Кыргызстандагы газ куючу жайлардагы коопсуздук кандай?

Кыргызстан боюнча 700дөн ашуун май, 70тей газ куючу жай катталган. Сүрөттүн автордук укугу DIBYANGSHU SARKAR/AFP/Getty Images
Image caption Кыргызстан боюнча 700дөн ашуун май, 70тей газ куючу жай катталган.

Ысык-Көлдүн Ананьево айылында эки адамдын өмүрүн алган газ куючу станциядагы жарылууну иликтөө үчүн атайын штаб түзүлүп, кылмыш иши козголду. Экотехинспекциянын маалыматына ылайык, 19-июнда болгон жарылуу ата-баланын өмүрүн алып, он адамды жаракат кылды. Бул кырсык Кыргызстандагы жалпы газ куючу жайлардагы коопсуздук маселесин кайрадан көтөрдү.

Ананьево айылында жарылуу болуп, өрт күйүп жатканы тууралуу кабар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-июнда кечки бештерде келип түшкөн. Куткаруучулар жетип барганда өрт бир топ алоолонуп, айланасын кошо жалмаганга жетишкен.

“Тилекке каршы өрттүн кесепетинен эки адам каза тапты. Учурда кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн Экотехинспекция, прокуратура жана милиция кызматкерлеринен турган атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Алар жеринде иш алып барууда. Өрт менчик газ куючу жайда чыккан, анын себептери иликтенип бүткөндөн кийин кошумча маалымат беребиз”, - деди Экотехинспекциянын алдындагы Өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалай Омурзаков.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматына ылайык, жарылуу жергиликтүү тургундун менчик газ куючу станциясында болуп, эки портер, бир газ ташуучу унаа, жеңил машине жана 500 дөй газ баллон кошо өрттөнгөн. Бул кырсык ансыз да опурталдуу деп саналган газ менен иштеген объектилердин жана газ кампаларындагы коопсуздук тууралуу курч маселени кайрадан көтөрдү. Кооптуу делген газга жана газ куючу жайларга жоопкерчилик менен мамиле болбой жатат деп нааразы болгондор чыкты.

“Улам карап, текшерип турганга абдан жүйө көп. Газ куюлчу жайлардагы техникалык коопсуздук маселеси эң жоопкерчиликтүү каралышы керек. Анткени газ көзгө көрүнбөйт, ал билинбей чоң жамандыкка алып келиши мүмкүн. Кичинекей эле жылчыкчадан чыгып жаткан газ чоң кырсыктарга себеп боло алат. Бишкекте азыр газ менен иштеген унаалар көп, суроо-талапка жараша газ куючу станциялар да көбөйдү. Алардын кайсынысы коопсуз экенин биз кайдан билебиз? Текшерип туруш керек. Ошондуктан мен газ колдонбогонгон аракет кылам”, - дейт Бишкектик Татьяна.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 700дөн ашуун май куючу, ал эми 70тей газ куючу жай катталган. Алардын айрым бир бөлүгү менчик, көпчүлүгү атайын компаниялардын станцияларында куюлат. Маселен, “Газпром” өлкө боюнча газ жана май куючу түйүндөргө эң көп ээлик кылган компания. Андагы атын атагысы келбеген кызматкерлердин биринин Би-Би-Си айтымында, мындай өрт кырсыктары көбүнчө менчик май куючу жайларда болот:

“Менин билишиме караганда, Ананьеводогу кырсык жеке адамдын газ сатуучу жайында болуп, алар суюлтулган газды сатышыптыр. Бизде андай жок. Газпромдун коопсуздугуна тиешелүү бардык кызматкерлери үчүн бир жылда үч жолу окутуу болот. Анда өрт коопсуздугун биринчи үйрөтүшөт. Буга чейин бизде чоң өрт катталган эмес, эсимде, ичинекей өрт болгондо дароо басышкан. Мындай учурларга абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасайбыз”.

Байкоочулардын айтымында, өрт кырсыгы көбүнчө компаниялардын май, газ куючу станциясында эмес, менчик жайларда көп катталарын айтышат. Техникалык коопсуздугу талапка жооп бербей иштеген мындай жайлар Кыргызстанда ондон ашуун экенин Экологиялык-техникалык инспекция да ырастайт.

“Ананьеводогу кырсыктын алдында бул газ куючу жай талапка жооп бербейт деп табылып, иштетпөөгө буйрук болгон. Бирок ага карабастан иш улана берген. Бул сыяктуу мекемелерге тыюу көп эле салынган”, - деп кошумчалады Өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалай Омурзаков.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы кырсыктын курмандыктарына өлкө тарабынан жардам берилет. Бул тууралуу президент Алмаз Атамбаев көңүл айтуу учурунда билдирди.