Кыргызстандагы качкындар

2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө башпаанек сураган жана ички жер которууларга кабылгандар саны рекорддук чекке жетти. Сүрөттүн автордук укугу Credit: Gokhan Sahin / Stringer
Image caption 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө башпаанек сураган жана ички жер которууларга кабылгандар саны рекорддук чекке жетти.

2017-жылы Кыргызстанда Миграция кызматы тарабынан качкын макамы тогуз гана адамга гана берилген. Бирок өлкөгө жыл сайын 200-300 адам башпаанек сурап кайрылышат. Негизинен Кыргызстанга Афганистан жана коңшу өлкө жарандарынан көп арыздар түшөт. Сириядагы абал курчуганы ал өлкөдөн дагы башпаанек сурап келгендер саны өсүүдө.

Бир качкындын тагдыры

Али Кыргызстанга биринчи жолу тээ 1988-жылы эле келип Канттагы авиациялык окуу жайына студент болуп тапшырганын эскерүү менен өз баянын баштады. Кийин советтер союзу урап, Афганистанда согуш башталып, бул жерде калып калууга туура келди. Ал Кыргызстанда 4-5 жыл эч документи жок орун таба албай, коншу Тажикстан, Казакстан өлкөлөрүнө да барып жашап келген.

Бирок кийин туруктуу башпаанек үчүн Кыргызстанды тандоо чечимине келген.

“Бизде бул согуш 1979-жылы башталып бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Жадакалса мен өзүмдүн балалагымды, кантип чоңойгонум да эсимде жок. 4-класска чейин убакыт бир аз эсимде. Анда бейпил турмуш өкүм сүрүп турган эле. Качкындар булар эң бактысыз адамдар. Эч ким өз жеринен кетип, башка жерде жашагысы келбейт. Өз өлкөңдө начар, кедей жашасаң да ал сенин Ата-Журтуң. Өз өлкөң деген өз да”- дейт улутунуп Али.

Али Кыргызстанда качкын макамына 2005-жыла гана жеткен. Учурда анын үй-бүлөсү дайым колдоо көрсөтүп келген сүйүктүү жубайы жана 4-класста окуган өспүрүм кызы бар. Ал тургай, Бишкектеги ири базарлардын биринде өзүнүн соода түйүнү да бар. Мекенин өтө сагынганын айтканы менен кызынын бала чагы өзүнүкүндөй өтө турганын каалабагандыгын айтат. Себеби, жакынкы 10 же 20 жылда Афганистанда абал өзгөрүшүнө ишеними жок.

Кыргызстанга башпаанек издеп келгендер көп

Кыргызстандын Миграция кызматынын 2017-жылдын 1-июнуна карата берген маалыматы боюнча өлкөдө качкын макамын алган чет элдик жарандардын саны 179 адам. Алардын 106-сы афгандыктар, 56сы Сириядан качып келгендерге туура келет. Калгандары коомдук абалы олку-солку болгон башка бир катар өлкөлөрдөн. Мындан сырткары башпаанек сурап кайрылып, жазган өтүнүч-арыздары кароодо тургандары да бар. Башпаанек боюнча жообун күткөн адамдар саны бүгүнкү күнү – 106.

Миграция кызматынын качкындар менен иш алып барган бөлүмүн билдирүүсүндө быйыл кыргыз өкмөтү бардыгы болуп 9 адамга эле качкын деп таанып, бул тууралуу күбөлүк тапшырган.

Качкын макамын алуу оңой-олтоң иш эмес. Аны ыйгаруу жол-жобосу төмөндөгүдөй ирээтте өтөт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Кыргызстанда качкын макамын алган чет элдик жарандардын саны 179 адам.

“Бизге качкын макамын издегендер келишип арыз берип, каттоодон өтүшөт. Биз алардын арыздарын каттайбыз жана качкын макамын аныктоо иш-чарасын баштайбыз. Мындай иш-чара адегенде маектешүүнү ,андан кийин алар беришкен маалыматтарды текшерүүнү камтыйт. Андан соң биз алар келишкен өлкөлөрдөн маалымат топтойбуз. Бардыгын топтоп, жыйынтыгында аргументтештирилген бүтүмдөмө жазып, анын негизинде чечим кабыл алынат”, - деди Миграция кызматынын качкындар менен иш алып барган бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Базаркүл Керимбаева.

Кыргызстанда качкындар менен иш алып баруу “Качкындар макамы тууралуу” мыйзам жана “Кыргызстанда качкындар менен иш алып баруу жобо” аттуу документтер менен жүрөт. Ошондой эле Кыргызстан Качкындар тууралуу БУУнун конвенциясына 1996-жылы эле кошулган. Жогорудагы эки документ бул эл аралык конвенцияга толук шайкеш келет.

Качкындарга эл аралык жана бейөкмөт уюмдары кол сунат

Кыргызстанда качкындар менен жалгыз эле миграция кызматы эмес, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы да иш алып барат. Качкын макамын берүү суранычы менен барып, Кыргызстандын миграция кызматынан оң жооп таба албаган жарандар дал ушул эл аралык уюмдун Бишкектеги кеңсесине кайрылышат.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ясуко Оданын айтымында, 2015-жылдан тарта уюм массалап качкын макамын бербей калды. Бирок өзгөчө абалдагы айрым башпаанекке муктаж жарандарга бир-экиден макам ыйгара алат. Ошентсе быйыл бир да адам бул эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн качкын макамын ала элек.

Учурда Бишкектеги БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын кароосунда жалпысынан 2 миң 786 адам жарандыгы жок, качкын жана башпаанек издеген адам катары каттоодо турат. Алардын 454үнүн макамы - качкын жана башпаанек издегендер.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Кыргызстандагы качкындардын балдары 1-июнь Балдар күнүн белгилөөдө.

Кыргызстанда качкындарга укуктук колдоо көрсөтүп иш алып барган бирден бир бейөкмөт уюму бар. Ал “Адилет” укуктук клиникасы. Быйыл ага 174 адам кайрылган. Ал кайрылуулардын көбүнүн мазмунун укуктук көмөк көрсөтүүгө байланыштуу болду. Алалы, качкындар көбүнесе милиция кызматкерлеринин аларга ыдык көрсөтүүсү тууралуу да арыздар менен кайрылышат.

“Кыргызстанда качкындардын жана башпаанек издеп келген жарандардын укугу корголгон деп ишенимдүү айта албайбыз. Себеби, мыйзамга ылайык алардын өлкөдө иш алып баруу, эмгектенүү укугу чектелген. Андыктан алар мыйзамсыз иштегенге мажбур болуп, бул себептүү тартип сакчылары тарабынан да ар-кандай кысымдарга кабылышат. Аларга айып пул салышат, айрым учурларда качкын же башпаанек издеп келгендер аларды айып уплга жыгышпасын же протокол тузбөсүн деп пара бергенге да мажбур болушат” ,- деди юрист.

БУУнун алдындагы Качкындар боюнча агенттиги 2016-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө башпаанек сураган жана ички жер которууларга кабылгандар саны рекорддук чекте болуп, 65,6 млн кишини түзгөнүн билдирди.