Президенттикке талапкер канча кол топтошу керек?

Президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес колдоочуларынын колтамгасын 26-августтан кеч эмес тапшырышы керек. Сүрөттүн автордук укугу sputnik md
Image caption Президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес колдоочуларынын колтамгасын 26-августтан кеч эмес тапшырышы керек.

Президенттикке талапкерлердин кол топтоо маселесинде жарандык коом жана БШК ортосунда талаш чыкты. Боршайком талапкерлерге 40 миңден ашык эмес кол топтоо тууралуу чектөөлөр киргизүүгө аракет кылып, бирок ал демилге эми сунуш мүнөзүнө өттү. Укук коргоочулар ошондой эле БШКнын кол тамга баракчасында шайлоочулардын өздүк маалыматы талап кылынып жатканына нааразы болушууда.

Милдетпи же сунушпу?

“Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы буга чейин Боршайкомдун үстүнөн сотко кайрылып, президенттикке талапкерлер 40 миңден ашык эмес кол топтосун деген инструкциясын жокко чыгарууну өтүнгөн. Бирок Биринчи Май райондук соту Боршайкомдун жоболорун жокко чыгара албай турганын айтып арызды кароодон баш тарткан.

“Мисалы, 2011-жылы Түлеев талапкер катары 120 миң шайлоочунун колун топтоп берген. Конституциялык мыйзамда лимит коюлбагандан кийин БШК Башмыйзам үстүнөн жоболорду катаалдантканы туура эмес. Ошондуктан БШК инструкциясы боюнча сотко кайрылганбыз”,- деди коалиция өкүлү Динара Ошурахунова.

Айтымында, алар сотко кайрылган 17-июнь күнү Борбордук шайлоо комиссиясында да жыйын өтүп, ага чейин талапкерлерге милдет катары жүктөлүп жаткан 40 миңден ашык эмес колтамга тууралуу жобо сунушка өзгөртүлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Арипов: Чектөө коюлган жок, болгону 40 миң колтамга жетиштүү деп атабыз.

“Чектөө коюлган жок, болгону 40 миң колтамга алып келсеңер ошол жетиштүү деп атабыз. Бул кол топтогондордун жана аны текшергендердин ишин жеңилдетүү үчүн гана сунуш болчу”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов.

15-июндагы БШК жыйынында комиссия төрайымы Нуржан Шайлдабекова буга чейинки шайлоодо эң көп кол топтогон талапкердин кагаздарын текшереге келгенде 60%ы жасалма экени аныкталганын айткан. Ал колтамга баракчаларын текшерүүгө мыйзам боюнча 10 эле күн каралгандыктан убакытты үнөмдүү үчүн чектөөлөргө баруу негиздүү деген.

Шайлоочулардын өздүк маалыматы

Кол топтоого байланыштуу укук коргоочулар нааразы болуп жаткан дагы бир жагдай кол топтоо баракчаларынын формасы. Жаңы эрежелер боюнча кайсы бир талапкер үчүн кол коюп жаткан шайлоочу аты-жөнүн, качан туулгандыгы тууралуу малымат, ал тургай жашаган жеринин адресинен бери көрсөтүшү шарт.

“Бул жанагы өздүк маалыматтарды коргоо тууралуу мыйзамга каршы келип атат. Шайлоочу талапкер, үгүтчүлөргө эмнеге жеке маалыматтарын бериши керек? Жашаган жеринен бери бүт маалыматы берип аткандан кийин ал шайлоочуну көзөмөлдөсө болот да. Эмнеге сен ага же буга кол койдуң деген суроолор болушу мүмкүн”,- деди Динара Ошурахунова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ошурахунова: Шайлоочулардын өздүк маалыматын талап кылуу туура эмес.

Президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес колдоочуларынын колтамгасын 26-августтан кеч эмес тапшырып, БШК аларды 5-сентябрга дейре текшерип бүтүшү кажет.