Атамбаевдин Орусияга сапары

Орус эксперттери Путин менен Атамбаев ашкере көп жолугаарына көңүл бурушту Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Орус эксперттери Путин менен Атамбаев ашкере көп жолугаарына көңүл бурушту

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапарынын негизги жемиши Кыргызстандын карызынын жоюлушу болду. Бирок айрым байкоочулар сапардын максаты бул гана эмес деп божомолдошту.

Орусия Кыргызстандын бардык карызын кечкенин Москвада Алмазбек Атамбаев билдирди. Маалыматтарга ылайык, ал Кыргызстандын 2012-жылдан берки 240 миллион доллар карызы.

2012-жылдан бери Кыргызстандын бул мамлекетке карызы 488,9 миллион доллар болсо, 2013-жылы Орусия 188,9 миллионун кечип, 300 миллиону калган.

20-июндагы жолугушуудан кийин сый тамак учурунда Владимир Путин Орусия Кыргызстанга көмөк көрсөтүп келатканын, алардын басымдуусу кайтарымсыз каржылык жардам экенин баса белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Москвада Алмазбек Атамбаев менен Раиса Атамбаеванын урматына түштөнүү уюштурулду

Анын айтымында, Орусия жыл сайын Кыргызстандын бюджетин толуктоого 30 миллион доллар грант берет. 200 миллион доллар Евразия экономикалык биримдигине кирүүдө адаптацияга бөлүнгөн.

Акыркы кризистерден кийин эки өлкө ортосунда соода айлантуу, ушул жылдын биринчи кварталында 23 пайызга өскөнүн, Кыргызстандын Орусияга импорту 15 пайызга, алардын экспорту 24 пайызга жогорулаганын билдирди.

Путин өз сөзүндө аскердик мамилелерге да токтолду:

“Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилесинин маанилүү бөлүгүн аскердик техникалык жана аскердик кызматташтык түзөт. Аскердик техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бугүн кол коюлган келишим Кыргызстандын алдыдагы коргонуусун чыңдайт деп ишенем. Бүгүн биз ошондой эле Кыргызстандагы орус аскердик базасынын болушу Борбор Азия аймагында коопсуздук менен туруктуулукту камсыздаары боюнча орток пикирибизди бышыктадык”.

Жолгушууну жыйынтыктаган ушул эле сый тамак учурунда Алмазбек Атамбаев өзүнүн негизги жетишкендиктеринин бири деп эки мамлекеттин мамилесин чыңдаганын эсептерин айтты.

Ал Евразия экономикалык биримдикке киргени Кыргызстандагы соода айлануу көбөйүп, эмгек мигранттардын которогон акчалары өскөнүнө көңүл бурду:

“Эң негизгиси бул жерде иштеп жаткан кыргыз жарандарынын жашоосу алда канча жакшырып калганын көрүп жатабыз. Жыйынтыктарды көрүп жатканыбыз жакшы. Анткени Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке киришине каршы өлкөдө жана башка жерлерде кандай чоң каршылыктар көрсөтүлгөнү эсибизде”.

Алмазбек Атамбаев президенттиги учурунда орус президенти менен жыйырмадан ашык жолу жолугуп, ушул жылы эле үч ирет кезиккенине карабай, анын мамлекеттик иш сапар менен Москвага барышын орусиялык эксперттер жеңил какшык менен анализдешти.

Image caption Аркадий Дубнов Алмазбек Атамбаев презденттикке мураскерине колдоо алуу боюнча Орусияга "акыркы" өтүнүчү менен келди деди

КМШ боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов “Эхо Москвы” радиосундагы берүүдө Атамбаев президенттикке колдогон талапкерине Кремлдин кепилдиги үчүн келди деди.

“Атамбаев Кыргызстанга кайтканда Путин кызматтан кете турган президентти гана колдобосун көрсөткүсү келет”, - деди Дубнов.

Ал ошол эле маалда мындай жогорку деңгээлдеги кабыл алуу президенттин мураскери премьер-министр Сооронбай Жээнбековго колдоону арттырарына кепилдик бербейт, анткени азыр Москванын колдоосу айрым жерлерде артыкчылык болбой калды деди.

Ал эми жергиликтүү эксперт Марс Сариев бийликтеги партия КСДПнын президенттикке талапкери дале арсар болуп жатканын эске алганда, Атамбаевдин максаттарынын бири Кремль менен талапкерди тактоо болчу деп ойлойт.

“Бир талапкери бар, бирок съезд өтө өлөк, дагы деле интрига уланып жатат. Андыктан Сооронбай Жээнбековдон башка бирөө да чыгып калышы мүмкүн. Андан сырткары Текебаев да талапкерлигин коюп жатат, бул дагы саясатты өзгөртөт”, - деген пикирде Сариев.

Ал эми Кыргызстан-Орусия дипломатиялык алакасына туш келген мамлекеттик сапар алкагында Атамбаев баш болгон делегация Уфага, Казанга барат. Аскердик, каржы келишимдеринен сырткары дагы кызматташтык документтерге кол коюлду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар