Талаштуу "Ак-Кеменин" чоо-жайы

"Ак-кеме" мейманканасынын айланасындагы чыр 90-жылдарга барып такалат. Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "Ак-кеме" мейманканасынын айланасындагы чыр 90-жылдарга барып такалат.

"Ак-Кеме" мейманканасынын айрым бөлмөлөрүн ижарага алган кеңселер өз ишин улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Аталган ишкана "Ак-Кемени" 22-июнда бошотуп, өз карамагына алганы тууралуу маалымат тараткан. Ал эми мейманкананын жетекчилиги муну мамлекеттик басып алуу деп, эл аралык сотко кайрыларын айтууда.

Мейманкананы бошотуу операциясы 22-юндун таңында башталып, алгач үч-төрт сааттын ичинде анда иштеген бардык кызматкерлер сыртка чыгарылганы кабарланган. Андан көп узабай Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков "Ак-Кеме" толугу менен мамлекетке өткөнү тууралуу маалымат таратты:

"Мейманкана мамлекеттик менчик деп таанылган. Бул укук Каттоо кызматынан катталган. 2012-жылы Каржы министрлиги менен "Ак-Кеменин" ортосунда сот иштери болгон. Анда сот мейманкана 452млн.сом мамлекетке карыз деген чечим чыгарган. Соттун чечимин аткаруучулар бир нече жолу аукцион өткөргөн, андан пайда чыккан эмес. Андан соң сот аткаруучулар "Ак-Кемени" мамлекетке алуу тууралуу өкмөткө кайрылган. Анан өкмөттүн буйругу чыккан, биздин фонд ушунун негизинде мейманкана жетекчилигине бошотуп берүү тууралуу 12 жолу сунуш бердик, майнап чыкпагандыктан Мүлк фонду өз укугунун негизинде бүгүн мейманкананы өз башкаруусуна алды".

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Талаштуу “Ак-Кеменин” чоо-жайы

Мүлк фондунун бул аракетин "Ак-Кеме" жетекчилиги "рейдерлик басып алуу" деп атап, эл аралык сотко кайрыларын кабарлады.

"Саат таңкы беште Мүлк фонду күтүлбөгөн жерден "Ак-Кемени" ээлеп алды. Чынын айтканда, акыркы Жогорку Соттун чечими: Каржы министрлигине 452млн.сом, акционерлерге 407млн. сом деп бөлүштүрүлгөн. Буга "Ак-Кеме" жетекчилиги макул болуп, мамлекет менен чогуу ишкана түзүү сунушун айткан. Ошонун ортосунда эле Мүлк фонду келип басып алды. Туура эмес иш болду", - деди Би-Би-Сиге мейманкана жетекчисинин жакын өнөктөшү, экономист Жумакадыр Акенеев.

"Ак-кеме" мейманканасынын айланасындагы чыр 90-жылдарга барып такалат. Ал учурда Түркия Кыргызстанга 49 миллион доллар насыя берип, анын бештен бири "Ак-Кемени" курууга жумшалып, процессти "Систем Мүхендислик" ишке ашырган. Кыргыз тараптан жеке бизнесмен Сарымсаков кошулган. Бир нече убактан кийин эки тараптан келишпестик жаралып, мейманкананы түрк компаниясы иштете баштайт.

2005-жылкы ыңкылаптан кийин соттун чечими менен "Ак-кеме" кыргыз тарапка берилет. Муну компания басып алуу деп айтып, эл аралык сотко кайрылып жүрүп, 2009-жылы утуп алган.

2012-жылы болсо акчаны төлөтүү үчүн кыргыз өкмөтүнө доо коюп, Париждеги инвестициялык талаштарды жөнгө салуу борборуна кайрылган. Анын чечими менен Кыргызстандын "Центеррадагы" акциялары камалган. Мындан көп узабай кыргыз тарап түрк компаниясынын үстүнөн сотко кайрылган.

Бул сот процесстерине көз салып келаткан мурдагы ЖК депутаты Өмүрбек Абдрахманов окуяны мындайча түшүндүрүүдө:

"Бул иштер абдан көп жылга созулду. 90-жылдары Түркия берген акчанын үстөгү чынында көп болчу. Мен депутат кезимде да бул маселени бир топ жолу караганбыз. Анкени ишти баштаган түрк каза болуп, анын балдары эл аралык сотко берип, кыргыз тараптан акча доолаган. Жетекчиси карыздарын төлөбөй жүрүп мамлекеттик карыздары өсүп кеткен. Ошону өндүрүү үчүн Мүлк фонду ушундай кадамга барса керек. Демек бул жерде бир тыянакка келиш керек, эч качан бизнесмен менен мамлекет бирге иш кылбаш керек. Ошон үчүн Сарымсаков атка мингенде эле кыйшык отурган деп айтылат".

Аптанын башында Канаданын Жогорку Соту түркиялык "Систем Мүхендислик" жана "Энтес" компанияларынын "Центерра Голддогу" Кыргызстандын акцияларын алып берүү талабы боюнча апелляциялык доо арызын канааттандырбай, Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган болчу. Бул кабардан кийин Мүлк фонду дароо эле Ак-Кемени өз карамагына алды дешет байкоочулар.