Атамбаев чек ара маселесин чечип кетеби?

Кыргызстан төрт өлкө: Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Кыргызстан төрт өлкө: Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.

Президенттик мөөнөтү соңуна чыгып бараткан Алмазбек Атамбаев кетерге жакын кошуналар менен чек ара маселесин чечип кетүү үмүтүн билдирди. Өлкө башчысы буга чейинки президенттерди айыптап, бир катар жер тилкелери, жолдор коңшуларга жөн эле, ал тургай ратификациясыз берилип кеткенин айтты.

Атамбаев Москвадагы мигранттар менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон беш күндүк иш-сапары уланууда.

21-июнда өлкө башчысы Москвадагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушуу учурунда чек ара маселелерине да токтолду.

Атамбаев 9-июнда Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюму алкагында өзбек жана тажик президенттери менен чек ара жаатында сүйлөшкөнүн ачыктап, бул багытта жылыштар болуп жатканын белгилеген. Ал тургай өлкө башчысы кызмат мөөнөтү соңуна чыккыча чек ара жаатында келишимдерге кол коюп кеткенге үлгүрүү үмүтүн да билдирди.

“Мындай маселе иш аягына чыгып, документтерге кол коюлуп, макулдашуулар мыйзам түрүндө бекитилгенден кийин гана айтыла турган иш”,- деди география илимдеринин кандидаты, чек ара маселелери боюнча адис Саламат Аламанов.

Айтымында чек ара чечишүү абдан таалылуу маселе жана жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу алдын ала жарыялоо эл аралык тажрыйбада кубатталбайт.

Президент ошондой эле чек ара жаатындагы сүйлөшүүлөрдө талаштуу аймактардагы тилкелерди алмашуу жолу менен мунасага жетишүү жагы каралып жатканын да ачыктаган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев 21-июндагы Москвадагы кыргызстандык мигранттар менен жолугушту.

Былтыр кыргыз өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасындагы 49 талаштуу участка боюнча макулдашуулар жетишилгенин айтып, бирок алар кайсыл тилкелер ачыкталган эмес.

“Мамлекеттик чек аранын бүт узундугу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда “бир да чакырымга келишимге кол коюлду” деген документ жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп атат, сүйлөшүү эле этабы азыр”,- деген эле Би-Би-Сиге апрель айында чек ара маселелери боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков.

Чек ара келишими түбөлүктүү документ

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1 миң 378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. Соңку жылдары Тажикстан менен чек араны тактоодо жылыштар аз.

“Чечилишинин татаалдыгынын өзгөчөлүгү чек ара тууралуу келишимдердин өзгөчө статусуна байланыштуу. Чек ара тууралуу келишимдер түбөлүктүү документ болуп эсептелет, денонсацияга жатпайт. Андыктан ушул ишти аткарган адамдарда жоопкерчилик чоң болот. Чек аралар чечилип, мыйзамдык жактан бекитилип, ратификациялык грамоталар менен алмашкандан кийин келишимди кайра караганга болбойт”,- деп түшүндүрдү чек ара боюнча адис Саламат Аламанов.

Алмазбек Атамбаев мигранттар менен жолугушууда буга чейинки президенттерди айыптап, бир катар жер тилкелери, жолдор коңшуларга жөн эле, ал тургай ратификациясыз берилип кеткенин да айткан.

Сүрөттүн автордук укугу Wikipedia
Image caption Аламанов: Чек ара келишими түбөлүктүү документ

“Чек ара чечилбейт деп чуу көтөрүп жаткандар кезинде Баш прокурор, Тышкы иштер министри болуп иштеп шампан ичип, жерлерди беришкен”, - деген президент.

Айрым талдоочулар мөөнөтү бүтүп бара жаткан президенттин мындай мазмунда билдирүүлөрүн популисттик риторика катары да кабылдашууда.

Кыргызстан сырткы чек араларда төрт: Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. Мурунку президент Аскар Акаев тушунда Кытай жана Казакстан менен чек аралар такталган. Бирок Өзбекстан жана Тажикстан менен жер талаш эгемендик алганы чечилбей келет.