Абаны кайсы бак-дарак жакшы тазалайт?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Абаны кайсы бак-дарак жакшы тазалайт?

Бишкекте буга чейин кыйылган бак-дарактар муктаж үй-бүлөлөргө отун катары таратылууда. “Жашылдандыруу” ишканасынын маалыматына караганда, жалпы миң кубдан ашык отун жашоочуларга таркатылат.

Ал эми кыйылган бак-дарактарды орду дале болсо бош турат. Анын кээ бир жери жолго уланса, кайсы бир бөлүгүнө кайрадан дарактар отургузулат деп ишендирүүдө шаар бийлиги. Ал үчүн 11 миң түп бак-даракты сатып алууга конкурс жарыяланган.