайында.

Буга чейин президенттикке барарын "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов билдирген. Ошондой эле Эл аралык Борбор Азия университетинин ректору Камила Шаршекеева, жарандык активист Рита Карасартова, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана коопсуздук боюнча эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков шайлоого катышуу ниетин ачыктаган. Мурунку Жогорку Кеңеш спикери, оппозиячыл саясатчы Акматбек Келдибеков да президенттик шайлоого барат.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну 15-июндан тарта баштады. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Тема боюнча башка макалалар