Атамбаев: мигранттардын айдоочулук күбөлүк маселеси каралууда

Алмазбек Атамбаев Орусияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту
Image caption Алмазбек Атамбаев Орусияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ичинде жакынкы аралыкта таанылышы мүмкүн. Муну президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы кыргыз диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда өлкө башчысы Орусиянын жетекчилерине айдоочулук күбөлүк маселеси жөнүндө айтканын, жакынкы күндөрү бул көйгөй чечилиши мүмкүндүгүн айтты.

Бул тууралуу Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров Би-Би-Сиге билдирди:

"Айдоочулук күбөлүк маселесин чечүү боюнча президент Атамбаев орус өкмөтү менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Биз ал жыйынга катыштык. Биз дагы бул маселе кыргызстандыктар үчүн орчундуу экенин айтып, тезирээк чечилишине үмүт артып жатканыбызды билдирдик".

Image caption Атамбаев Орусияда айдоочулук күбөлүктөрдүн таанылышы боюнча маселени чечүүгө көмөктөшөм деди

Орусияда 1-июндан баштап чет элдик айдоочулук күбөлүктөргө чектөө киргизилип, мындан улам бул жактагы кыргызстандык айдоочулардын көбү жумушунан кол жууганын кейип айтышкан болчу. Эгерде аларды жумушка алуу фактысы катталса, жумуш берүүчүлөргө айыппул салуу жагы да каралган.

Москвада такси кызматында иштеген Мирлан айдоочулук күбөлүккө чектөө киргизилип баштагандан бери аны сатчулар чыгып, баасы 100 миң рублдан ашканын айтууда:

“Автобус, маршруттук таксилерде өкмөттөн айлык алып иштеген кыргызстандыктардын көбү азыр жумушунан кол жууса, такси кызматындагылар мурдагыдай эле иштеп баштады”.

Орусияда көптөгөн кыргыз мигранттары жумушсуз калды, алардын укугу корголбой жатат, деген жүйөө менен парламент депутаттары жакында эле өкмөттү сынга алган эле.

Орусия өкмөтү өз кезегинде айдоочулук күбөлүк маселеси боюнча маалыматтар 2013-жылдан тартып айтыла баштаганын, бул убакыт аралыгында айдоочулук күбөлүгүн алмаштыргандар болгонун билдирүүдө.

Кыргыз өкмөтү болсо аталган маселени чечүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады. (ErA)