И. Исаков: Орусия карызды кечтик деп, аскер сурабайт

И. Исаков: Албетте, армиябыз турган соң чыкпай койбойт. Бизде да ыкчам даярдыкта турган күчтөрүбүз бар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption И. Исаков: Албетте, армиябыз турган соң чыкпай койбойт. Бизде да ыкчам даярдыкта турган күчтөрүбүз бар

Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстан, Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Шамановго шилтеме берип таратылган кабар кызуу талкууга жем таштады. Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри генерал Исмаил Исаков бул боюнча Би-Би-Сиге маек курду.

И. Исаков: Эл аралык деңгээлде өкмөт башчылары, президенттер жолукканда коопсуздук, тынчтыкты сактоо боюнча сөз болгондо бул тема козголушу мүмкүн. Ошондон улам бул туура эмес деп айтуу да туура болбойт. Себеп дегенде ал жерде талылуу бардык маселелер талкууланат. Ал эми Кыргызстандын жоокерлери Сирияга барат дегендин артында өтө көп ички процедураларды ишке ашыруу керек. Бүгүнкү күндө биздин жоокерлерди ал жакка жиберүүгө Баш мыйзам, башка мыйзамдар да жол бербейт. Эгер мындай демилге ишке ашып кала турган болсо, Кыргызстандын келечегине абдан оор таасири тийип калышы ыктымал.

Image caption Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри генерал Исмаил Исаков

Би-Би-Си: Бул бир эле буйрук менен аткарылып кетпей турган иш экенин айттыңыз. Түшүнүктүү болушу үчүн мыйзам тарабын айтып берсеңиз. Эмнеден башталып, кандай этаптардан өтөт?

И. Исаков: Биринчиден, бизде Сирия менен эл аралык келишим жок. Ал үчүн ал буга чейин түзүлүп иштеп келсе бир жөн эле. Эгер ушундай кылабыз деп Сириянын азыркы жетекчиси менен жаңы келишим түзүп макулдаша турган болсо, ал Жогорку Кеңештен өтүп мыйзам күчүнө кирсе, ошонун негизинде жөнөтүүгө мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи деп дагы экинчи мыйзамды талап кылат. Ага кайрадан кеминде 80 депуттаттын макулдугу керек. Эгер ошол талаптын баары аткарылса анда жөнөтүүгө болот. Бирок бул тиешелүү убакытты талап кылат. Элдин ой-пикири эске алынат. Ошонун баарын эске алганда, бул суу кечпеген эле сөз болуп калат.

Президент өзү эле чече албайт. Эл аралык маселелер, карама-каршылыктар, динди карманган адамдардын өзгөчөлүктөрү бар. Жыйынтыктап айтканда, өлкө жетекчилери үчүн бул өтө туура эмес кадам болуп калат. Муну аткаруу да бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Себеби июль айында парламент тыныгууга кетет. Андай болгон соң мыйзам долбоору келип түшкөн күндө да ал сентябрда гана каралат. Бул ишке ашпаган нерсе.

Би-Би-Си: Эгер ошол сиз айткан талаптар аткарылса, Кыргызстанда ошондой операцияларга, тынчтыкты камсыз кылууга жөнөтө турган атайын даярдыктагы аскерлери барбы?

И. Исаков: Албетте, армиябыз турган соң чыкпай койбойт. Бизде да ыкчам даярдыкта турган күчтөрүбүз бар.

Би-Би-Си:Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында буга чейин ушундай практика болгонбу?

И. Исаков: Ооба болгон. Буга чейин 1993-1996-жылдары коңшулаш Тажикстандын чек арсынын 100 чакырым аралыгын биздин аскерлер кайтарып турган. Бул ЖККУнун негизинде болгон иш. Ал эми Сирия бул таптакыр башка да. Себеп дегенде ал жерде адамдардын тагдыры, келечеги, өмүрү сыяктуу өтө олуттуу маселелер турат.

Би-Би-Си:Коомчулук бул кабарды Орусия Кыргызстандын 240 млн. доллар карызын кечкени менен байланыштырып жатат. Мындай жоромолдоого негиз барбы?

И. Исаков:Жок. Ага эч кандай негиз жок. Орусия буга муктаж эмес экени да жакшы түшүнүктүү. Жөн эле муну карызды кечти деп байланыштыра бергенге болбойт. Орусия да карызыңарды кечтик деп мындай талап койбойт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар