Ташкент-Ысык-Көл аба каттамы июлдан иштей баштайт

Жаңы рейстердин алгачкысы 4-июлда Ташкенттен Тамчыга учат. Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images
Image caption Жаңы рейстердин алгачкысы 4-июлда Ташкенттен Тамчыга учат.

4-июлдан тарта Ысык-Көл-Ташкент түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учак ар шаршемби күнү жүрүп, дээрлик 180 орундуу. Аны улай эле Новосибирск- Тамчы каттамы да ишке кирип, бир топ туристтердин агымын Кыргызстанга жетелери айтылууда.

““Ысык-Көл” эл аралык аэропорту июль айынан баштап Орусиядан жана Өзбекстандан каттамдарды кабыл ала баштайт. Жаңы рейстердин алгачкысы 4-июлда Ташкенттен Тамчыга учат. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, Boeing 757-231 учагы 4-июлдан 30-августка чейин Ташкент-Тамчы багыттары боюнча, ал эми 5-июль-30-августка чейин Новосибирск-Тамчы аба каттамдары каттап, туристтик сезон бүткөнгө чейин үзгүлтүксүз иш алып барат”, - деди Би-Би-Сиге Жарандык авиация агенттигинин административдик иштер жана жүк ташуучуларды жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчиси Алымбай Абакиров.

Өзбекстан жана Орусиядан Ысык-Көлгө түз аба каттамдарынын ачылышы эң оболу Кыргызстан үчүн эң пайдалуу болуп, туристтердин агымын жылдагыдан бир топ эсеге жогорулатат деп ишенүүдө расмийлер.

Сүрөттүн автордук укугу BRENDAN SMIALOWSKI/AFP/Getty Images
Image caption Ысык-Көлгө Астанадан да аба каттамын жандатуу каралууда.

Uzbekistan airways авиакомпаниясы менен Ысык-Көлгө каттам ачуу тууралуу кыргыз өкмөтү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын быйыл апрель айында билдирген. Келишим түзүлгөндөн кийинки маалыматтарга ылайык, учак баасы 350 $дан жогору болот. Ташкент-Тамчы аба каттамы эки өлкө арасындагы алаканы бир топ жакшыртат деп үмүт артылганы менен көпчүлүк өзбек жарандарынын мындан кабары жок дешет адистер.

“Менин оюмча бул аба каттамдары абдан олжолуу болушу мүмкүн. Бирок маалыматты Өзбекстандагы калкка жакшыраак жеткириш керек. Анткени элдер бул тууралуу билбеши мүмкүн. Андан сыркары, Түркия сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу учактын билет баасы аябай эле кымбат. Туристтердин санын көбөйтүү үчүн колдон келишинче билет баасын арзан кылыш керек”, - деди 'Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси' долбоорунун туризмди өнүктүрүү боюнча менеджери Каныбек Конобаев.

Буга чейин Казакстандын Алматы шаарынан түз каттам иштеп келген. Бирок баалардын кымбат болгонуна байланыштуу кардар көп чыккан эмес. Эми болсо Астанадан да аба каттамын жандатуу каралууда.