Абаны кайсы бак-дарак жакшы тазалайт?

Чынар дарагы Сүрөттүн автордук укугу Buddhika Weerasinghe/Getty Images
Image caption Чынар дарагы

Бишкекте буга чейин кыйылган бак-дарактар муктаж үй-бүлөлөргө отун катары таратылууда. “Жашылдандыруу” ишканасынын маалыматына караганда, жалпы миң кубдан ашык отун жашоочуларга таркатылат. Ал эми кыйылган бак-дарактарды орду дале болсо бош турат. Анын кээ бир жери жолго уланса, кайсы бир бөлүгүнө кайрадан дарактар отургузулат деп ишендирүүдө шаар бийлиги. Ал үчүн 11 миң түп бак-даракты сатып алууга конкурс жарыяланган.

Чынар дарактары

“Буга чейин Токтоналиев көчөсү бак-дарактар тигилип, калыбына келет деп айтылган. Учурда дарактын учтуу жалбырактуу клён жана липа деген түрүнөн буюртма катары конкурска киргизгенбиз. Булардан сырткары дагы бир катар бадал түрлөрү эгилет. Шаар көчөлөрүнө ыңгайлуу жана чаңга, газга туруштук бере алган дарак түрлөрү деп тандап алдык. Алар жабык тамыр системасы менен өсөт экен, башкача айтканда жаз, күздү күтпөй июлда эле отургузуп баштайбыз. Жалпы 11 миң түп дарак үчүн 51 млн сомго конкурс жарыяладык. Жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат, ошондон тарта бак-дарактар отургузулуп баштайт”, - деди “Жашылдандыруу” ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева.

Бишкектин Токтоналиев көчөсүн жаңыртуу иштерине байланыштуу мындан он күн мурда жолдогу көп жылдык бактар кыйылган. Бул аракет шаардыктарды нааразы кылып, арты каршылык акцияларын өткөрүүгө чейин жеткен. Жооп катары шаар бийлиги ордуна жаңы, жаш дарактарды отургузабыз деп конкурс өткөрүп жатканда, алар отургузган дарак түрлөрү Бишкек үчүн жакшы натыйжа алып келбейт дегендер чыкты:

Эмен дарактары

Сүрөттүн автордук укугу Pablo Blazquez Dominguez/Getty Images
Image caption Эмен дарактары

“Бишкекти жашылдандыруу үчүн кара жыгач жана терек, эмен бак-дарактары эң көп эгилиши керек. Алар абаны жакшы тазартат, арзан, биздин экологиялык шарттарыбызга туура келет. Азыркы учурда мэрия тарабынан тигилип жаткан бак-дарактар экологиялык жана климаттык потенциалы жактан төмөн. Алар көбүнчө кооз көрүнгөнүн эске алып жатышат. Элге жана табиятка пайдасы азыраак”, - дейт Шаар таануучу Атай Самыйбек.

Карагач жана мырза терек

Сүрөттүн автордук укугу CRISTINA QUICLER/AFP/Getty Images
Image caption Мырза теректери

Ал эми башка бир эксперттердин белгилешинче, Бишкек үчүн эң жакшы деп саналган буга чейин эгилип келген Карагач жана мырза терек дарактары. Анткени алардын бактерия өлтүрүү мүмкүнчүлүгү жогору деп сыпатташат.

“Бак-дарак шаардыктар үчүн көп учурда кооптуу болуп келет. Мисалы, кээлери жыгылуу алдында турса, дагы башкалары туура эмес жерде өсөт. Буга чейин бир дарак кулап адам өлгөн учурда да катталган. Андан сырткары жол тар болуп, унаалар тыгылып калган учур көп. Бул сыяктуу бир катар себептерден улам шаар бийлиги дарактарды кыюуну чечти. Анын ордуна албетте сапаттуу дарактар тигилиши керек. Буга чейин салттуу карагач жана мырза терек тигилип келген, бирок аны ак мамыктары учат деген шылтоо айтып отургузбай калышкан. Ургаачы эмес, эркек түрүн тиксе мамык учпайт. Аларды көп отургузса биздин шаар жапжашыл болмок. Анткени мырза терек абаны мыкты тазалайт, башка өсүмдүктөргө салыштырмалуу 60%га көбүрөөк бактерияларды өлтүрүү касиетине ээ”.

Бишкек учурунда Советтер Союзунун көзгө басар жашыл шаары атыгып келсе, бүгүнкү күндө бул статусун түп тамыры менен жоготту дешет адистер. Буга биринчи себеп, жашылдандыруу иштеринин убагында жүрбөй калышы болсо, экинчиден, чоң имарттарды куруу үчүн ал жердеги бактар кыйылып кеткен. Дагы бирилерине суу жетпей куурап калган. Сууга да, абага да чыдаган Манас проспектисинен жогору карай тигилген бак-дарактарды шаардагы бүт көчө бойлоруна отургузууга шаар бийлигинин акча чамасы азырынча жетпечүдөй дейт байкоочулар.