Текебаевдин соту: иштин маңызы карала баштады

Биринчи май райондук соту
Image caption Биринчи май райондук соту

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр жана элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда бүгүн прокурорлор айыптоо чечимин окуду. Сот жыйыны эртең менен башталаар алдында залга экс-президент Роза Отунбаева келди.

Жактоочулар ал бүткөн соң, күбөлөрдүн бири экс-президент Роза Отунбаеваны суроо өтүнүчүн келтирмек. Бирок судья жыйынды кийинки аптага калтырды.

Отунбаеванын Текебаев менен учурашуусуна тартип коргоо кызматкерлеринин тоскоолдук кылган видеосу социалдык тармактарда топ жарды.

Судья жактоочулар өтүнгөн 40тан ашык күбөнү суроого макул болду, алардын бири Роза Отунбаева эле.

Ал арада жактоочулар судья президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Текебаевди тиешелүү документтерге кол коюсуна атайын тоскоолдук кылып жатат дешти.

Image caption Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов убактылуу камоого болжолдуу үч ай мурда алынган

“Текебаевдин эки өкүлү кечээ каттоодон өткөн. Шайлоо фонду ачылган. Каржы маселесине жооптуу өкүлү Өмүрбек Чиркешовичтин колдорун койдуруп, башка документтерин жасап, шайлоо иш-аракеттерин жасаш керек. Бирок судья Айбек Эрнис уулу андай мүмкүнчүлүктү берген жок, шайлоого катышуу боюнча Текебаевдин эл аралык укуктары чектелип жатат”, - деди Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канат Азиз.

Судья документтерге колду сотто эмес, Текебаев отурган убактылуу кармоо жайында койдургула деген жооп айтты.

Соттук жыйындын түшкө чейинки бөлүгүндө жактоочулар бир нече өтүнүч келтирди.

Жактоочулар тергөө материалдарынын сегизинчи тому менен тааныш эмес экенин айтып, аны менен Чотоновдун таанышуусу үчүн убакыт сурады, судья иштин жүрүшү учурунда таанышуу шарты болот деп өтүнүчтү четке какты.

Мурунку отурумда Текебаевге таанышууга бир күн берилген. Жактоочулар материалдар жети гана том болгонун, сегизинчиси сотто пайда болуп калганын айтышууда. Бирок ишти тергеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет айыпталуучу тарап сегиз том бар экенин башынан эле билишчү деди.

Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин каттатуу аракетинде. Жактоочулары бийлик буга тоскоолдук кылып жатат дешет. Ал эми прокурорлор Текебаев сотту атайын создуктуруп жатканын айтышкан.

Кылмыш иши козголгон киши шайлоого катыша алат. Бул туралуу шайлоо мыйзамын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов түшүндүргөн:

“Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин гана талапкерди каттоодон баш тартылат. Ага чейин соттолбогон адам болуп эсептелет. Бир каттоо процессин гана карайбыз, жүйөлүү себебин көрсөтүү менен каттайбыз же каттабайбыз чечим чыгарып беребиз”.

Буга чейин Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасын кароо Жогорку Сотко чейин жетип, сот канааттандырган жок.

Иштин маңызы Биринчи май райондук сотунда. 22-июнда анын үчүнчү отуруму өттү.

Текебаев “Мегаком” компаниясы боюнча ири суммадагы пара алууга айыпталууда, партиялашы Чотонов да ушул боюнча кармалган.